Маданият, шоу-бизнес өкүлдөрүнө “Эгер сизге атактуу тарыхый инсандардын бири менен чайлашууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, кимди тандайт элеңиз?”, “Майрам ойлоп табыңыз десе, кандай майрам табат элеңиз?” деген “обу жок” суроолорду узаттык. Бул суроолорго ким кандай жооп бергени кызык болсо, төмөнгө көз жүгүртүңүз.
Мээрим Касаболотова, актриса: “Курманжан даткадан акылмандык сырларын сурамакмын”
– Андай мүмкүнчүлүк түзүлүп калса, анда Алай ханышасы Курманжан датка, поп музыканын падышасы Майкл Жексон, анан Египет ханышасы Клеопатра менен чайлашмакмын. Өз үй-бүлөсүн гана эмес, бүтүндөй бир өрөөндү башкарууга күчү да, акылы да жеткен Курманжан даткадан акылмандыктын, ал эми Майкл Жексондон харизмалуулуктун жана бүт аудиторияны багынтып алуунун, Клеопатрадан болсо сулуулук сырларын сурамакмын.
Ал эми экинчи сурооңуз боюнча, кымыз, боорсок майрамы дегендерди ойлоп таап, аларды өткөрүү жоболорун иштеп чыкмакмын. Анткени патриотмун. Майрамда баарынын улуттук кийимчен келишин, мекенибизди, ынтымакты даңктаган ырларды ырдоо, "Манас" айтуу, кымыз ичүү, боорсок бышыруу дегендей талаптарды коймокмун.
Солтобай Кулбаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Жарашуу күнү” майрамын түзмөкмүн”
– Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен чогуу отуруп чай ичмекмин. Анын чыгармалары мазмуну, психологиялык тереңдиги жана философиялык маселелери жагынан татаал жана көп кырдуу. Анын эмгектери жөн гана окуяны баяндабастан, окурманды ойлонууга, адамдын ички дүйнөсүн, адеп-ахлак маселелерин жана коомдогу ордун талдоого мажбурлайт. Андан жазуу касиеттерин, талантынын сырын сурамакмын. Каармандарынын прототиптери тууралуу да билгим келмек.
Майрам ойлоп тап дешсе, “Жарашуу күнү” майрамын түзмөкмүн. Анткени жаштар арасында ажырашуулар, адамдар ортосунда таарынышуулар көп. Майрам эбепке-себеп болуп ажырашкандар табышып, таарынышкандар кечиришип камыр-жумур болуп калышса жакшы эмеспи. Мүмкүн, ошол күнү согушуп жаткан өлкөлөрдүн башчылары согушту токтотуу боюнча келишимдерди түзүп калышса, дүйнө элине да жакшы болмок.
Канат Мадымаев, куудул: “Сулайман султандан империяны кантип башкарганын сурамакмын”
– Куудул катары Чарли Чаплин, Шаршен Термечиков сыяктуу аталар менен чайлашып, куудулдуктун, ички дараметти ачуу, сатира менен элди таасирлентүүнүн сырларын сурамакмын. Сулайман султан менен жолугуп, империяны башкаруу сырларын, тарыхты, башкача айтканда, түрк дүйнөсү, түрк жана кыргыз улутунун тамырлары, жакындыктары тууралуу сурап көрмөкмүн.
Майрамдан “Аталар күнүн” сунуштамакмын. Ал күндү үй-бүлө чогуу тосуп, балдар аталарын, чоң аталарын, үй-бүлөлүү агаларын куттукташмак, майрамдык тамак-аштарды даярдашмак. Аталар балдары менен эс алууга, балык уулоого чыгышса болот. Үй-бүлөнү бекемдөө жаатында уюштурулган жолугушуу, көргөзмө, оюндар өткөрүлмөк, кинолор көрсөтүлмөк. Болбосо апалар күнү, аялдар күнү майрамдары бар да, аталар майрамы жок. 23-февраль – Мекенди коргоо күнү, аны эркектер майрамы деп майрамдап жүрөбүз.
Венера Назаралиева, ырчы: “Улуттук мурастар күнүн” уюштурмакмын”
– Осмон империясын 46 жыл башкарып, империяны аскердик, экономикалык жана маданий жактан туу чокуга жеткирген Сулайман султан менен чай ичип, баарлашмакмын. Андан “мансап, бийлик үчүн династиядагылар бири-бирин өлтүрбөй, башка жолдор менен бийликке келишсе болбойт беле?”, “Мустафа өлбөй тирүү калса болбойт беле?” деп сурамакмын. Империяны өнүктүрүүнүн сырларын, жолдорун сурап, айткандарын жазып чыкмакмын. Мүмкүн, андан биздин өлкө үчүн да керектүүлөр болуп калмак.
“Улуттук мурастар күнү” деген майрамды ойлоп тапмакмын. Улуттук мурас улутубуздун кылымдар бою топтоп, муундан-муунга өтүп келген руханий, материалдык байлыктардын топтому да. Майрам менен улуттук баалуулуктарды урматтоого жана сүйүүгө дагы да чакырууга болмок. Майрамда боз үйлөр тигилип, каада-салттар көрсөтүлүп, эпосторубуз айтылып, комузда күүлөр чертилмек. Бул күнү тарыхый жайларга барууну да уюштурмакмын.
Улан Султангазиев, актёр: “Айтматов менен Чокморовдун акыл-насаатын укмакмын”
– Чайлашуу үчүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду тандамакмын. Анткени анын чыгармаларында адамдык баалуулуктар, тарбия жана жашоонун мааниси терең берилет. Мен атабыздан “Азыркы жаштарга эң маанилүү кеңешиңиз кандай болмок?” деп сурайт элем. Ошондой эле чыгармачылык менен адамдык сапатты кантип айкалыштырганын билгим келмек.
Анан кыргыз маданиятына из калтырган инсан Сүймөнкул Чокморовду тандайт элем. Андан сүрөт искусствосунда, кинодо адамдын ички дүйнөсүн кантип чагылдыруу керектиги тууралуу сурамакмын. Экөөнүн акыл-насаатын угуу мен үчүн чоң жеңиш болмок.
Ал эми майрам катары “Кечиришүүлөр күнү” майрамын сунуштамакмын. Бул күнү адамдар бири-биринен кечирим сурап, таарынычтарды унутуп, жакшы тилектерди айтышмак. Жакындары менен жолугуп, белек берип, дасторкон жайып өткөрүшмөк. Анткени ынтымак менен кечирим – адамды бактылуу кылган эң чоң нерселердин бири.
Дилбар Райымбекова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Гаджетсиз бир күн” майрамын уюштурмакмын”
– Дүйнөдө жана Кыргызстанда тарыхта калган, көзү өткөн инсандар көп. Алар менен жолугуу мүмкүн эмес, мүмкүн болгон күндө да эч кимиси менен сүйлөшпөйт элем. Андан көрө алардын чыгармаларын, тарткан кинолорун, ойлоп табууларын жана башкаларын окуп, билип, акыл-эс кампасын кеңейтип, жан дүйнөнү азыктандырып, керектүүлөрүн өзүңө сиңирип алуу кажет.
Жаңы майрам сунушта дешсе, “Гаджетсиз бир күн” майрамын сунуштайт элем. Смартфондон, социалдык тармактарга кирүүдөн бир күн болсо да баш тартып, эл эс алуу менен катар бири-бири менен жандуу байланышып, сүйлөшүп, өзүнө жана жакындарына көңүл бурушат эле. Мээ эс алып, чыңалуулар жазылмак. Мисалы, ал күнү гаджетсиз жаратылыш коюнуна, сейилдөөгө чыгууга, спорт менен алектенүүгө, китеп окууга болот.
Канымжан Усупбекова