Үстүбүздөгү жылдын эсебинен экранга чыккан анимациялык тасмалардын арасында “эң кассалуу” деген тизмекти америкалыктардын “Секиргичтер” мультфильми ээлеп турат. Жаш балдарга каармандары менен кызыктуу, чоңдорду экосистем тууралуу ойго салган мультфильм тууралуу маалымат топтодук, көз жүгүртүп коюңуз.
Тарткан өлкө: АКШ
Чыккан жылы: 2026-жыл, 6-март
Тарткан компания: Pixar Animation Studios
Тараткан компания: Walt Disney Pictures
Жанры: илимий-фантастикалык комедия
Режиссёру жана сценаристи: Дэниэл Чонг
Узактыгы: 105 мүнөт
Бюджети: 150 миллион доллар
Топтогон каражаты: 370 миллион доллар
Walt Disney Pictures’тин буюртмасы
Режиссёр Дэниел Чонг Pixar студиясынын сунушу менен бул анимациялык тасманын үстүнөн 2020-жылы эле иштеп баштаган. 2024-жылы тасманын аталышы “Секиргичтер” (“Прыгуны”) болору жана анда башкы каармандардын үнүн Пайпер Курда, Бобби Мойнахан, Жон Хэмм коштоору маалымдалган. Бул тасманы Pixar студиясына Walt Disney Pictures буюртма кылган.
Адамдын акыл-эси жаныбарда...
Бобротаун деген шаардын четинде, жапайы жандыктарга толгон токойдун жанындагы үйдө Мэйбл Танака аттуу кыз чоң энеси менен чогуу жашайт. Чоң энеси экөө токойдогу жаныбарларга, алардын арасында кундуздарга өзгөчө камкордук көрүп келишкен. Чоң энеси каза болгондон кийин да Мэйбл экоактивист катары кундуздарга кам көрүүнү улантат. Бирок Бобротаундун мэри Жерри Женераццо жаңы автострада куруларын айтат, ал үчүн токой кыйылып, башка жаныбарлар менен кошо кундуздар жашаган жер да талкаланат экен. Мэйбл токойду сактап калуу максатында автострадага каршы үндөөнү баштайт, бирок жыйынтык чыкпайт. Экосистемди сактоого көп убакыт коротуу керектигин билип, кыз университеттеги окуусун да таштоону чечет. Бирок мугалими Сэм Ферфакс бул ойго каршы чыгат. Мэйбл мугалимдер жапайы жаратылышты изилдөө максатында жашыруун “Секиргичтер” деген технологияны иштеп чыкканын билип калат. Ал технология адамдын акыл-эсин робот-жаныбардын денесине салып, робот башка жаныбарларга аралашып, алардын тилинде сүйлөшүп, изилдегенге мүмкүнчүлүк жаратат. Мэйбл акыл-эсин робот-кундуздун денесине жайгаштырып, лабораториядан качып, токойдогу кундуздарга барып кошулат. Кундуздар анын робот экенин билбей, “өз” катары кабыл алышат. Мына ушундан баштап эми жаныбарлар менен бирге токойду сактап калуу үчүн кызыктуу окуялар башталат... Мультиктин кыскача сюжети ушундай, окурман.
Эргүү
Режиссёр Чонг дал ушундай тематикадагы мультфильмди тартуу эргүүсү роботтоштурулган технологиянын жардамы менен жаратылышты, жапайы жаныбарларды изилдөө тууралуу документалдык фильмдерди көргөндөн кийин келгенин айтат. “Мага бул идея адамдардын өзүнө белгисиз жаныбарлардын дүйнөсүн таануу аракети катары сезилди. Бул аракеттин арасында толтура комедиялык учурлар катталат эмеспи. Мультфильмди көргөндөр “Аватарга” окшоштуруусу мүмкүн. Ал жакта да адам Пандора планетасын билүүгө аракет кылат го. Ошол эле учурда “Аткарылбас тапшырма” тасмасына да окшоштуктар бар, Мэйбл шпион катары жаныбарларга кошулуп жатпайбы”,- дейт.
“Пингвиндер жетиштүү...”
Чонг алгач Pixar’дын жетекчилигине мультфильмдин идеясын сунуштаганда башкы каармандар пингвиндер эле. Жетекчилик “дүйнөгө пингвиндер тууралуу дагы бир анимациялык тасманын кереги жок го. Ансыз да алар тууралуу көп тасма бар” деген. Режиссёр ойлонуп көрүп, кундуздардын жаратылыштагы ордун, таасирин, баасын билгенден кийин фокусту дал ушул жаныбарларга бурган. “Кундуздар – башка жаныбарлардын жашоосуна чоң таасир берген экосистемдин инженерлери экен. Муну билгенден кийин “кундуздар – силер мыктысыңар!” дегим келди” дейт режиссёр.
Секирик
“Секиргичтер” мультфильми көптөн бери ийгиликтүү долбоор жарата элек Pixar үчүн да (акыркы ийгиликтүүсү 2017-жылы чыккан “Коконун сыры” мультфильми болчу), аты чоң дүйнөгө тааныла элек режиссёр Дэниел Чонг (буга чейин “Аюу тууралуу бүт чындык” мультсериалын тарткан) үчүн да секирик болгону талашсыз. Мультфильм кино сынчылардын дээрлик 92 пайыз оң баасына арзыган. Прокатта да улуу-кичүү муундагы көрүүчүлөрдүн жогорку баасына арзып, 2026-жылдагы эң көп акча топтогон мультфильмдердин лидери аталды. Мультфильмди тартууга 150 миллион доллар каражат кетип, прокаттан кайра 370 миллион доллар чогултуп алган.
Оригиналдуу шедевр эмес!
Ооба, бул эмгекке мактоо эле эмес, сын айткандар бар. “Секиргичтерде” жаңы эч нерсе жок. Тескерисинче, мурда жаралган мультфильмдерден чогулган идеяны жаңыртып чыгарып койгондой. Болгону каармандар жаңы. Баягы эле токой, жаратылыш, анан алардын тынч жашоосун бузган каардуу адамдар. Алардан коргогон жана коргонгондор...” деп мультфильмдин оригиналдуу эместигине төмөн баа бергендер да бар. Бирок дагы бир жолу дүйнөгө, адамдарга жаратылышты коргоо керек деген ойду жеткирүү, анан да үй-бүлө менен биргеликте отуруп көрчү тарбиялык мааниси бар тасманын жаралышы ашыкча эместир.
Асыл Орозбекова