Биз социалдык тармакта

КЕНЕДЕН ИНФЕКЦИЯЛЫК ООРУЛАР ЖУГУШУ МҮМКҮН

Аба ырайынын жылышы менен тоого, токойго, дегеле жаратылышка чыгып эс алгысы келгендердин саны көбөйөт. Бирок ошол эс алууну жагымсыз, кээде коркунучтуу жагдайга айланткан нерсе бар – кене деген. Апрелдин аягынан активдешип, июндун аягында басаңдайт да, кайра август, сентябрда өз “ишмердүүлүгүн” күчөтөт бул жандыктар. Кене чаккандан кандай кесепеттер болушу мүмкүн жана биринчи жардам тууралуу кулагыңызга күмүш сырга болсун бул макала. 

 

Паук түркүмүнө кирет

Кене – паук түркүмүндөгү, 54 миңден ашык түрү бар жандык. Зоологиядагы кенелерди изилдеген бөлүм акарология деп аталат. Кенелерди дээрлик бардык жерден кезиктирсе болот. Кээ бир түрү өсүмдүктөрдүн тамырына жакын, топуракта жашайт. Кээ бирлери жаныбарлардын терисине кирип, алардын каны менен тамактанат, айрымдары өсүмдүктүн жалбырагынын астына жашынып, тирүү жандыктарга жармашып күн өткөрүшөт, айрым түрлөрү үйдөгү жумшак эмеректерде да болот. Кенелердин көп түрү адамдын жашоосуна зыянын тийгизбейт, бирок коркунучтуу инфекциялык оору жугузган түрлөрү да бар.

 

Кыргызстанда кенелер быйыл эрте активдешти

Кыргызстанда кенелер быйыл эрте активдешти. Бул маалыматты март айынын аягында Ооруларды алдын алуу жана госсанэпиднадзор департаменти билдирди. Март айынын эсебинен эле 17 бейтап кене чагып алды деп ооруканага кайрылган. Учурда кенелердин активдүүлүгү күч алып турган маал, андыктан бардык жарандарды сак болууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырабыз.

 

Өтө ысыктан коркот

Күн жылыганда активдешкени менен, түз тийген күн нурунан жана өтө ысыктан коркот. Жакшы көргөн жери – токойлуу, көлөкөлүү, нымдуу жайлар, узун жалбырактуу өсүмдүктөр, көк шиберлер.

 

Чакканы билинбейт

Кененин узундугу 4 миллиметрден ашпайт, 8 буттуу, мүйүз сымал тумшугу менен адамды чагат. Шилекейи ооруну басуучу эффектке ээ болгондуктан, анын чакканын адам сезбей калат. Натыйжада ал адамдын денесиндеги өзүнө ыңгайлуу жерге жайгашып, кан соро баштайт. Адам байкабаса 4-5 күн бою анын канын соруп жүрө берет. Канча көп кан ичкенине жараша көлөмү да чоңоёт 10 миллиметрге чейин. Көбүнчө кулактын арты, курсак, бел, манжалардын ортосу, алаа, колтук, моюн жана баш терисине жабышуусу мүмкүн. Шилекей аркылуу вирус, бактерияларды жугузат.

 

Кандай ооруларды жугузат?

Бардык эле кенелер оору жугуза бербейт. Негизи кене аркылуу адамга болжолдуу 20дай оору жугушу мүмкүн, алардын айрымдары оор кесепеттерге алып келет. Кайсы оорулар:

1. Лайм оорусу же кене боррелиозу – бул оорунун белгилери кене чаккандан 2 аптадан кийин (кээде 2-30 күн аралыгында) билине баштайт. Чаккан жер ортосу ак, тегереги кызыл такка айланат. Убакыттын өтүшү менен бул так чоңоюп, дененин башка жерлерине да чыга баштайт. Адам алсыз болуп, башы, булчуңдары, бүт денеси ооруйт, дене табы көтөрүлөт.

2. Иксод кене боррелиозу – бул ооруда кене чаккан жерде кызаруу байкалбайт. Эң негизги белгиси адамдын дене табы 38-39 градуска чейин көтөрүлөт, чыйрыгат, башы, муун, булчуңдары ооруйт. Жакшы болгондон 1 аптадан соң кайра оору белгилери кайталанышы мүмкүн. Убагында антибиотиктер менен дарыланбаса оору өөрчүп отуруп пневмонияга айланып же жүрөктү, баш мээни, бөйрөктү жабыркатат.

3. Вирустуу кене энцефалити – бул ооруда адамдын нерв системи жабыркайт. Оору белгилери кене чаккандан 2 аптадан же 1 айдан кийин деле пайда болушу мүмкүн. Адамдын дене табы тез аралыкта 38-40 градуска көтөрүлөт, баш оору, моюн, бел оорулары, көз оорусу да байкалуусу мүмкүн. Оору өтүшүп кетсе паралич, калтырап-титирөө, комага жеткирүүсү ыктымал.

4. Гранулоцитардык анаплазмоз – кан клеткалары – нейтрофилдерди жабыркатат да бүт организмдин алсыроосуна алып келет. Оору күчөгөндө боорду жабыркатып, гепатитке чейин жеткирет.

5. Моноцитардык эрлихиоз – бул ооруда көптөгөн органдар жабыркайт: боор, көк боор, лимфа түйүндөрү жана башкалар.

6. Риккетсиоз – башкалардан айырмасы кене чаккан жер кызарбайт, тескерисинче, карарат. Калган оору белгилери башкалардай эле дене таптын көтөрүлүүсү, баш оору, булчуң, муун оору, алсыроо жана башкалар менен коштолот.

Кене чаккандагы белгилер

Эске салабыз, кене чагуу ыктымалдуулугу эң жогору мезгил – май-июнь айлары. Эгер кене зыянсыз, эч кандай ооруну алып жүрүүчү болбосо, эч нерсе болбойт. Аллергиясы барларда төмөнкүдөй белгилер байкалышы ыктымал:

  • Көз жаш агып, чүчкүрүү пайда болот, мурун бүтөт
  • Булчуң, муундар ооруксунат
  • Баш ооруйт, алсырайт
  • Жүрөк айланып, тамакка табит жоголуусу мүмкүн
  • Дем жетпейт
  • Чаккан жер кызарып, дөмпөйүп шишип калат

 

Кене чакканда эмне кылуу керек?

Кенени өз алдынча чыгаруу жана ооруканага кайрылуу тандоосу бар.

 

Өзүм чыгарам десеңиз:

 Колуңузга медициналык кол кап, ал жок болсо целлофан баштык кийиңиз. Бул кенени басып алсаңыз, андагы былжырак териге жабышып, жаракат албоо үчүн керек. Бат алып салганга шашпаңыз.

 Өсүмдүк майы же башка суюктук куюунун кереги жок, кене тереңдеп кирип кетет.

 Учтуу пинцент керек. Аны тик кармоо зарыл, кыйшайтып, ары-бери тарткылабайбыз. Пинцетти болушунча териге, кененин тумшугуна жакын алып келебиз да, тик кармаган боюнча тартып алабыз.

 Жип. Жипти кененин курсагынан эмес, териге жакын тумшук жагынан ороңуз. Анан саат жебесине карай айлантып бурап отуруп чыгарып алса болот.

 Кенени чыгаргандан кийин жабыркаган терини йод, спирт менен тазалоо керек. Андан кийин чыгарылган кенени бир идишке салып алып ооруканага жөнөңүз (кенени ыргытып жибербеңиз).

 

Ооруканадан чыгаруу:

 Убакыт көп кеткени болбосо, ооруканада кене профессионалдык жол менен коопсуз алынат.

 Кене чаккандан кийин 72 саат аралыгында ооруканага кайрылуу зарыл. Кене текшерилип, оору, инфекция алып жүрүүчүбү, жокпу билинет.

 Дарыгер бейтапты текшерип, андан кийин да бир канча убакыт көзөмөлгө алып, керек болсо атайын дары-дармектер берилет.

 

Алдын алуу

Күндүн нуру түз тийген, чөбү чабылган же жапыз жерлерге отуруңуз. Ачык түстөгү денени жапкан кийим кийип, шымдын багалегин байпактын ичине киргизип жүрүңүз. Рубашканы да шымдап алуу туура. Бат-баттан денеге кароо жүргүзүп, эч нерсе жабышып калбаганын караңыз. Жаныңызга сөзсүз антипсептик ала жүрүү керек.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1222, 22-28-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан