Эне, эже, карындаш, жубай же жөн гана тааныш – ар бир мырзанын жашоосунда өзгөчө орду бар айымдар кездешет. Бул жолу белгилүү ырчы Дайыр Исмадияров менен анын жашоосундагы аялзат тууралуу сүйлөштүк. Жакын адамдары, жүрөктө калган так, эркек катары өкүнүчү жана башкалар тууралуу айтып берди.
“Апам мени өзгөчө жакшы көрөт”
– Албетте, жашоомдогу эң маанилүү адам – апам. Эненин баласына болгон сүйүүсүнө эч нерсе жетпейт эмеспи. Апам бизге жакшы тарбия берип, жакшы жашоо тартуулады. Апам дүкөнчү эле, эсимде, кичинемде ар күнү үйгө эки баштык азык-түлүк көтөрүп келчү. Ал кез азык-түлүк өлкө боюнча тартыш заман эле. Бизди жакшы бакты, эч нерседен кем кылган жок. Бардык эне баласын жакшы көрөт, бирок апам бизди башкача жакшы көрөт, өзгөчө мени. Баса белгилеп кетейин ушуну (күлүп). Берки балдарынын көзүнчө деле “мен сен үчүн жашап жүрбөймүнбү” деп калат.
Апамдын эки кыз, эки уулу барбыз, бири-бирибизге абдан күйүмдүү кылып тарбиялады. Ким кыйналып жатса, кимдин иши жүрүшпөй жатса, апам ошол тарап болуп турат. Аябай берекелүү айым, таң калганым – эч жерде иштебейт, бирок дайым акчасы бар. Кээде мен айылга барганда туугандарга бир нерсе бериш керек болуп калат. Ырым-жырымды көп билбейм да, андайда колума акчасын карматып, “ме, буга берип кой” деп турат. Ар бир инсандын жашоосунда оош-кыйыш болот эмеспи. Кандай учур болсо да мени колдоп келген үч аялзат бар. Алар апам жана эки эжем. Мен ушул үч адамга аябай ишенем. Агам дагы бар бул тизмеде, бирок бүгүн аялзат тууралуу кеп кылып жатканыбыз үчүн аны айткан жокмун.
“Эжелеримдин жүрөгүн оорутуп албайын деп турам”
– Апамдан кийинки эле тирегим – эжелерим. Кээде алар балдарынан да мени жакшы көргөндөй сезилип кетет. Мен тууралуу бирөө жагымсыз кеп айтса, барып “талкалап” кетишкенден кайра тартпайт. Колумдан келишинче мен да алардын кызматын кылып келе жатам. Улуу эжем менен ортобузда он жаш айырма бар, ал менин экинчи апам десем да болот. Эки эжеме тең ишенем, бирок көбүрөөк чоңуна, Гүлжамал эжеме таянам. Анткени экинчи эжем агама жакын, экөө өзүнчө сырдашат, биз өзүбүзчө (күлүп). Чоң эжем менен көп бирге жашаган жокпуз, мен чоңойгончо ал үйдөн кеткен да. Бирок эмнегедир бири-бирибизди көз караштан түшүнүп турабыз. Абдан мээримдүү адам, бирок талапты да коё билген жагы бар. Кээде мени “тарбиялап” койчу, үйдү айланта кууп сабаганы эсимде (күлүп). Абдан эрке элем, жинине тийсем керек да. Азыр үй-бүлөдө эң боорукерибиз ошол, бизди туура жолго салып, акылын айтып турат.
Кичүү эжем Айжамал болсо баарын анализдеп, тең салмакта кармап турганы ошол. Гүлжамал эжем “койчу, ошого теңелбечи” деп басып кетсе, ал “эмнеге, андай эмес, мындай” деп өзүнүкүн бербей тура берет. Айжамал эжем экөөбүздүн ортобузда көп жыл мурун бир окуя болгон. Ортодо мамилебизге кийлигишкен адамдардын айынан таарынышып кеттик, бир жыл бою сүйлөшпөй жүрдүк. Мен да көк беттендим. Анан мен ооруканага жатып калбаймынбы, болбогон эле бир кичинекей оору менен. Палатада жатсам, байкуш эжем кирип келди. Эстесем, азыр да ыйлагым келип кетет. Кучакташып алып экөөбүз бир топко үн-сөз жок ыйлаганыбыз эсимде. “Кандайсың?” деп да сураган жок. Аябай сагынышсак керек, жөн эле кучакташып алып ыйлай бердик. Эки эжемден тең турмуштук сабак алам. Турмушта олуттуу ката кетирип коё турган учурлар болот, бирок карманам. Анткени жашоомдогу ушул маанилүү айымдардын жүрөгүн оорутуп алгым келбейт.
“Жеңем курсагымды тойгузуп эле жүрөт”
– Жеңем сонун адам. Биздин үйгө келин болуп келгенден бери эң жакын адамыма айланган. Азыр апамды көңүлүн карап жакшы карайт. Айылга барганымдан кеткиче мен жакшы көргөн тамактарды жасайт. “Бала, келе жатасызбы?” деп тамагын жасап, сыйлап турат. Бул албетте, агамды да сыйлаганы. Жамандык-жакшылыкта сыртта жалгыз турганымды көрүп калса “тамак ичип алыңыз” деп бир жерге отургузуп, курсагымды кампайтып тойгузуп турат. Ушундай камкор жеңем бар.
“Балдарымдын апасы кыйын аял”
– Ал киши менин бир кездеги тандоом болгон. Балдарымдын мыкты апасы, абдан кыйын айым. Аял катары сонун аял, төрт тарабы келишкен, бир кемчилиги жок. Балдарды кароодо, тарбия берүүдө, үй иштеринде эң кыйын. Болгону биздин жылдызыбыз келишпей калды.
КЫСКА-НУСКА
– Аялдын күчү эмнеде деп ойлойсуз?
– Аялдын күчү тарбиясында. Кичинесинен ата-энеси “сен ханышасың” деп чоңойткон кыз баары бир ийгиликке жетет. Ишеним жана сүйүү аларды күчтүү кылат. Эгерде кийин кыздуу болсом, “сен ханышасың” деп чоңойтом.
– Аял менен эркектин ортосунда достук болобу?
– Менин жашоомдо айымдар менен дос тургай, бир тууган болуп кеткен учурлар көбүрөөк. Жаңыдан ырдап чыгып баштаганымда Гүлнара деген менеджер кыз бар эле, азыр бир туугандай мамиледебиз. Барды-жокту чогуу көрдүк, дагы деле жакшы мамилебиз уланууда.
– Атайын бир айымга арнап чыгарган ырыңыз барбы?
– Ырларым, адатта, эч кимге арналган эмес. Болгону “Кош бол, сүйгөнүм” деген ырымды гана балдарымдын апасына арнап жазгам.
– Сизди өзгөрткөн аялзаты болдубу?
– Мени эч ким өзгөртө элек болсо керек (ойлонуп). “Башыңа укмуш сүйүү келсе өзгөрөсүң” дешет. Демек, мага чыныгы сүйүү келе элек окшойт.
– Аял күчтүү болушу керекпи же алсыздыгы нормалдуу көрүнүшпү?
– Аял үйдө, жолдошунун жанында назик, балдарынын жанында мээримдүү болушу керек. Бирок жеке өнүгүүсү зарыл, анткени технология, акыл, аң-сезим тездик менен өсүп жаткан доордо жашап жатабыз. Замандын тилин билүүсү керек. “Аялымды иштетпейм” дегендерди көп түшүнбөйм, эрте эле айнып калат аялың анда (күлүп). Иштеген аял менен үйдө отурган аялдын ааламды көрүүсү башка, дүйнө таанымы башка.
– “Баары өттү-кетти, бирок аны унута албадым” деген аялзаты болдубу жашооңузда?
– Болду. Студент кез эле, жашоомдун катасы ушул деп билем. Аны жактырчумун, бирок болбогур бир ойлордун айынан баш тартып кеттим. Ошого эле үйлөнө берсем болмок экен деп калам азыр. Ал мурда турмушка чыккан экен, ала качып кетиптир, бирок көп жашабай эле ажырашып кетишкен экен. Азыркы акылым ошондо болгондо намыстанбай эле ала бермек экенмин. Мүнөзүбүз, дүйнө таанымыбыз, көз карашыбыз ушунчалык бири-бирибиздикине төп келчү. Эки жыл мамиледе жүрдүк, бирок айрылыштык. Азыр андан кабарым жок. “Унута албадым” дечү аялзаты ушул болуш керек менде...
– Аялдарды канчалык түшүнө алам деп ойлойсуз?
– Ушуларды түшүнөйүн деп аракет кылып келе жатам. Мына, 40 жашка чыктым, бирок дагы деле түшүнө элекмин. Бир туруп алардан жакшы адам жок, бир туруп эле жиндилиги кармап калышат. Таң калам...
– “Эрудициясы укмуш, менден да акылдуу экен” деп акылына суктанган аялзаты болдубу?
– Жок, менден акылдуу аялдарды жактырбайм. Жолуксам деле, көрсөм деле ашыкча акылдуу экенин байкасам, качам. Ашыкча акылдуу аялдар мага такыр жакпайт.
Нуржамал Жийдебаева