АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Арстанга Ажар тууралуу, турмушка чыгып жатканым жөнүндө айтпасам да, атамдын оор илдетинен улам ушундай чечимге келгенимди айтышым керек болчу. Ал туура айтат. Өзүмдүн эле эмес, анын тагдырын да сурабай туруп чечип койдум. Андай кылууга акым жок болчу...
Ушул ой атам каза тапкандан бери мээмди жеп, Арстанды көрүп, сөзүн угуу мага азап болууда. Көлгө баратканыбызда Элдар жаныма отуруп, Арстан болсо Разиянын машинасында жөнөдү. Кызык, буга чейин минтип кыйналып көргөн эмес элем, ичим бышып, бакырып-өкүрүп, мобу машинанын чаңын асманга сапырып салгым келип бараттым. Үч -төрт саат бою ошондой абалга чыдаш да оңой болгон жок. Элдар бечара менин көңүлүмдү көтөрүүнүн амалында. Ал сүйлөгөн сайын куйкам курушуп, качып кетүүгө айла таппай жаттым. “Бултуңдай бербей моюнга алсаңчы, Арстанды Разиядан кызганып жатасың да, чынбы? Карачы, кайрылып келгенинде “башканын күйөөсү болсоң да мейли, менин жанымда жүрсөң болгону” деп жалынбадың беле? Эми эмнеге сен Арстанды кызганышың керек?” Ичимден ушуларды ойлоп, өзүмдү болушунча сөгүп да, мазактап да жаттым. Бирок жүрөк кургур аны угуп, акылга баш ийчүдөй эмес. Эч бир айлам жок экенин түшүнгөндө биротоло мага шерик болуп калган көз жаштар үнсүз төгүлө баштады.
– Айдай, жаным, билем, азыр сага кыйын болууда. Бирок атаң начар өмүр сүргөн жок. Алтымыш жашка жеткен бар, жетпеген бар. Ыйлаба, жаным. Сенин көз жашыңды көрүш мага оор.
– Анда караба! Ким айтып жатат, мени карап, эзилип, кыйнал деп?
– Болду, ыйлаба. Ый артынан ыйды ээрчитет дейт. Атаңдын арбагы да кыйналып кетет сен минтип ыйлай берсең. Ошону ойлочу.
Чачымдан сылап, чекемден өөп койду. Ушул маалда өзүмдү ушунчалык күнөөлүү сезип кеттим. Ох-х, Элдар! Мага кылган жакшылыгыңды кантип кайтарар экенмин. Жүрөк дартымдан кабар тапсаң, мени кечирер бекенсиң?
Көл жээгинде отуруп, буулукканымдан бир өзгөчө нерсе жасагым келип кетти. Ансыз деле кыйналып турганымда Разиянын Арстанды шынаарлай, жанынан карыш жылбай жатканы жаныма катуу батып кетти. Азыр бир жерден секирип, катуу кыйкырып же жүгүрбөсөм, билбейм, эмне болуп кетеримди!
Биринчи эле көзүмө бийик секи урунду. Жаш жигиттер биринин артынан бири барып, сууга секирип жатышкан секи. Бийиктиги төрт метрдей чыкса керек. Түз эле ошону көздөй жөнөдүм. Мындай бийиктиктен секирмек тургай, кыйратып сүзгөндү билбейм. Бирок ал тууралуу ойлогум келген жок. Эптеп бороон-чапкын жүрүп жаткан көөдөнүмдү тынчытыш керек болду. Дагы бир кадам, анан ылдыйды көздөй учуп жөнөйм... Жанымдагы балдар кызыга тиктеп калышты. Бир, эки... Көздү чылк жума өзүмдү таштап жибердим!
– Эу, токто, антип эмес...
Өзүмдү туура эмес таштадым көрүнөт, артымда турган эки жигит кыйкырып, сөзүнүн аягына чыгалбай калышты.
Канча убакыт өттү? Бир, эки секундабы? Шамал аркырай барып, сууга “чалп” эле дей түштүм. Кудум терим миң-миллион майда кесимге бөлүнүп, туш тарапка чачырап кеткенсиди. Ох-х, адамдын денеси да ушунча ооруйбу? Мен жүрөк гана адам чыдагыстай ооруйт деп ойлочумун, көрсө...
– Айдай, Айда-ай, жаным, ойгон! Көзүңдү ач дейм!
Кулагыма абдан тааныш үн негедир жүрөк үшүтө кыйкырып жатты. Не мынча кыйкырат? Неге үнү алыстан угулат? Көкүрөгүм эмне мынча кысылып жатат?
Акырындап көзүмө бүдөмүк бир нерселер көрүнө баштады. Мага эңилген бирөө жан талашып эле мени чапкылап, силкип жатат. Көздөрүмдү кыйнап жатып ачтым. Тобо, көз да ушунча оор болобу?
– Көзүн ачты!
Кимдир-бирөө жеңилдене сүйлөп калды.
– Өпкөсүнө суу кирип кетти да. Силер жеткиче бир топ эле убакыт суу астында калбадыбы. Бир аз жатсын өзүнө келгиче, анан акырын көтөрүп медпунктка алып баргыла.
Ошондо гана билдим. Баятан бери мени жулкулдатып жаткан Арстан экен. Көзүмдү ачып, эптеп оозумду кыбыратсам, мени көкүрөгүнө баса кучактай калды. Бүткүл денеси солкулдай түштү. Үйүлгөн эл байкадыбы жокпу, билбедим, бирок Арстан ыйлап жатты. Кулагыма жагымдуу үн, ый аралаш шыбырап да жатты.
– Акмак кыз, ушундай да кыла­сыңбы? Сенден айрылып калган экенмин деп жүрөгүм түштү. Акмак кыз десе!
– Эмне болду? Мындай тургулачы, эмне болду? Айдай!
Чогулган он чакты адамды түртө Элдар жетип келди. Ал Искенди дааратканага алып кеткен болчу.
– Айдай, жаным, сага эмне болду?
– Апа!
Элдардын үнүн угуп, менин купкуу жатканымды көрүп Искеним да коркуп ыйлап жиберди.
«Акмак кыз, карачы, балаңдын да жүрөгүн түшүрдүң!» Көзү алайган Искенимди көргөндө гана толук эсиме келдим. «Өлүп калсаң мобу бала эмне болот эле, акмак!» Жаш баладай жоругума жинденип ыйлап жибердим. Разиянын көзүнө көзүм уруна түштү. Эмнени ойлоп турду экен, ушу тапта. Капкара, сулуу каректерден эч нерсени окуй албадым. Көзүм талып, жумулуп баратты.
– Медпункт кай жерде?
Элдар мени көтөрүп жөнөдү.
– Териси жабыркаган, дагы эки-үч сааттан кийин кызарганы кетет. Бирок омурткаларына жабыр келген-келбегенин билиш үчүн томографиядан өткөрүп коюу керек.
Медпункттагы врачтын мындай кебинен соң Арстан менен Элдар чуу түшүп эле Бишкекти көздөй жөнөштү. “Жакшы элемин” дегениме кулак салып да коюшпады. Качан гана томографиянын жыйынтыгын көрүп, врачтын “баары жайында” деген кебин уккандан кийин гана “өх-х” деп отуруп калышты.
– Ии, эми айтчы, эмнеге өзүңдү андай бийиктиктен таштадың?
Элдар сурагын эми башады.
– Койгулачы, кечке эле “өзүңдү таштадың, таштадың” дей бербей. Тиги балдардын сууга секирип жаткандарын көрүп кызыгып кеттим. Мындай коркунучтуу экенин кайдан билдим?
– Сууга секирмек тургай бут салганда ичиркенип турчу элең, кандайча андай баатыр болуп кеттиң?
Эми Арстан суроолуу тигилип калды. Каректеринде каар менен жеңилденүү бар. Элдар сураса сурасын, сен баштаба. Эмнеге экенин эң сонун эле түшүнүп турасың да! Саамга тиктеше түштүк. Оттуу көздөрүн тартып кетти. Айыбын сезип турат.
– Разияга алаксып, секини көздөй басканыңды байкабай калыптырмын. Ошол жакка баратканыңды көрсөм, шыйракка чаап кайтармакмын.
Кебинин аягын тамашага айлантып жиберди. Ачууланып турган Элдардын жүзү да жумшара түштү.
Ошентип, секиден секире коём деп эс алуубуздун да кутун учурдум. Кебин тамашага бурганы менен, Арстан менин капамды түшүнүптүр. Элдар командировкага Дубайга кетип, сабак да жок, эригип отурсам келип калды.
– Ии, каникулда сумкаңды көккө ыргытып жыргачу элең, студенттердин каникулу мектептегиге окшошпойт бекен?
– Студент эле эмес, балалуу аялдын каникулу. Дагы, өз жоругунун айынан бир өмүр азап чеге турган аялдын каникулу деп айтсаң жарашат.
– Мени карачы, не болгон менин күнүмө? Ой-ой, бул булуттар кайдан келген? Менден уруксат сурабай туруп бул булуттар менин күнүмдүн жүзүнө кайдан кирип алышкан? Кана, бир жарк деп күлүп койчу, кана, кана? Ии, мына эми өзүңө окшодуң.
Эрксизден жылмайып алган мени капталга нукуп калды.
– Эй чоң кыз, жүзүңдү мынчалык “кислый” кыла бербесең. Анчалык эмне, өмүрүңө түн түшүп жатты беле?

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Nuura
2011-03-18 21:29:15
Aidai dep chydamsyzdyk menen kutom Aidaidy kyzygyp okuim daiyma .Sizderge choon raxmat Super info .
0
Nuura
2011-03-18 21:43:17
Aidai Aidai kundon kungo kyzyktuu bolup baratat birok suiuu suiuu kede adamdy yilatasyn kede adamdy jyrgatasyn ex suiuu kandai sonun.Birok suiup turup suigonun menen birge bolo albagan da oto okunuchtuu.
0
operaledi
2011-03-18 23:54:52
Келесоо эле кыз негизи. Чыныгы суйуу болсо, эч нерсеге карамак эмес.тем более татынакай, там-тун баскан, таттуу баласы бар.
0
operaledi
2011-03-18 23:57:21
Суйуусуно жеткен кундо да кандай жашоодо жашайт?
0
babahan
2011-03-19 00:37:58
bul makalany okuy berip jurok da kichireyip ketti:))
0
babahan
2011-03-19 00:39:42
koreysterge aytsan sonun serial kylyp chygaryp koyot zamatta.uwunday turmushtu chagyldyrgan filmderdi tartpaybi bizdin rejisserlor
0
Aleesia
2011-03-19 04:21:49
Men da oiloim tigi Arstan degeni menen al menen kyinalyp ele jashaitgo .Eldar gana baktyluu kylat antkeni al turmushtu tushungon adam i Aidaidy suiot al Eldar menen ele baktyluu bolsun.
0
Tokmok
2011-03-19 16:40:55
Oilogon oidu kystagan turmush jenet.......
0
хулиганка
2011-03-20 22:01:55
Ой ушу Айдай мени олтурот жон эле бирок жашоо ушундай эле мен дагы ушинтип кыйналып журом билбеймин эмне кылаарымды Айдай неси болсо дагы ким ким менен болсон дагы бактылуу бол бирок сен бактылуу болосун сен тамда бироосун жана сен ошол адам суйгонун менен эле бактылуу болосун мен дагы ошентип чечтим бактылуу бол Айдай.
0
ulan aida
2011-03-23 14:14:27
Кыз суйсо калат, бала суйсо алат- деген макал ушуларга жарашат. Айдай колдо бар алтындын баркын убагында тушунбосон, кийин кеч болуп калат.Сен суйгонго эмес сени суйгонго тий-деген макал бар го кыпыгзда эн сонун!
0
№ 437, 18-24-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан