Биз социалдык тармакта

Советжан Асанкадыр, Кыргыз Эл артисти: “АЙКӨЛ” ТОБУ 15 МИҢ КИШИЛИК СТАДИОНДО КОНЦЕРТ БЕРГЕН”

Бир кезде “Айкөл” тобу жаркырап жанып, ырлары экрандан байма-бай берилип турчу. Андагы шыңга бойлуу жигиттердин бири, топтун лидери Советжан Асанкадыр мырза учурда музыкалык окуу жайды жетектейт. “Биздин концерттер аншлаг менен өтчү” деп эскерет өткөн күндөрүн каарманым. 

 

 

– Советжан ага, сиз жетектеген “Айкөл” тобунун жылдызы жанып турган учурду кеп кылсак. Ал кезди эстегенде көз алдыга биринчи эмнелер тартылат?

– Биздин өсүү мезгилибиз 1995-жылдарга туш келди. Ал эми чыгармачылык жолубуз 1994-жылдын күз айларында башталып, 1995-жылы Бишкектеги Спорт сарайында чоң концерт бердик. Ошол концерт эсибизде өзгөчө сакталып калды. Себеби ага чейин мындай аудиторияны, чоң залды көргөн эмес элек. Ошол күнү элдин колдоосун, көрүүчүлөрдүн сүйүүсүн биринчи жолу сездик. Алгачкы концерттен кийин элге тааныла баштадык. Кытайга чакырышты, ал жакка барып бир жума өнөр тартуулап келгенбиз. Ал биздин топтун чет мамлекетке болгон алгачкы сапары эле.

– “Салам, калкым” деген ырыңыздар азыр да ырдалып жүрөт. Бул ырдын өмүрүнүн узун болушунун сыры эмнеде деп ойлойсуз?                     

– Чоң себеби бар деп ойлойм. Азыр да ырдап жүрөбүз, демек, бүгүнкү күндө да өз тагдырын жазып жатат. Сыры жөнөкөйлүктө жана мазмунда болсо керек. Эл чыныгы жүрөккө жеткен чыгарманы кабыл алат, угат, унутпайт.

– Сиздердин хит ырлардын бири “Водовоз” эле. Бул чыгарманын жаралуу тарыхын айтып берсеңиз?

– Биздин топ Караколдон чыкканбыз да. Азыркы Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайда окуп жүргөн учур болчу. Кичине кезимде Түгөлбай Казаков агайдын “Жаш толкун” деген эстрадалык ансамбли абдан популярдуу эле. Ошол топтон биринчи жолу “Водовоз” деген ырды угуп, жактырып калгам. Кийин “Айкөл” тобу түзүлгөндө ошол ансамблдеги бас-гитарачы жигит менен чогуу иштешип калдык. Дал ошол жигиттин жардамы менен “Водовоз” ырын кайра жандандырып, өзүбүздүн стилге салып аткарып чыкканбыз. Ырга экинчи өмүр тартууланып, элге кеңири тарап кетти. “Водовоз” негизи казак элинин ыры. Жакында казак эли жасалма интеллект аркылуу ал ырды жаңыртып чыгарыптыр. Сонун болуптур, жакты.

– Мурдагы шоу-бизнес менен азыркы учурдагыны салыштырганда эмнелерди баса белгилейт элеңиз?

– Биздин тушта чыгармачылыкка мамиле таптакыр башкача болчу. Ар бир чыгарма чоң изденүү, сезим жана чыгармачылык эмгек менен жаралчу. Бир ырдын үстүндө кээде бир айлап иштечүбүз. Ар бир үндүн, обондун өз орду бар эле. Азыр болсо техниканын заманы. Көп нерсе технологиянын жардамы менен тез жасалат. Албетте, анын дагы жакшы жактары бар. Бирок чыгармачылык изденүү менен, жүрөктөн чыккан эмгектин салмагы баары бир башкача болот.

– Азыр таланттуу жаштар көп, бирок элдин эсинде калчу чыгармалар аз деген пикир айтылып жүрөт. Бул ойго кошуласызбы?

– Ырчылар көп. Кээ бирин тааныбайбыз. Той ырлары көбүрөөк. Элдин эсинде кала турган чыгарма сөзсүз түрдө жан дүйнөдөн, чыныгы сезимден жаралышы керек. Ар бир аткаруучу, ар бир автор чыгарманын жоопкерчилигин көбүрөөк сезиши зарыл. Себеби сахна жөн гана популярдуулук эмес, маданият жана эл алдындагы жоопкерчилик. 

– Сиздердин учурда атаандаштык кандай эле? Кимдер менен атаандашчу элеңиздер, мисалы?

– Атаандаштыкты биздин учурда сезген жокпуз. Анткени ар бир топтун өзүнүн багыты, стили бар эле. Мисалы, “Досум Үсөн”, “Кыз-Бурак”, “Биз” топтору ар башка багытта иштеп, ар кимиси өз аудиториясын тапкан. Бизде атаандашуу болгон жок, абдан ынтымактуу болчубуз. Чыгармачылык менен көбүрөөк алек болуп, изденүүгө көңүл бурчубуз. Бирөөгө көрө албастык кылуу эмес, тескерисинче, колдоо, анан сабырдуулук, чыдамкайлык жана тартип биринчи орунда турган.

– “Айкөл” тобунун мүчөлөрү менен мамилеңиз кандай? 

– “Айкөл” тобунун биринчи курамы санаалаштарым болгон. Чыгармачылыкка күйгөн, бир максатты көздөгөн жигиттер чогулган элек. Кийин убакыттын өтүшү менен курам өзгөрүп, экинчи курам түзүлдү. “Тулпар тушунда” демекчи, кезинде мыкты иштешти. Кийин өз алдынча чыгармачылык жолдорун улап кетишти. Азыр үчүнчү курам чыгармачылык жолду улантып, жаңы таланттар кошулду. Алар Сүйүнбек Батыров, Ислам Курманбеков  аттуу таланттуу жигиттер. Бардык жигиттер “Айкөлдүн” тарыхында өз изин калтырышты. Мамилебиз түз, сый, сонун. Бишкекте жашаган эски курам жолугушуп турабыз. Эгер 35 жылдык концерт берсек, сөзсүз чакырам баарын.

– Шакирт тарбиялоо кыйынбы же бала тарбиялообу?

– Өз балаңды тарбиялоо кыйын. Себеби ал канча жашта болбосун сен үчүн бала бойдон калат. Шакирт тарбиялоо жеңилирээк ага караганда. Туура багыт берип койсоң, өз жолун улап кетет.

– Топто иштеп жүргөндө күлкүлүү окуялар көп болсо керек?  

– Күлкүлүү окуялар экинчи курамда көп болгон. Оюнкараак балдар эле. Концерттер ал кезде төрт бөлүктөн турчу. Ар бир бөлүккө ар башка кийим кийип чыкчубуз. Ал убакта азыркыдай шарт жок, кийимдерди өзүбүз издеп, даярдап, жетиштирүүгө аракет кылчубуз. Сахнага чыгар алдында чоң түйшүк жаралчу. Кээде бири-биринин кийимдерин тамашалап катып коюшар эле.

– Ал эми кыйын күндөр кайсы жылдары болду?

– Оор күндөрдү так бөлүп айтыш кыйын. Себеби ал мезгилдин өзү эле оор болгон. Ошого карабай чыгармачылыкты таштабай, аракет кылып жүрдүк. Жаңы чыккан кезибизде күнү-түнү иштегенибиз оор болуптур. Фольклор-эстрадалык топ болгондон кийин экөөнү айкалыштыра алабызбы деген маселе болгон. Ошол күндөр оор да, жагымдуу да күндөр болуптур азыр эстесем.

– Күйөрмандардын кандай жоруктары же окуялары эсиңизде?

– Түркияда 15 миң орундук стадиондо концерт бергенибиз эсимде. Концерт аяктагандан кийин көрүүчүлөр бир катарга тизилип, ар бирибиз менен учурашып чыкканы көз алдымда. Кыскасы, стадиондун жарымы сахнага келип биз менен кол алышып, ыраазычылык билдиришкен.

– Ырчы болбосоңуз кайсы кесиптин ээси болмоксуз?

– Кино тармагында иштемекмин. Анткени бир убактарда менде ушул тармакка абдан кызыгуу болгон.

– Азыркы ырчыларга көбүрөөк эмне жетишпейт деп ойлойсуз?

– Үн, тарбия жана мазмундуу ырлар жетишпей жатат. Үчөө эгиздей ээрчишип чогуу жүрсө жакшы болмок.

– Эгер убакытты артка кайтарууга мүмкүнчүлүк берилсе, жашооңузда эмнени өзгөртөт элеңиз?

– Мен ойлойм, эки эсе катуураак иштемекмин. Чет жерлерге өнөрүбүздү тартуулап жүрдүк. Мындан да көбүрөөк аракет кылмакпыз.

– Учурда кайда иштеп жатасыз?

– Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайында жетекчимин. Убакытым чектелүү. “Айкөл” тобу да акырындан иштеп жатат. Албетте, мурункудай эмес. Буюрса, жаңы чыгармалар жаралууда.

– Учурда сизди көбүрөөк ойлондурган нерсе эмне?

– Кудайга шүгүр, заманыбыз өнүгүп жатат. Азыркы агрессивдүү мамилелер ойлондурат мени. Жол тыгынында туруп да унаадан чыга калып мушташкандар... Самокат тепкендер менен жөө адамдардын ортосундагы чырлар... Айтор, сабырдуулук жетишпей жаткандай сезилет.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1222, 22-28-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан