Казак элинин нарк-насил, маданиятын даңазалаган “Кызжибек” тарыхый тасмасы эсиңиздеби? Тасма казак элинде гана эмес, кыргызда да популярдуу болуп, дал ошол учурда Кызжибек, Төлөгөн деген ысымдар көп коюлган жаңы төрөлгөн ымыркайларга. Көчмөндөр маданиятын, махабат үчүн күрөшкөн эки жаштын тагдырын таасирдүү чагылдырган тасма азыркы учурда талкууда. Анткени тасмадагы Кызжибектин кемсели казакстандык белгилүү продюсер Баян Алагузованын колуна тийген. Казакстандыктар “тарыхый кемсел бир адамдын үйүндө эмес, улуттук музейде турушу керек” дешүүдө.
ТАСМАНЫН...
Жанры - тарыхый тасма
Чыккан жылы - 1970-жыл
Режиссёру - Султан Ходжиков
Сценарийин жазган - Габит Мусрепов
Башкы ролдордо – Кызжибек - Меруерт Утекешева, Төлөгөн - Куман Тастанбеков, Бекежан ага - Асанали Ашимов
“Кунаев колдогон тасма”
“Кызжибек” — 1970-жылы “Казакфильм” киностудиясы тарабынан тартылган, Борбордук Азия киносунун алтын фондуна кирген шедевр, тарыхый-романтикалык көркөм фильм. Тасма ушул эле аталыштагы казак элинин лиро-эпостук поэмасынын негизинде жаралган. Ошол кезде Казакстанды жетектеп турган Динмухамед Кунаев бул долбоорду колдогону айтылып келет. Советтер союзу күчүндө турганына карабай казак элинде биринчи жолу улуттук тарыхый тасма тартылып, анда элдин нарк-насили, улуттук деми мыкты деңгээлде чагылдырылган. Бирок бул үчүн тасманын режиссёру көп сөгүш алганы, инфаркт болгонго чейин жеткени, тасмадагы көп эпизоддор “советтик көз карашка туура келбейт” деп кесилип калганы айтылат.
Кыскача мазмуну
Окуя XVI-XVII кылымдардагы казак хандыгынын мезгилин, уруулар арасындагы ич ара талаш-тартыштарды сүрөттөйт. Жагалбайлы уруусунан чыккан Төлөгөн аттуу баатыр менен Шекти уруусунун башчысынын сулуу кызы Жибектин ортосундагы трагедиялуу махабат баяндалат. Жаштар бири-бирин сүйүп, баш кошууга умтулушат, бирок кыздын колун сурап жүргөн Бекежан аттуу зулум баатыр алардын бактысына тоскоолдук кылат. Жоо капыстан келип, ага бардык уруулардын баатырлары чогуу чыгышат. Акыры Төлөгөн жоону жеңип, Кызжибекке шашып бара жатканда аны Бекежан жаа менен атат. Төлөгөндүн өлгөнүн уккан Кызжибек сууга чөгүп каза болот. Уруу башчылары болсо Бекежанга өлүм жазасын беришет.
Тасма тууралуу кызыктар
* Тасма өзүнүн масштабы, кооз улуттук кийимдери, ат үстүндөгү согуштук көрүнүштөрү жана уккулуктуу музыкасы менен өзгөчөлөнөт.
* Алгач тасманы “Ак куу” деп атамакчы болушкан, кийин эпостун аты менен “Кызжибек” деп калтырууну туура көрүшкөн.
* Тасмада Кызжибектин костюму он жолу алмаштырылган. Бүт кийимдери азем таштар менен кооздолуп, колго тигилген. Атактуу костюмер Гүлфайрус Исмаилова Кызжибектин бардык көйнөктөрүн тиккен. Декораторлорго 10 миллион рубль бөлүнүп, алар ат жабдыктарынан бери чыныгы темир, жез, алтын жалатылган буюмдарды таап, тасмага тартышкан. Тасма үчүн таза кандуу араб жылкылары атайы алынып келген.
* Режиссёр Кызжибектин ролуна ылайык кызды көпкө издеген. Башында 30 жаштагы актрисаны чакырышкан, бирок кайра Кызжибектин жаш кыз болгонун эске алышат. Ошол кезде 10-класста окуган Меруерт Утекешованы көрүп калышып, жактырып, ролго бекитишкен.
* Тартуу учурунда 60 төө, 40 жылкы, 35 боз үй керектелген. Тасмадагы ак кууларды Кыргызстандын зоопаркынан алып барышкан.
* Тартуу иштери Москвадан келген буйруктар жана нааразычылыктар менен коштолуп, көп жери кесилип, кайра кошулуп отуруп араң үч жылда даяр болгон. Мындай машакаттуу иштин айынан режиссёру Султан Ходжиков инфаркт алган. Режиссёр тасмасы үчүн сыйлык алганы менен, аны кайра көп плёнка колдонгону үчүн мамлекетке төлөп берген.
Тасмадан уланган сүйүү
Башкы каармандар: Кызжибектин ролундагы Меруерт Утекешова менен Төлөгөндүн ролундагы Куман Тастанбеков тасмада гана эмес, чыныгы жашоодо да бири-бирин сүйүп калган. Ал кезде Меруерт мектеп окуучусу, ал эми Куман 3-курстун студенти эле. Атасы жуучу түшүп келгендерге “кызым жаш, окушу керек” деп айттырганы менен, Куман театрдан кийин күн сайын кыздын үйүнө келе берген. Акыры атасы макул болуп, батасын берген. Кол кармашкан жубайлар дал тасмадагыдай түбөлүктүү сүйүүнүн символу болушкан. Театрда, кинодо чогуу эмгектенишип, өмүр бою бири-бирине жөлөк болуп жашашты. Эки кыз, бир уулдуу болуп, тилекке каршы, уулу каза болуп калган. Бир кызы журналисттик кесиптин ээси болсо, экинчиси ырчылыкты аркалап келет. 2017-жылы актёр Куман Тастанбеков жүрөк оорусунан каза болот. Ал эми казак кызынын сулуулугунун символу делген Меруерт Утекешова учурда 75 жашта, актёрдук чеберчилик боюнча окуу жайда сабак берет. Уулу каза болгондон кийин агасынын өлүмүнө кайгырган экинчи кызы катуу ооруп калат. Колдо бар нерсесин сатып, кызын айыктырган актриса учурда батирде жашаары белгилүү болду.
Баяндан баалуу белек...
Бир кезде бүткүл Союзга таанымал болгон актрисанын азыркы абалы белгисиз боюнча эле кала бермек, балким... Бир окуя аталган тасманы жана актрисаны кайрадан элдин эсине салды. Казакстандык продюсер Баян Алагузованын колуна “Кызжибек” тасмасында кийилген баалуу кемсел тийип калат. Бул кийим “утилизацияга” кетип, бирок анын баасын түшүнгөн бир айым кемселди сактап жүрүптүр. Ал Баян Алагузовага белек кылат. Ошентип Алагузованын үстүндөгү кемсел казак элинин талкуусуна кабылды. Казакстандыктар тарыхый кемсел бирөөнүн үйүндө эмес, улуттук музейде турушу керектигин айтышып, “мамлекеттик органдар кайда карап жүрүшөт?” деп суроо салгандар да болууда. Талкуунун шарданы менен 75 жаштагы Меруерт Утекешованын учурдагы жашоо-шарты, абалы элге маалым болду. Баян Алагузова Меруерт апага жолугуп, ага эки айдын ичинде Астана шаарынын каалаган районунан эки бөлмөлүү батир белекке берерин айтты. Ошондой эле Меруерт Утекешовага кымбат баалуу шуба, колго жасалган асем буюмдарды тартуулаганын айтып чыкты продюсер. Кубанычынанбы же кайгысынанбы, аны кучактап ыйлап жаткан Меруерт апага продюсердин айткан сөздөрү көптөрдү жашытты.
“Ыйлабаңыз, сиз улуттун баалуулугусуз! Кемсел мага жөн эле келген жок, демек, биз жолугушубуз керек эле. Сизди баалоо – биздин муундун жоопкерчилиги. Сизди сүйөм жана урматтайм. Мындан ары мага бардык маселе боюнча кайрылсаңыз болот”,- деди Баян Алагузова.
Албетте, жалпы улутка кызмат кылгандардын эмгеги бааланууга тийиш. Убагында эл үчүн жан аябай күйүп-бышып, кийин бааланбай унутта калып кеткен инсандар кыргызда да жок эмес экенин айта кетели.
Нуржамал Жийдебаева