Ата – бала үчүн тирек. Анын карааны эле баланын турмушунда эбегейсиз зор күч экени талашсыз. Бул ирет кыргыздын белгилүү инсандары аталары тууралуу кеп салып беришти.
Керим Турапов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Атам мыкты ырдаган, жылкы, куш таптаган киши эле”
– Атам Турап Ырысалиев тамашакөй, шайдоот, жакшы ырдаган, эч кимге зыяны жок, дүнүйөгө кызыкпаган жан эле. Жылкычы болуп иштеди. “Туулган жер” деген ырымдагы “Үйүр-үйүр жылкы айдаган, атам конгон журтту сагынам” деген саптар дал ушул атамдын кесибинен жана балалыктын элесинен улам жаралган. “Апам жапкан нанды сагынам” деген сабы көзү өтүп кеткен апамды сагынуудан чыккан. Атамды эстегенде анын ат үстүндө же жоро-жолдошторунун ортосунда отуруп алып ырдап жаткан учуру көз алдыма тартылат. Кийин искусство институтунда окуп калганымда атамдын үнү тенор экенин билдим. Бир жолу атам бийик ноталуу ырды ырдады эле, вокалдан сабак алып жүргөн мен аны туурап ырдайм деп үнүм жетпей калса болобу. Үнү укмуш эле. Ата-энем 16 балалуу болуп, 11и жаш кезинде каза болуп калыптыр. Ошондон уламбы, атам бизди такыр урушпай тарбиялады. Балдарын урушуп же уруп жаткандарды көрсө, жини келип кетчү.
Атамдын саяпкерлик, мүнүшкөрлүк да шыгы бар болчу. Кийин билсем, атам улакка түшчү аттарды бакчу экен. Бирок атам карыганда ат минбей жөө жүргөндү адатка айлантты. “Атыңызды минбейсизби?” десек, “жөө жүргөн пайдалуу” деп коё турган. Анан да укканын дароо жаттап калчу күчтүү эс-тутумга, абсолюттук “слухка” ээ эле. Кичи эпостор “Семетей”, “Сейтек”, “Эр Төштүктү” жатка билип, бизге айтып берчү. Кичинебизде свет жок, чырактын жарыгында атама “Келкел”, “Сынган кылычты” окуп берсем, жаттап алып кайра мага айтып берип таң калтырчу.
Иштеп жүргөн убагымда этнограф Буудайбек Сабыр уулун, сүрөтчү Сагын дегенди үйгө чакырдым. Этнограф атамдын жомокторун кагазга түшүрүп, кийин жомок китебине атамдын 2-3 жомогун кошуп чыгарды. Сүрөтчү атамдын сүрөтүн тартып берди. Ошол сүрөт бизге эстелик болуп калды.
Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Атамдын сакалынан ылдый тамган көз жашы эсимде калды”
– Атам мугалим болчу. Аты-жөнү Эргешов Садыбакас, иш десе ичкен ашын жерге койгон, тартип-таалими күчтүү, талапчыл, түз сүйлөп, түз жүргөн адам эле жарыктык. Ошондуктан эл аны “Садыбакас немис” дечү. Директор, завучтарга мектептеги кемчиликтерди айтып, ошонусу менен аларга жакпай эле жүрчү. Бизге адабий китептерди окууну үйрөтүп, үйдө чоң шкафтагы китептердин жок дегенде 80 пайызын окуп чыкканбыз. Окуган китептерибиз боюнча бизден “сынак” алып, түшүнбөй калган жерибиз болсо түшүндүрчү.
1994-жылы көк жөтөл менен катуу ооруп калдым. Ооруканадан дарыланып чыгып, кайра эле ооруп калам. Төртүнчү жолу ооруканага жатканымда атамдын мага деген мээримин, боорукердигин анык сездим. Кыйналганымды көрүп ыйлап, көз жашы сакалынан ылдый тамып турду. Ошондо аны кучактап алып ыйладым. Ошол элеси өмүр бою эсимде калды.
Атам ааламдан өтөрдө аян түш көргөм: 2 куш учуп келип атамды алып кетти. Эртеси 2 сиңдим кирип келди эле “атамдан кабар келдиби?” десем, ыйлап жиберишти. “Кайдан билесиң?” дешти, түшүмдү айттым. Көрсө, үйдө огороддо иш кылып жүргөн жеринен жыгылып, ошол боюнча турбай калыптыр. Инфаркт же инсульт болгонбу, билбейм. Ошентип атамдан 76 жашында айрылып калдык. Азыр деле кыйналган учурларда “атам болсо акыл-кеңешин айтат эле” деп аттиң кылып калам.
Назира Мамбетова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Мен аткарган “Жаңыл Мырзаны” сыймыктанып көрчү”
– Атамдын аты-жөнү Ысмайыл Мамбетов, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери эле. Согуштан бутунан жарадар болуп келген: ок оң бутунун кызыл ашыгынан кирип, тешип чыгыптыр. Балдарына дайыма “чыдамдуу, ынтымактуу болгула. Чыдамдуу болгону үчүн СССР согушта жеңди” деп акыл-насаатын айтар эле. Биздин оюбуз менен эсептешип, эркин чоңойтту. Ар кимибиз өзүбүз сүйгөн кесиптерге ээ болдук. Өмүр бою чабан болуп иштеп, 7 баласын мыкты тарбиялап, окутуп-чокутуп, 75 жашында дүйнөдөн өттү. Сахнада ата-энем сыймыктанган ролдорду жаратып калдым. Атам өзгөчө мен аткарган “Жаңыл Мырзаны” сыймыктануу менен көрүп, башкаларга айтып мактанып калар эле.
Калдарбек Абдраманов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы: “Ошондо мени менен сыймыктанган...”
– Атам Алишер Абдраманов тарых сабагынан мугалим болуп иштеген. Атамды эстесем, китеп-кагазга толгон сумкасын колтуктап алып ишине бараткан салабаттуу, шыңга бойлуу адам элестейт. Балдарына жумуш жасатканда жаш курагыбызды эске алып, "сен тигини, сен муну жаса" деп иштерди калыс бөлүп берчү. Өзү да кошо иштеп, көп нерсе үйрөтөр эле. Убагында учкуч болом деп Саратов учкучтар мектебине документ тапшырып, окууга кетейин деп поездге билет алып, сумкасын камдап жатса, чоң энеси “атадан калган жалгыз туяксың, өлсөм көрбөй калам го, кетсең топурагымды түйүп берем” дейт. Ушундан улам окууга барбай калыптыр. Токтоо, көп сүйлөбөгөн, таза, усталык шыгы бар адам эле. Тартипти катуу талап кылчу. Мен докторлук диссертациямды коргогондо Москвага барып, залда академиктердин арасында докладымды угуп отурган. Мен аны менен, ал мени менен сыймыктанган элек ошондо. 90 жаштан ашып дүйнөдөн өттү.
Сабырбек Жумабеков, академик: “30 жыл башкарма болуп иштеди”
– Ыраматылык атамдын дүйнө салганына 19-20 жылдай болду. Мүнөзү өтө жумшак, токтоо, ар бир ишти акыл калчап жасаган жан эле. Таластын Кара-Буура районунда, биздин колхоздо 30 жыл башкарма болуп иштеди. Өкмөт эмгегин баалап “Даңк” медалы менен сыйлаган. Атамдын уюштуруучулук жөндөмүнүн, иштин көзүн билгендигинин артынан биздин колхоз тамеки жыйноо боюнча өлкөдө 6 жолу чемпион болгон. Атамда азыркы кээ бир жетекчилердегидей алдым-жуттумдук сапат жок эле. Бизге “билим алып, элге ак кызмат кылгыла” деп көп айтчу. Азыр атамдын көзү жок болсо да ага жетишкен ийгиликтеримди айтып, ичимден өзүм менен өзүм сүйлөшүп алам.
Канымжан Усупбекова