Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 1-июндан 7-июнга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Июнь айы кой жылдызындагылар үчүн активдүү башталат. Жумушта жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат, тобокелчиликтен коркпой жаңы багытка кадам таштай бериңиз. Романтикалык жашооңузга көңүл бөлүүгө убактыңыз жетпей же болбосо каалооңуз өчүп калгандай сезим жаралышы мүмкүн. Каржы тармагында техника сатып алышыңыз мүмкүн. Анан да туугандар тараптан каржы булагы толукталышы ыктымал. Апта соңу жаңы нерсе жасап көргөнгө аракет кылыңыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү психологиялык маселелерди чечүү менен алек болушуңуз мүмкүн, өзүңүздүн же тааныштардын. Мындай жагдайда жумшак жана түшүнүктүү болууга аракет кылуу керек. Апта ортосунда жумушта ийгиликтер күтөт, жетекчилик тараптан сый акы алышыңыз мүмкүн. Балдары барлар алардын керектөөлөрүн толуктоо максатында базарга баш багышат. Күн нурунда көпкө жүрбөңүз, бет терисинде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Дем алыш позитивдүү маанайда өтөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Уюштуруучулук жөндөмүңүздү ишке киргизесиз, үй-бүлөлүк мааракени башкаруу чылбыры колуңузга тиет. Адамдарды чогултуу, сүйлөшүү, башкаруу иштери убактыңызды жана энергияңызды алат. Бул аптада финансыга байланыштуу маанилүү чечим кабыл албай турган оң. Жүрөгү бош эгиздерге көптөгөн эмоция, сезимдерди тартуулаган таанышуу орун алышы күтүлөт. Дем алыш күндөрү толук кандуу уйку, таза абада сейилдөө, жакшы тамактануу энергиялык балансыңызды толуктайт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Ички дүйнөңүзгө үңүлүп, эмне жетпей, эмне ашыкча болуп жатканын анализдөөгө болот. Кандай таарыныч болбосун коё берүүңүз, кечирүүңүз керек, жеңилдеп каласыз. Жакын адамыңыздын тоюна чакыруу алып, жаңы кийим алуу сыяктуу жагымдуу маселелер тууралуу ойлонууга туура келет. Бойдокторго шашылыш түрдө жаңы мамиле куруу сунушталбайт, андан көрө мурун кандай ката кетиргениңизди ойлонуп, келечекте аны кайталабоого аракет кылыңыз. Дем алыштагы пландарыңызга өзгөрүү кирбейт.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Айрым достор менен мамилелер чыңалып, достукту сыноо мезгили болушу ыктымал. Бул жагдайда башка достордун эки тарапка бөлүнүүсүн, өзгөчө сиз тарапта ким болорун байкай аласыз. Жумушта кесиптештер менен бирге чоң иш бүтүрүп, натыйжасын финансылык пайда менен көрүшүңүз күтүлөт. Ден соолук жаатында тынчыңызды алган олуттуу маселе жаралбайт. Апта соңу алыстагы ата-энеге же туугандарга жардам берүү максатында жолго чыгууңуз ыктымал.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бул аптада көптөн бери алектенип келген бир ишти бүтүрүп, жаңысына багыт алышыңыз мүмкүн. Жетекчиликке айлыкты көтөрүү боюнча суроолор менен июнь айынын экинчи жарымында кирүү сунушталат, азыр убактысы келе элек. Бойдокторго эски мамилеге байланбай, жаңы мамиле курууга аракет кылуу керектигин айтышат жылдыздар. Нерв системине байланыштуу оорулар тынчыңызды алышы мүмкүн. Дем алыш күндөрүн ойдогудай өткөрүп, энергия топтой аласыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Мурунку көз караштардын эскиргенин, айрымдарына өзгөрүү киргизүү керектигин байкайсыз. Юридикалык жоопкерчилик тартууга алып келчү иштерди алдын ала бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Өзгөчө документ иштеринде так болуу сунушталат. Сүйүү мамилесинде түгөйүңүз менен келечек пландарды, максаттарды биргеликте түзүп, сүйлөшүүгө сонун убакыт. Сапарга чыгуу планыңыз бар, бирок аны ишке ашырууга финансы тармагы жол бербеши ыктымал. Буюрса, баары алдыда, көп кайгырбаңыз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Бир силкинип, физикалык жаатта да, психикалык жаатта да тазаланып алсаңыз жакшы болот. Сүйүү мамилесинде түгөйүңүз сиздин ага болгон сезимдериңизди сынагысы келет, “повод” бербеңиз. Ал эми бойдоктор эскини эстен чыгарып, коё бергенде гана жаңы сүйүү келерин эстен чыгарбашы зарыл. Насыясы барлар аны жапканга жана келечекте карыз албай иштөө жолун тапканга аракет кылуулары зарыл. Апта соңу маанайыңыз өзгөрмөлүү болот, бирде жакшы, бирде эң жаман...

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жаачылар айланасындагы адамдарга жакшылап көз жүгүртүп, кимдин ким экенин байкап коюусу ашыкча болбойт. Сиздин талаптарга жооп бербеген же сизди өз талабына кошкусу келбегендерге жакындоонун, аларга энергия коротуунун кереги жок. Жумушта кескин өзгөрүүлөр күтүлбөйт, туруктуулук сакталат. Ден соолугуңуз жаныңыздагы адамдардын маанайынан, алардын энергиясынан, сизге болгон мамилесинен көз каранды. Дискомфорт жараткан адамдардан алыс качыңыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптада үйдөгү тиричилик, оңдоп-түзөө, айыл чарба иштерине көбүрөөк убактыңыз коройт. Коомдук жайларда буюмдарыңызга сак болуңуз, уурдатып жиберүү коркунучу бар. Келечекке инвестиция кылып аздан болсо да акча топтой баштасаңыз, кийин “туура кылыптырмын” деп өзүңүзгө ыраазы болосуз. Жеке жашоодо үй-бүлөдө лидерликти талашып түгөйүңүз менен “чарт-чурт” болуп кетишиңиз мүмкүн, эмоцияга алдырбоо керек. Дем алышты жакындар менен биргеликте өткөрөсүз.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Бул күндөрү көпчүлүктүн көз алдында болосуз, жасаган ишиңиз, сүйлөгөн сөзүңүз же башка талантыңыз менен. Романтикалык жаатта тамашакөй болуңуз, түгөй табуу мүмкүнчүлүгү жогору болмокчу. Үйүңүзгө кокустан чакырылбаган коноктордун келүүсү күтүлөт, азык-түлүктү запастап койгонуңуз туура. Аптанын акырына чоң пландарды койбой коё туруңуз, ишке ашпай калуусу ыктымал. Андан көрө мээ сергитип эс алганга, энергия топтогонго аракет кылыңыз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Ийгиликтүү жана жемиштүү апта күтөт балыктарды. Ички туюмуңуз күч алып, айланадагы адамдардын эмне каалап жатканын алдын ала сезип турасыз. Сиз менен кеңешкиси, сырдашкысы келгендер көп болот, жок дебей жардам колун сунганга аракет кылганыңыз жакшы. Жума күнү жагымдуу сюрприз алып же жакшы кабар угушуңуз мүмкүн. Карыздардан аздап болсо да кутулууга мүмкүнчүлүк жаралмакчы. Сизди колдой турган негизги күч үй-бүлөңүз экенин эстен чыгарбаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1223, 29-май-4-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан