Ооруканаларда балдар урологунун кабыл алуусун күтүп кезекте турган ата-энелер көп. Бул – балдарда урологиялык илдеттер аз эмес экенинен кабар берген көрүнүш. Мисалы, биз төмөндө сөз кыла турган жука чурайдын грыжасы илдети. Врачтар, албетте, бул оору операциялык жол менен гана айыгарын, операция жасалбаса бир күнү баланын өмүрүнө коркунуч жараларын айтышат. Бирок коркпоңуз, дүрбөлөң түшпөңүз. Ооруну айыктырса болот, болгону илдетти өтүштүрүп жибербөө керек.
Статистика
• Кыргызстанда балдарга тиешелүү оорулар боюнча жасалган жалпы операциялардын 60 пайызы жука чурайдын грыжасына жасалган операциялар.
• Дарт кыздарга караганда уул балдарда көп кездешет.
• Бейтаптардын 70 пайызында оору 1 жашка чейин аныкталат.
Кыздарда эмнеден улам жаралат?
Кыздар түйүлдүк кезинде жатыны жана эн бездери калыптагы ордуларынан өйдө жайгашкан болот. Убакыттын өтүшү менен алар акырындап ылдый, өз ордуларын көздөй жылып баштайт. Бул учурда курсактын ылдый жагында жайгашкан органдар жылышат. Ушундай кезде айрымдарда дененин жука чурай бөлүгүндө бүктөм, башкача айтканда, грыжа калтасы жаралып калат. Ал жерге эн жумурткалары жана жатын түтүкчөлөрү түшүп кетет. Кыз бала төрөлгөн соң акырындап ал органдарда кан айлануу бузулуп, ткандар өлүп баштайт. Бул 1-2 жаштарда байкалат. Дарт кыздарда сейрек кездешет.
Балдарда урук каналчасы жабылбай калат. Бала курсакта кезинде бөйрөктөрүнүн алдында 2 жумуртка (урук бези) пайда болот. Жука чурайда жумурткалар өтүүчү 2 каналча жайгашкан. Ичтеги бала чоңойгон сайын жумурткалары каналдар аркылуу акырындап урук калтасын көздөй ылдыйлоого өтөт. Бала төрөлгөндө жумурткалар урук калтасынан орун алып, каналчалар жабылат. Эгер каналчалар жабылбай калса, ооз жагы акырындап чоңоюп кеңейет да, ошол жерде грыжа калтасы пайда болот. Ага ички органдардагы ичеги, ич май түшүп калат. Грыжа оң же сол тарапта же 2 тарапта тең болушу мүмкүн. Өлчөмдөрү да чоң же кичине болушу ыктымал. Бала түз жатканда ич май, ичеги калтадан чыгып, ордуна кирип кетет. Баланын курсак булчуңдарына күч келгенде, айталы, катуу чуркаганда, ичи катып катуу ыйынганда ич май, ичеги кайра грыжа калтасына түшүп калат. Ушинтип ички органдар бирде түшүп, бирде чыгып жүрө берет. Эгер ичеги, ич майлар ордуна кире албай кыпчылып калса, өмүргө коркунуч жаралат. Кыпчылган органдарда кан жана зат алмашуу бузулуп, ошол жердеги ткандары өлүп баштайт. Мындай грыжасы барларга 6 айынан тартып операция жасоо керектелет.
Грыжа бар экенин кантип билсе болот?
Грыжанын белгилери уул жана кыз балдарда бирдей эле болот.
• Курсагынын төмөн, жука чурай тарабындагы теринин алдында дөмпөйгөн нерсенин байкалышы.
• Грыжа бар жердин оорутканынан улам баланын ыйлашы. Оорутуу башталгандан 1-2 сааттан кийин куса баштайт. Дене табы көтөрүлөт.
• Шашылыш медициналык жардам керек болот: тери алдындагы дөмпөк катуу чыңалып, кызарып же көгөрүп, бала басылбай ыйласа. Теринин көгөрүп, кызарып калышы – ичеги, майдын кыпчылып калып, кыпчылган жердеги ткандар өлүп, чирип башташынын белгиси болот. Мындай кезде дароо операция жасалбаса баланын өмүрүнө коркунуч туулат.
• Эгер кыздарды операцияга кеч алып келип, дарт өтүшүп калган болсо органдардын чирип, карайып кеткен бөлүктөрү кесилет. Бул кийин балалуу болууга кедергисин тийгизет.
Ара төрөлүүдө курсак булчуңдары жетилбей калат.
Дарттын жаралуу себептери булар:
• Баланын ара төрөлүшү. Алардын курсак булчуңдары, байламта, тарамыштары жетишерлик жетилбей калат. Балада марфан синдрому бар болсо да курсак булчуңдары жетилбей калат.
• Тукум куучулук.
• Патология. Балдарда жумурткалары түшчү каналчанын жабылбай калышы. Кыздарда жука чурайда тери бүктөмүнүн жаралышы.
Дарылоо операция аркылуу ишке ашырылат
• Ачып жасоо операциясында жалпы наркоз колдонулуп, операция 30-40 мүнөткө созулат. Бейтап 3 күндө тыңып, басып калат.
• Операциянын лапароскопиялык ыкмасы да колдонулат. Мындан кан көп кетпей, бала бат тыныгат.
• Чоңураак балдарга операциядан чыккандан кийин 6 айга чейин оор нерсе көтөрүүгө, чуркоого болбойт.
Баланы да, кызды да төрөлгөндөн кийин балдар хирургуна көрсөтүү зарыл. Бул – оору бар болсо, аны өтүштүрбөй алдын алып калууга мүмкүнчүлүк.
Кийин пайда болгон түрү
Бул түрү чанда кездешет. Көбүнчө өспүрүм балдар туш болот. Себептери:
• Кара жумушту көп жасоо, оор көтөрүү
• Какылдатып узакка созулган жөтөл түрү
• Дайыма ич катуудан улам катуу ыйынууну адатка айлантуу
• Курсактан жаракат, сокку алуу
Аталган себептерде курсакты каптап турган май челге күч келип, бир жери айрылып кетет. Ошол жерден ичеги, май сыртка чыгып, кайра бала жатканда ичке кирип жүрө берет. Кыпчылып калса, ошол жердеги ткандар өлүп, чирип баштап, өмүргө коркунуч туулат. Бул түрү да операцияны талап кылат.
Канымжан Усупбекова