Биз социалдык тармакта

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК НОМУРДАГЫ УНААЛАРДЫ МЫЙЗАМДАШТЫРУУ УЛАНТЫЛАТ

28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандагы чет элдик номурдагы автоунааларды мыйзамдаштыруу улантыларын билдирди. Жакын арада бул боюнча президенттин атайын жарлыгы чыга турганын айтты. Спикер легалдаштыруу жараянына өлкөгө мыйзамсыз киргизилген скутерлерди дагы кошууну суранганын белгиледи.

– Анткени азыр скутерлер А1 айдоочулук күбөлүгү менен каттоодон өткөнү жатат. Буга чейин андай норма жок болгондуктан бир топ скутерлер мыйзамсыз киргизилип калган экен,- деди Маматалиев.

Эскерте кетсек, 2025-жылы өлкөдөгү чет элдик номурлуу унааларга Кыргыз документи берилип, мыйзамдаштырылган. Бул ишке атайын мөөнөт берилип, бирок көптөгөн жарандар унааларын каттоодон өткөрүүгө жетишпей калышкан. Өлкөдө мыйзамдаштырууга муктаж 2 миңдей унаа бар деп айтылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1223, 29-май-4-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан