Биз социалдык тармакта

ИНТИМ ГИМНАСТИКАСЫ – АЯЛДЫН ЖАШТЫК БУЛАГЫ

Интим гимнастикасы бүгүнкү күндө айымдар арасында кеңири жайылган спорт түрүнүн катарына кирип калды. Интим гимнастиканын аялдардын ден соолугуна физикалык жактан да, менталдык жактан да пайдасы көп дешет бул тармактын адистери. Бирок бул гимнастика тыюу салынган учурлар да бар экенин эстен чыгарбоо керек. 

 

Интим гимнастика деген...

Интим гимнастикасы – бул жалпылап айтканда жатын, кын булчуңдарын чыңдоого, бекемдөөгө, жашартууга багытталган гимнастика. Бул гимнастиканы жасоо менен аялзаты көптөгөн оорулардын эле алдын албастан, жаңы демге, энергияга ээ болот, жашарат, көркүнө чыгат, кулпурат.

Тарыхы

Жатын булчуңдарынын көнүгүүлөрүнүн башаты тээ Байыркы Чыгышка барып такалат дешет илимпоздор. Аялзатынын жыныс булчуңдарын чыңдоо көнүгүүлөрүн кытайлардын даосс жана индустардын тантри практикасында жана Японияда кеңири колдонушкан. Интим көнүгүүлөрү тууралуу алгачкы илимий изилдөөлөр 1930-жылдары башталган. Тагыраагы, 1932-жылы америкалык врач Жошуа Дэвис чыгыштын аялдарынын төрөтүнүн жеңилдиги интим гимнастикасына байланыштуу болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келип, бул оюн жайылта баштаган. Ал эми заманбап медицинада интим гимнастикасынын көнүгүүлөрү 1940-жылдары америкалык гинеколог Арнольд Кегель тарабынан иштелип чыккан. Ал бул системди төрөттөн кийинки айымдардын жыныс органдарын калыбына келтирүү жана заарасын кармай албай калгандарга жардам берүү максатында ойлоп тапкан. Кегелден кийинки интим гимнастикасынын жаңыланган методикасы Владимир Муранивскийге таандык. Кызыгы, Владимир мырзанын медицинага тиешеси жок, инженер-механик, ойлоп табуучу. Бирок медицина, спорт, психология биргеликте аткарылган интим гимнастикасына кызыгуусу күч болуп, өзүнүн методикасын иштеп чыккан.

Психологияда...

Психологияда аялзатынын органдарынын арасынан жатындын эске тутуусу эң күчтүү деп айтылат. Жатын 60тан ашык гормон бөлүп чыгарат. Эгер аял өзүнүн денесине тынымсыз кам көрүп, көнүгүүлөрдү жасап, уйку режимин сактап, туура тамактанса, аял өзүнүн аял экенин түшүнүп, аялдык табиятын кабыл алса гормоналдык фондун бузулушу жана башка көйгөйлөрдөн алыс болот. Ал эми эркекке тиешелүү маселелерди чечем деп тырмышкан кезде гормоналдык фон бузулат, пролактин жогорулайт, тестостерон көбөйүп кетет. Аял стресс болгондо дене тонуска түшөт, анын ичинен жатын биринчилерден болуп тонус болот. Интим гимнастикасынан жакшы жыйынтыкка жетиш үчүн аялзаты психологиялык маселелеринен арылышы керек. Эки тармак ошол үчүн бири-бири менен тыгыз байланышта дешет психологдор.

Эркектерге болобу?

Интим гимнастикасы айымдарга гана тиешелүү деген туура эмес түшүнүк. Негизгиси өз алдынча эмес, адистердин көзөмөлүндө машыгуу керек. Интим гимнастикасы эркектерде жамбаш булчуңдарын бекемдейт, потенцияны жогорулатат, заара кармай албай калууда жардам берет, андан сырткары өнөкөт простатиттеги оору белгилерин азайтышы мүмкүн. Бирок простатити барлар алгач врачтын көрсөтмөсүндө болушу керек, анткени врач гимнастика жасоого тыюу салышы мүмкүн.

Интернеттен көрүп жасоого мүмкүнбү?

Болбойт. Адистин көзөмөлүсүз тескери жыйынтыкка жетип калуу коркунучу чоң. Мисалы, интим гимнастикасын интернеттен көрүп жасаганда айрымдардын жатыны же кыны ылдый түшүп калышы мүмкүн же башка көйгөйлөр жаралат. Эч ким кепилдик бербейт. Андыктан сөзсүз адистин көзөмөлүндө болуу керек.

Кимдерге сунушталат?

   Интим гимнастикасы жаш куракка карабайт, улуу-кичүү муундагы бардык аялзатына сунушталат. Сөзсүз көйгөй жаралганда эмес, көптөгөн оорулардын алдын алуу үчүн да жасоо керек.

   Кын булчуңдары бошоп, алсыз, төрөттөн кийин кеңейип кеткен учурда, кындан жел чыгып жаткандарга сунушталат.

   Заара кармалбай же тескерисинче, чыкпай калгандарга.

   Бөйрөк ооруларында жардам берет.

    Бронхиалдык астмасы барларга (интим гимнастикасында туура дем алуу техникасы да үйрөтүлөт).

  Оор көтөргөндөн жатын бүктөлүп же ылдый түшүп калышы ыктымал, интим гимнастикасын дайыма жасоо менен бул маселеден да арылууга болот.

   Айыз циклин жөнгө салат.

  Климакстын алдын алат.

   Гормоналдык дисбалансты калыпка келтирүүгө жардам берет.

  Сексуалдык каалоону, сезимталдыкты көтөрүүгө көмөктөшөт.

 

Кимдерге тыюу салынат?

 Рак оорулары менен жабыркагандарга тыюу салынат.

 Кош бойлуу айымдар интим гимнастикасын жасаардан мурун сөзсүз адис менен сүйлөшүүсү керек. Анткени тыюу салчу учурлар да болот. Мисалы, эгер буга чейин жатындан сырткары бойго бүтүү, жатында өлүп калган түйүлдүк, боюнан түшүп калуу коркунучу же кош бойлуулукта башка көйгөйлөр болсо жана жаңыдан боюна бүткөндөр жасабай турушу керек. Ал эми дайыма спорт менен машыгып жүргөн, интим гимнастикасын жасаган, кош бойлуулук мезгилин маселесиз өткөргөн айымдарга врач уруксат бериши мүмкүн.

  Жаңы операция жасалгандарга сунушталбайт.

 Жыныс органында бойго бүтүрбөөчү спиралы барларга.

 Заара-жыныс системинде инфекциясы барларга, оорутуу сезилип тургандарга да болбойт.

 Сөөктүн симфизит дарты курч кармап тургандарга болбойт, дарылангандан кийин жасоо керек.

 Заара-жыныс системинин оорулары курч сезгенүү учурунда көнүгүүлөрдү жасоого катуу тыюу салынат.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1223, 29-май-4-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан