Ырчы, тамада, хоккейчи... Чыгармачылыкты спорт менен айкалыштырып келе жаткан таланттуу агабыз Турдалы Аскарбеков биздин маек төрүбүздө. Музыка дүйнөсүнө болгон сапарынын башаты, студенттик жылдары, хоккейге болгон сүйүүсү, чыгармачылыгы тууралуу кенен айтып берди.
“Талант мага чоң атамдан өткөн”
– Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулуп-өстүм. Чоң атам чоң комузчу болгон. Борбор калаадан гастролдоп барган залкар комузчулар атама жолукмайынча кетишчү эмес экен. Айтылуу комузчу, төкмө акын Мамбеталы Таранчиев атама өз комузун белек кылып таштап кетиптир. Ал комуз мен кичине кезде үйдө илинип турчу. Мага талант ошол чоң атамдан өткөн десем болот. 1-класстан ырдап баштадым. Атам айдоочу болуп иштечү, бир жолу шаардан баян алып барды. Агаларым “бузуп коёт” деп аны мага карматышпайт. Бирок алар жокто кармалап жүрүп, алар эмес, биринчи мен үйрөнүп, тартып кетсем болобу! Мектептеги иш-чараларда баян ойноп, ырдоого өттүм. 8-класста жездемден аккордеон үйрөндүм. Ошол кезде Тогуз-Торонун “Алтын чөйчөк” деген эстрадалык тобу бар эле, мени кошуп алышты. Окуудан тышкары алар менен Нарын өрөөнүнө гастролго чыкчумун. Атам алып келген ошол баян мага ырчылыкка жол ачып берди.
“Атактуу инсандар менен чогуу окудум”
– Аскерден келип, 1985-жылы Искусство институтунун хореография жана маданий ишмерлик факультетине тапшырдым. Ал жерде Гүлзат Байзакова, Ишен Календеров, Апаз Жайнаков, Расул Маматкулов, Гүлнур Сатылганова да студент экен. Бир жатаканада жашап, тааныш болуп, институттун иш-чараларына катышып жүрдүк. Атактуу ырчы агай, эжелер бизди Чүйдөгү гастролдоруна кошулууга чакыра башташты. Жылда “Студенттик жаз” фестивалына катышып, дипломдор менен сыйланып жүрдүк. Ал кезде Ибрагим Жунусов, Исирадин Аманбаев, Рыспай Абдыкадыров жана башкалардын ырлары популярдуу эле. Бек Борбиев жаңыдан чыгып келаткан. Ошолордун баарынын ырын ырдайбыз. Эл бизди тойлоруна, туулган күндөрүнө чакырышат. Акыбызга кийим-кече, тамак-аш салып беришет. Биз ошого ыраазыбыз. Ал кезде тойлор үйдө өтчү. "Алып баруучулукту да билесиң" деп мени той башкартып коюшчу. Ошентип жүрүп тамадалыкка такшалдым. Комсомолдук үгүт бригаданы жетектеп, чабандарга далай концерт койдук. Кийин ойлосом, чыгармачылыгымдын туу чокусу ошол студенттик жылдар болуптур.
“Обончулукка да киришип көрдүм, болбоду”
– Апаз Жайнаков экөөбүз студент кезде 5 жыл чогуу жүрдүк, тойлорго да чогуу чыкчубуз. Мен ага “Кыргыз жери” ырың сенин даңкыңды чыгарчу ыр болгону турат, ошону көп ырда” дечүмүн. Айткандай эле ал ыр хитке айланып кетти. Апаз тамашакөй эле, куудулданып сүйлөчү. Анын жаман мүнөзүн, урушуп-талашканын көргөн жокмун. Өмүрү аз экен, аттиң, эрте кайтыш болуп кетти. Апазды көрүп “мен да обон чыгарып көрөйүн” деген учурум болду. Үч-төрт обон жараттым, бирок купулума толо бербеди. Ошону менен токтоттум. Андан бери карай аткаруучу эле болуп келе жатам.
“Ырчылыктан алыстап кеткенимде...”
– Окууну бүткөндөн кийин чыгармачылыгымда тыныгуу болуп калды. Союз ураган кез. Мектепте көркөм жетекчи болуп иштеп жүрүп бизнеске оодум. Ошондо Гүлзат Байзакова жолдошу экөө мени көндүрүп, чыгармачылыкка кайтарышты. 2000-жылдары ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, концерт, тойлорго чыгып баштадым. 2005-жылы атуулдук ырлардын сынагы жарыяланып калды. Аксуубай Атабаевдин “Тоолор” ырын ырдап, 2-орунга ээ болдум. Ырдын автору катары Аксуубай агай акчалай сыйлыкка ээ болду. Ошондо агай мени иш бөлмөсүнө чакырып, чай берип сыйлап, сыйлыкка алган акчасынын жарымын берди. “Ырдын эч жерин бузбай, элге мен ойлогондой укмуш жеткирдиң. Ушунуңдан жазбай ырдап жүр” деп ыраазы болду. Ошондон баштап чоң сахнага кайра кызыгуум артты.
“Эски ырлар менен күйөрмандарды таптым”
– Ошол кездерде жаш ырчылардын жаңы агымы башталды. Байкасам, баары жаңы ырларды ырдап, эски ырлар ырдалбай калды. Ошондо элдин жүрөгүндө калган эски ырларга жаңы өмүр берейин деп чечтим. Аксуубай Атабаевдин “Тоолорунан” тышкары “Жүрөк эңсейт”, “Махабатым”, Мукан Рыскулбековдун “Аппагым”, Рыспай Абдыкадыровдун “Койчунун ыры” жана башкаларды жаздырып, ырдоого өттүм. Ырчылардын баарынын эле концерттерине катышып жүрдүм. Кичи мекеним тарапка барып концерт койдум. Ошол мен ырдаган эски ырлар кыргыз телерадиосунун архивинде сакталып калды. Көөнөрбөс, классикага айланган ырларды ырдап, өз күйөрмандарымды таптым. Көбү орто, улуу муундагылар.
Чубак Сатаевдин тобунан бөлүнүп, өзүнчө ырдап баштаган кездерде Тургуналы Нурматов экөөбүз чогуу иштеп, гастролдоп жүрдүк. “Мыскыл жана тамаша” берүүсүнө да чогуу тартылып, ырдачу элек. “Турдалы, сенин үнүң жакшы” деп калчу. Кийин эмгегим бааланып “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйландым. Убагында чоң наамдарга маани деле бербептирмин, далалат кылбаптырмын. Менде аларга кызыгуу болбоптур. Кийинки кездерде гана ойлонуп калчу болдум.
“Кичинемден хоккейге жакынмын”
– Мен музыка менен спортту чогуу алып келе жатам. Бала кезде баянды, аккордеонду жакшы ойногондой эле хоккейди да мыкты ойночумун. Бизде Казарманда кышкысын абдан суук, дарыялар тоңуп калат. Кызыгуубуз ушунчалык, ачка экенибизге кайыл болуп хоккей ойночу элек. Башында клюшканы жыгачтан жасап жүрдүк. Клюшка, коньки дегенге кийин жеттик. Облуста “Алтын шайба” турнири өтчү. Ошого командабыз менен катышып, орундарды алган учурларыбыз болду.
2010-жылы болуш керек, Бишкекте муз аянтчасы ачылган. Барып коньки тээп көрсөм, унутпаптырмын. Ошентип хоккейди мыкты ойногондор чогулуп ”Хан Теңири” командасын түздүк. 2011-жылы Казакстанда өткөн кышкы Азия оюндарына катышып, биздин команда рекорд жараттык. 6 оюнда 95 шайба киргиздик. Азыркы учурда команданын курамын жаштар түзөт. Мурун команда 4-дивизиондо болчу, андан 3кө, 2ге өттү. Азыр 1-дивизионго аракет кылып жатышат. Мен болсо ардагер оюнчулардын “40+” клубунун президентимин.
“Балдардын хоккей командасын түзгөм”
– Кичи мекенимде окуучу балдардан “Тогуз-Торо лигасы” курама командасын түзгөм. Быйыл 6-ирет турнир өткөрөм. Муз аянтчасын салдырганыбызга 2-3 жыл болду. Кышкысын суу куюп тоңдурулуп, оюндар өткөрүлөт. Курама команда Нарын облустук турнирине катышып, байгелүү орундарды алып келет. Өкмөт спорттогу эмгегимди баалап, “Дене тарбия жана спорттун отличниги” наамын берген. Кыргызстандын Хоккей федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсүмүн. Жер-жерлерде хоккейди кантип өнөктүрүү жаатындагы пландын үстүндө иштеп жатабыз.
“Уулум музыкалык мектептен чыгып кетти”
– Бала кезимде атам “музыканы, ырды эмне кыласың, башка эле кесиптин ээси бол” деп калчу. Кийин эл ырдаганымды угуп мактай баштаганда апама кошулуп сыймыктанчу болду. Биздин жаш кезибизде көзү өтүп кетти. Апам аздыр-көптүр жакшылыгымды көрүп, мен үйлөнүп-жайлангандан кийин кайтыш болду. Өзүмдүн 2 уул, 1 кызым, 4 неберем бар. Кичүү уулум Арнас 5 жыл Шубин атындагы музыкалык мектепте окуп, анан чыгып кетти. Биз да “каалабаса мейли, өзү жактырган кесипке ээ болсун” деп тим койдук. Учурда 10-класста окуйт. Келинчегимдин кесиби бухгалтер.
Канымжан Жаманбаева