11 жашар бала бөйрөк оорусунан жабыркап, 2 жылдан бери гемодиализ аппаратынын жардамы менен күн кечирүүдө. Бейтаптын апасы жалгыз бой эне экенин айтат. Уулунун бөйрөгүн алмаштыруунун айласын издеп коомчулуктан жардам сурап кайрылып турган кези.
“Анализ тапшырарда баспай калды”
– Аты-жөнүм Жыпаркүл Кубанычбек кызы, жашым 35те. Жердигим – Жумгал районунун Байзак айылы, Ат-Башы районуна келин болгом. 4 баланын энесимин. Учурда балдарым менен Аламүдүн районунун Рассвет айылында жашоо кечирип жатам.
11 жаштагы уулум Элхан Турдуакматов патологиясы жок жарык дүйнөгө келген. Оорусу 2024-жылы апрелде башталды, ал кезде 2-класста окучу. Бир күнү кечинде калтырап-титиреп кыйнала баштады. ФАПка алып барсак, врач укол менен өзүнө келтирди. “Үйүңөргө баргандан кийин байкагыла, дагы ушинтсе Бишкектеги ооруканага алып баргыла” деди. Анысы түндө кармаган жок, эртеси саат 10до кайра кармады. Эне жана баланы коргоо борборуна алып барсак врачтар көрүп, анализ тапшырууга жиберишти. Анализ тапшырып жатканда эмнегедир баламдын 2 буту иштебей, баса албай калды. Врачтар эмне болуп кетти деп дароо неврологго жөнөтүштү. Ал жактан текшерип, башка анализдерди тапшыртышты. Жыйынтыгында баламдын 2 бөйрөгүнүн иштебей калганын айтышып, “2 бөйрөктүн гипоплазиясы” деген диагноз коюшту. Ооруканада 1 айдай жаттык. Балам баскан жок, анан үйгө чыгарышты. 2 аптадан кийин жетелеп бастырып баштадык. Азыркыга чейин жетелебесек өзү баса албайт.
“Силер жеген эле тамакты жейинчи деп ыйлайт”
– Врачтардын айтканы боюнча, ооруканадан чыкканыбызга 6 ай болду дегенде кайра анализдерин тапшырттык. Хирургдар “2 бөйрөктүн гипоплазиясы” диагнозу менен 2024-жылы 30-декабрда балама операция жасашты. Заарасы чыгып турганга табарсыгана түтүкчө коюшту. Ошол түтүкчө ичегисин басып калып, ичегиден эч нерсе өтпөй калган экен, эртеси кайра операцияга алып киришти. Түтүкчөнү оңдошту. Уулумду ошентип 2025-жылдын 1-январынан тартып перитонеалдык диализге өткөрүштү. Түшүндүрсөм, диализдик борбордон бизге атайын аралашма берип турушат. Ошону 4 маал табарсыгына коюлган түтүкчөгө куюп турабыз. 4 сааттан кийин атайын аппарат менен табарсыктагы суюктукту сордуруп алып, ордуна кайра жаңы аралашманы куябыз. Ошого баламды таштап бир жакка чыгууга мүмкүн эмес. Уулум 2024-жылдын апрелинен бери диетада. Цитрус жемиштери, жаңы нан, туздуу тамактар болбойт. Тузу жок, кайнатылган, сууга, бууга бышырылган тамактарды гана берүүгө тийишпиз.
Кээде “силер жегендей эле тамакты жейинчи” деп ыйлайт. Ал ыйласа, кыйналса, мен кошо ыйлайм.
“Бою 6 жашынан өспөй калыптыр”
– Убагында билбептирбиз, боюнун өсүшү 6 жашынан токтоп калыптыр. Диализ алгандан берки 2 жылда бою 4 сантиметр өстү. 2024-жылы ооруканага жатканда бою 1 метр 12 сантиметр болчу. Баламдын иммунитети начар болгондуктан балдарга аралыштырбай, ысык-суукка чыгарбай кароого аргасызбыз. Сууктан, ашыкча ысыктан да шишип кетет. Күндө 4 маал аралашманы куюп, суюктукту сордура бергенге кыйналып, “ичим ооруп жатат” деп ыйлайт. Түтүкчө коюлган тешикти тазалаганда да чыдабай ыйлап жиберет. Каңырыгым түтөсө да, аны ыйлатып процедураны жасоого мажбурмун.
Врачтар 2 жылдан бери 2 бөйрөгүн тең алмаштырыш керек деп айтып жатышат. Түркиянын клиникасындагы врачтар менен сүйлөштүк, алар операция жасап берүүгө макул. Донор өзүм болом, 1 бөйрөгүмдү берем. Бирок бөйрөк алмаштырууга 21 миң доллар керек болууда. Андан тышкары жол кире, операциядан кийинки реабилитацияга да каражат керек. Анча акчаны өзүм таба албайм. Буга чейинки тамак-аш, кийим-кечебизге апам, бир туугандарым жардам берип келүүдө. Элден Элханым айыгып досторуна кошулуп ойноп калышына салым кошуңуздар деп суранам. Кудайым эч бир баланы оорутпасын. Бала ооруса апа кошо ооруп, жаны кыйналат экен. Кыйналсам деле эч нерсе эмес, башкысы балам айыгып кетсе болот эле.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
МБанк: 0500 42 81 28
О!Деньги: 0500 42 81 28
Оптима банк: 0500 42 81 28
Оптима банк: 4169 5853 5657 8251
Канымжан Усупбекова