Абышканын жүрүм-турумун, сүйлөгөнүн келиштире туурап, Бөкөн аба деген ат менен көпчүлүккө жылмаюу тартуулап келе жаткан актёр Руслан Исмаилов мырзаны кепке тарттык. Анын тамашалуу, тарбиялык мааниси бар роликтерин соцтармактан көрүп эле жүрсөңүз керек, окурман. Маекте аны менен жакындан таанышып, жан дүйнөсүн ачып берүүгө аракет кылдык.
– Кандайсыз, Руслан мырза? Көпчүлүк сизди “Бөкөн аба” деп тааныйт болуш керек. Өзүңүз менен жакындан таанышып алсак алгач...
– Жакшы, рахмат! Өзүмдү кыскача тааныштыра кетсем, кыргыздын бир тоолук жигитимин, 39 жаштамын. Мындайча айтканда, Бөкөн аба 39 гана жашта. Манас шаарында Барпы Алыкулов атындагы кесиптик окуу жайды бүтүргөм. Чыгармачылыктын жолу эрте эле башталган, бирок жашоодо ар кандай жагдай болот тура. Иштеш үчүн Орусияга кетип, ал жакта 12 жыл жүрдүм. Кайра келип, алгач Жалал-Абад облустук филармониясында, андан кийин Жалал-Абад мамлекеттик университетинде иштедим. Ошентип чыгармачылык жолду кайра улантып кеттим. 2021-жылдан бери Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы Кыргыз драма театрында актёр, башкы режиссёр катары эмгектенип келе жатам. Ошондой эле азыркы тапта Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университеттин театр факультетинин драмалык режиссёр бөлүмүнүн 5-курсунун студентимин.
– Эмне үчүн Бөкөн аба? Бул ысымды жана образды кантип, эмнеден улам тандап алгансыз?
– Бөкөн деген ысым эл ичинде көп кездешет эмеспи, ошондон улам эле ушул ысым тандалды. Ал эми образ боюнча айтсам, театрда бир жолу дыйкан карыянын ролун ойногом. Ошондо сакал-мурут тагып алсам, “куду эле чалдын өзү болуп калдың” деп жакшы баа беришкен. Кесиптештеримди да кээде чалды туурап тамашалап калчумун. Ошентип отуруп эле Бөкөн абанын образы жаралып калды.
– Турмуштук окуяларды күлкүнүн предметине ийгиликтүү айлантып жатасыз. Сценарийин өзүңүз жазасызбы?
– Сценарийди көп учурда өзүм даярдайм. Кызыгы, атайын жазып кагазга түшүрбөйм, идея башымда эле болот. Бетиме Бөкөн абанын сакалын чаптап, калпагын кийип, анын образына киргенде эле көп идеялар өзүнөн-өзү жаралат. Бирок кээ бир учурда жанымдагы жакын адамдарымдын ой-пикиринен улам сценарий башка нукка бурулуп кетет.
– Белгилүү куудул Абдылда Иманкулов ага менен чогуу тарткан тамашалуу видеолоруңуз күлкү тартуулап жатат. Кантип чогуу иштешип калдыңыздар?
– Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал Абдылда Иманкулов агабыз менен бир театрда иштейбиз. Мурдатан эле гастролдордо чогуу жүрүп калчубуз. Чоң сахналарда чогуу роль жараткан учурларыбыз да бар. Агайдын кулк-мүнөзү аябай жагат мага, мамилебиз жакшы. Абдылда агай биздин театрга жетекчи болуп келгенде күлкүлүү видеороликтерди тартып соцтармакка чыгарып турууну мен сунуштагам. Азыр убактыбызга жараша тартып жатабыз, эл да аябай жакшы кабыл алып жатат.
– Айрым эл алдында тамашакөй, шайыр адамдар кадимки жашоодо олуттуу болушат. Сиз кандайсыз?
– Жок, мен аябай деле олуттуу адам эмесмин. Кадимки жашоодо деле тамашалап күлдүрүп, бура сүйлөп, жайдары жүргөн жигитмин. Албетте, олуттуу боло турган да жерлер бар деңизчи. Ошентсе да жалпысынан мени шайыр адам деп мүнөздөсө жарашат. Боорукер жана ак көңүлмүн. Жакшы ата болуп, балдарыма үлгү боло тургандай жашасам дейм. Андан тышкары элиме кызмат кылсам деген максатты көздөйм. Бир күйүп, кайра тез эле өчүп кала турган эмес, элдин жүрөгүнө жакшы бир из калтырган адам болсом деген тилектер менен жашап келем.
– Сахнага кантип келдиңиз? Ага чейин кандай этаптардан өткөнүңүздү сурайын...
– Мектепте эле менде сахнага болгон сүйүү, кызыгуу бар эле. Сынактарга катышып, ырларды жазып гезитке чыгара калып жүрчүмүн. Кичинемде эле чоң сахнаны кыялданчумун, тырышчаактык жана талыкпаган эмгек менен азыркы ийгиликтериме жетиштим десем жаңылышпайм. Бирок жашоо-тиричилик орто жолдо чыгармачылыктан бир аз алыстатып койду. Москвадан келип, 2019-жылдан баштап гана чоң сахнага чыгып, спектаклдерде роль жарата баштадым. Азыр шүгүр, чыгармачылыктын жолунда алдыны көздөй баратабыз.
– Чыгармачыл инсан катары сизди эң биринчи колдогон адам ким болду?
– Мени колдогон адам – атам десем туура болот. Ал киши дайыма “сенден бир нерсе чыгат, сен элдин адамы болосуң” деп айтар эле. Мен да атам каалагандай адам болгум келди. Албетте, апамдын колдоосун да айта кетпесем болбойт. Кийин келинчегим колдоду. Эң башкысы – эл колдосо гана адам алдыга кадам таштайт экен.
– Кайсы тамашаңызды мынчалык ийгиликтүү болот деп күткөн эмессиз?
– 2020-жылы аэропорттон бир тамашалуу ролик тарткам. “Аялымды сагындым” деген темадагы тамаша болчу. Башында аны социалдык тармактарга жарыялагым келген эмес, элге жакпайт деп ойлогом. Бирок досторум “ушуну жүктө, азыр актуалдуу болуп жатат” дешти. Анткени кырдаал ошондой эле да, билеттер кымбаттап кеткен, учактар учпай калган, эки жакта жүргөн жубайлар бири-бирин сагынган мезгил. Достордун сөзүн угуп соцтармакка чыгардым. Так ошол видеом көп көрүү топтоп, эл мени ошол ролик аркылуу тааный баштаган.
– Сизге карата интернет колдонуучулары жазган комментарийлерди окуйсузбу?
– Ооба, окуйм. Бирөө жакшы пикир жазат, бирөө жаман жазат дегендей. Жаман сөз айткандарга жооп деле жазбайм, анткени ар ким өзүнүн акыл деңгээлине жараша ой жүгүртөт да. Ар кимдин дүйнө таанымы ар башка дегендей. Аларга өчөшүп “болду, экинчи видео тартпайм” дечү киши эмесмин.
– Тамашанын да чеги болуш керек деп ойлойсузбу? Мисалы, сиз эмнеден абайлап турасыз?
– Албетте, бардык нерседе чек болушу керек. Аша чаап же бирөөнүн аброюна шек келтирип тамашалоо туура эмес. Мен саясат темасынан алысмын, аралашкым келбейт. Анткени ал менин жумушум эмес деп ойлойм.
– Бир күнгө кимдир бирөөнүн жашоосун жашап көрүүгө шарт түзүлсө, кимди тандамаксыз?
– Президентибиздин жашоосун жашап көрмөкмүн. Мага кызык анын жашоосу, себеби – калкыбыздын саны 8 миллионго жеткени калды окшойт. Ошончо адамдын жоопкерчилигин бир күнгө болсо да алуу кандай сезим тартуулайт болду экен деп кызыгам.
– Бүгүнкү жаштарга юмор аркылуу эмне айткыңыз келет?
– Эң биринчиси – адептүүлүктү үйрөткүм келет. Жаштарга сабырдуулукту, улууну урматтоо сыяктуу жакшы нерселерди жеткирсем деп аракет кылам.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
– Келинчегим экөөбүздүн баш кошконубузга 20 жыл болду. Экөөбүз тең чыгармачылык жолдобуз. Бир кыз, үч уулду тарбиялап жатабыз.
Нуржамал Жийдебаева