Биз социалдык тармакта

Шахра Талипова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “ҮНҮМ ТАПТАЛУУ, КҮЧТӨНҮП ТУРГАН УБАГЫМ”

Чыгармачылыктын түйшүктүү, бирок сыймыктуу жолу тууралуу Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү ырчы Шахра Талипова биздин гезитке кеңири маек берди. Анда сахнага болгон сүйүүсү, өнөр ааламындагы алгачкы кадамдары, элге таанылуу жолу, фонограммага болгон көз карашы, ошондой эле жашоо жана өнөр тууралуу терең ойлору менен бөлүшөт. Мындан тышкары бала тарбиялоодогу турмуштук тажрыйбасы, мамлекеттик колдоо, сахна маданияты жана бүгүнкү күндөгү чыгармачылык абалы тууралуу кызыктуу кеп куруп берди.

– Шахра эже, “сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт” дегендей, чыгармачылыкта ордуңуз ар дайым бийик. Бул деңгээлге жетүү кыйын болдубу?

– Менин чыгармачылык жолум жаш кезимден башталган. 17 жашымдан тартып сахна менен байланышып, өнөр дүйнөсүнө аралаштым. Токтогул районунда элдик театр жаңыдан ачылып, кесиптештер арасында активдүү болчумун. Өнөр жолунда мага багыт берип, тарбиялаган адамдардын арасында режиссёр Сабира Кулатаева эжейдин орду өзгөчө. Ал бизге сахна маданиятын, көрүүчүгө болгон сый-урматты жана чыгармачылыкка жоопкерчилик менен мамиле кылууну үйрөттү. Сахнага чыгар алдында дайыма дем берип, бири-бирибизди колдоого чакырып турчу. “Бутуңарды түз кылгыла, далыңарды бүкүрөйтпөгүлө” деп бардык этиканы үйрөтчү. Ал учурда тарбия күчтүү болчу. Жумушка эрте келчүбүз, бири-бирибиздин кемчиликтерибизди айтчубуз. Анткени концертке келген элге татынакай болуп, талантыбызды тартуулашыбыз керек. Сахнадан бардык жактан төп келишке убада берип келе жатам. Кыскасы, убакытты туура пайдаланып, жоопкерчиликтүү болуп, “улгайып калдым” дебестен, өзүмө ылайыктуу, жарашкан кийимдерди кийүүгө аракет кылам.

– Мамлекет тарабынан өнөр адамдарына колдоолор кандай эле?

– Мамлекет мени аябай колдоду. Ыраазымын. Токтогулдан үй беришти. Айлык акымды көтөрүп, тойлордо колдошту. Балдарымды жалгыз бой тарбияладым да. Мындай колдоо жетекчиликтин айтканын так аткарганым, жоопкерчиликтүү мамилем үчүн болсо керек.

– Жөнөкөй үй-бүлөдөн чыгып, Эл артисти даражасына жеттиңиз. Артыңызга кылчайып караганда эмнеге көбүрөөк ыраазы болосуз?

– Жетишкендиктерим ата-энемдин тарбиясынан, колдоосунан. Атам жылкычы болуп эмгектенсе, апам үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөргөн кожойке эле. Үйдө жалгыз иним менен чоңойдум. Мектепте окуп жүргөндө коомдук иштерге, маданий иш-чараларга дайыма активдүү катышчумун. Райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги сынактарда жеңиштерге жетиштим. Ошол учурда мамлекет дагы таланттуу жаштарга чоң жардам берчү. Сынактарга катышуудагы чыгымдардын көбүн мамлекет көтөрүп берчү. Азыр да маданият тармагына көңүл бурулуп жатат. Мисалы, филармониянын жамааты жакында Индиянын Дели шаарына чыгармачылык сапар менен барып келишти. Жалпысынан алганда, бүгүнкү күндө колдоо жакшы. Жакшыны жакшы деп айтышыбыз керек. Мамлекеттин жана элдин колдоосуна ыраазы болуп, аны баалай билишибиз зарыл.

– “Фонограмма менен ырдап жүдөгөм” деп айтып калганыңыз бар. Азыр фонограмма менен ырдайсызбы?

– Фонограмма жаңы чыгып баштаган кезде ырдагым келген эмес. Спорт ордосунда өткөн концерттерде “үндүн сапаты жакшы болбой калат, фонограмма менен ырда” дешкен. Чынын айтсам, ошондо фонограмма менен ырдаганда өзүмдү эркин сезбей, микрофон бир жакта калып, кыймыл-аракетим башка жакка кетип, ыңгайсыздык жаралган. Фонограмма менен ырдаганда эмоциям толук ачылбай, көрүүчүлөр менен жандуу байланыш түзө албай калам. Мен үчүн сахнада ырды жандуу үн менен аткаруунун орду өзгөчө. Анткени жандуу үн көрүүчүгө башкача таасир берип, ырчынын да сезимин толук жеткирет. Фонограмма эч качан жандуу үндүн ордун баса албайт.

– Көпчүлүк сөз байлыгыңызга көңүл бурат. Сүйлөө маданиятыңыз мыкты, бул убакыттын өтүшү менен акырындап калыптандыбы?

– Албетте. Ар бир ырчыга айтарым, сахнага болгон көз караш жогору болушу керек. Элдин эки көзү сахнада турган адамда болот. Ошондуктан сахнага ар тараптуу даярданып чыгуу зарыл. Ырчы ырын эле аткарып кетпестен, сүйлөй турган сөзүнө да алдын ала даярданышы керек. Антпесе эл алдында ыңгайсыз абалда калышы мүмкүн. Көрүүчүгө айтылган ар бир сөздүн орду бар. Ошондуктан сахнадагы сөз маданиятына өзгөчө көңүл буруп, маанилүү жана мазмундуу сүйлөгөнгө аракет кылуу керек.

– Кайсы бир учурда жаңылгансызбы?

– Ооба, жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт. Эки ырды удаасынан аткарып жатып, сөзүн унутуп калган учурлар болот. Мындай көрүнүш ар бир чыгармачыл адамдын башынан өтөт. Ошол учурда өзүңдү жоготпой, кырдаалдан жол таап чыгып кетүү маанилүү. Тажрыйба арткан сайын мындай жагдайларды сабырдуулук менен жеңип, өнөрүңдү улантып кетүүнү үйрөнөсүң.

– Балдарыңызды жалгыз бой тарбиялап, окуттуңуз, баары турмушта өз ордуларын табышты. Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...

– Беш баланы жалгыз өстүрдүм. Баарынын жогорку билим алышына шарт түзүп бердим. Балдарымдын баары жакшы окуп, өз ордуларын тапты. Өздөрү азыр ата-эне, неберелүү болуп калышты. Неберем Эрнис Батырканов “Дордойдун” курамында футбол ойноп, сыймыгыбызды арттырууда.

Менин байлыгым, сыймыгым да балдарым. Аларды мээрим менен чоңойтуп, калкалап, кастарлап өстүрдүм. Азыр балдарым – демөөрчүм. Тагдырдын жазганы экен, жүрөгүмдүн бир бөлүгү болгон Гүлзатым (ред.: ырчы Гүлзат Батырканова) арабызда жок. Анын орду эч качан толбойт. Сагынычым жүрөктө, элеси көз алдымда жашайт.

– Гүлзат эженин балдары да бой жетип калышса керек?

– Ооба, балдары чоңоюп калышты. Жакында Гүлзат кызымдын жаркын элесине арнап китеп чыгардык. Анда ага арналган ырлар, жүрөктөн чыккан сөздөр топтолгон. Абдан сонун, мазмундуу китеп жазылды. Эми күзүндө китептин бет ачарын өткөрүп, сармерден уюштурсам деген тилегим бар.

– Жаш өткөн сайын адамда кайсы сапаттар өзгөрөт. Өзүңүздөн кандай өзгөрүүнү байкадыңыз?

– Артыма кылчайып карасам, баскан жолумду баалайм. Балдарыма мамилем өзгөрдү, жаш өткөн сайын акыл айтып калат экенсиң. Кеңеш айтып калганым карылык эмес, көргөн-билгенимдин көбөйгөнү да.

– Интернет желесиндеги талкууларды карасак, сиз тууралуу жаман пикир жок экен. Мунун сыры эмнеде деп ойлойсуз?

– Мен баарына бирдей мамиле кылганга аракет кылам. Анткени ата-энем мени жөнөкөйлүккө, адамгерчиликке тарбиялап өстүргөн. Сыры жөнөкөйлүктө. Жаш ырчыларга “төбөң көккө жетсе да, жөнөкөй бол” дейт элем.

– Чыгармачыл чөйрөдө сизге атаандаштар болдубу?

– Биздин учурда да чыгармачыл чөйрөдө атаандаштык болгон. Бирок талантты да, үндү да эч ким тартып ала албайт. Ошол менен жеңесин. Ар кимдин өз жолу, өз багыты бар. Ошондуктан эч кимге теңелбей, өз жолуң менен ишенимдүү кете берүү эң туура. 

– Көп жылдык эмгектен кийин дагы сизди сахнада кармап турган күч эмне?

– Эл артисти наамын алдым деп жатып албайм. Ал наамды акташым керек. Катардан калбай ырдап келе жатам. Кудай ден соолук берсе, дагы да иштейм.

– Ошентсе деле кээде чарчап, “болду эми” деген учурлар болобу?

– Андай учур боло элек. Азыр күчтөнүп турган убагым. Жаңы ырларды жаздырып жатам. Кудайым канча жаш берсе, ошончо ырдайм. Элим үчүн үнүмдү таптап турган чагым.

– Сахнага чыгар алдында толкундануу азыр деле болобу?

– Ооба, азыр да сахнага чыгарда толкунданам. Денем тердеп, муздап кетет. Кээде толкунданганымдан артка кетким келип калат. Бул сахнага болгон чоң жоопкерчилик жана сый-урмат болсо керек. Мен үчүн сахна ыйык. Ар бир жолу көрүүчүлөрдүн алдына биринчи жолу чыгып жаткандай сезим менен чыгам.

– Ырчы болуунун кыйын жактары?

– Элдин сүйүүсүн табуу оңой эмес. Бул даражага бир топ эмгек, түйшүк менен жеткем. Илгери ар бир малчынын үйүнө, талаада трактор айдап жүргөн эмгекчил адамдарга чейин барып ырдап, элге таанылдык. Азыр шарт башка, жакшы маданият үйлөрү салынды, заманбап үн жабдуулар, микрофондор бар. Биздин учурда мындай мүмкүнчүлүктөр аз эле. Өз үнүбүз менен ырдачубуз. Элим колдоп, таанытып, ушул күнгө жеткирди.

Мээрим Дербишалыева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1224, 5-11-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан