Биз социалдык тармакта

Аккыз Абазбекова, төкмө: “КЫЙЫН КЫЗ ЭКЕНИМДИ БИЛЕМ”

Төкмөлүк өнөрдүн таланттуу өкүлү, ырчы, дастанчы жана манасчы Аккыз Абазбекова маек төрүбүздө. Курч, таамай сөздөрү, күчтүү харизмасы менен өзгөчөлөнүп турган өнөр ээси чыгармачылыктагы жолу, айтыштын сырлары, жеңиштери, карманган баалуулуктары тууралуу айтып берди. Кызыктуу маек алаканыңызда. 

 

– Саламатсызбы, Аккыз? Сизди белгилүү ырчы Аскат Мусабековдун шакирти деп уктум, жолуңар кантип кесилишти?

– Саламатчылык. Учурда мен Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын 3-курсунун студентимин. Аскат агай бизге вокалдан сабак берет. Ошондуктан андан сабак алып турам.

– Төкмөлүк, манасчылык, ырчылык... Кайсынысы сиздеги табигый талант, кайсынысы эмгектин натыйжасы?

– Ооба, бардык багытты чогуу алып кеткенде чачырап калат экенсиң, бирок баары биригип келип ушул турган Аккыз деген адамды түзөт. Баарын бирдей алып кеткенге аракет кылам. Үнүмдү Кудайдан берилген табигый өнөр деп билем, көптөр “тембриң өзгөчө” деп айтышат. Эмгекти талап кылган тармактар – төкмөлүк, манасчылык, дастанчылык. Бирок булардын жүгү оор болгону үчүн түбөлүктүү өнөр деп билем.

– Жүгү оор деп калдыңыз. Манасчылыктын же төкмөлүктүн кандайдыр бир касиети сезилеби?   

– Мисалы, "Манас" айтып жаткан учурда аяндар болот. Анткени ойлоруң, жүргөнүң, сүйлөгөнүң баары ошол болгондуктан ошол учурда аян сезиле берет. Кээде сезип, кээде сезбей деле каласың. Башында аян экенин деле билбей калган учурларым болду. Аян – өнөрлөргө ачылган жол дешет. Алгач өнөр жолуна келип калганым деле ошол аян түштүн таасиринен улам болгон. Устатым Элмирбек Иманалиевди 7-класста түшүмдө көрдүм. Анда бул жолго түшөм деп деле ойлогон эмесмин. Бирок ушундай болду, анын шакирти болуп калдым. Кээде манасчы Саякбай ата түшүмө кирген учурлар болот.

– Сизди абдан таасирленткен айтыш кайсы болгон?

– Ачык айтсам, андай айтыш боло элек (күлүп). Эл аралык айтыштарга көп чыга элекмин, республикалык айтыштарга катышып жүрөм. Албетте, өзүмдүн жалкоолугумдун айынан көп чыкпай жатам. Таасирленткен айтыш келечекте болот деп үмүт кылам.

– Аздыр-көптүр элге таанылып калдыңыз? Бул нерсе сизди өзгөрткөн жокпу, мисалы, текеберлик сапаттар ойгонуп?

– Билбейм, аны башкалар айтпаса... Андай болсо да адатта адамдын өзүнө байкалбайт эмеспи ал илдет. Бирок колдон келишинче жөнөкөй болгонго аракет кылам. Азыр сиздин алдыңызда кандай турсам, жашоодо деле ошондой элемин. Кээде айрымдар “Аккыз өзүнүн кыйын экенин билбейт, ээ?” деп айтып калышат. Бирок кыйын экенимди билем (күлүп). Болгону мага текебер мүнөз күтүүгө болбойт. Табиятымдан, алган тарбиямдан улам анте албайм. Устатым Элмирбек Иманалиев “акын болуу кыйын,  адам болуу андан да кыйыныраак” дечү. Чын эле акын болуу оңоюраак, күн сайын адам болуу, адамгерчиликти сактоо  кыйын окшойт. Бирок көөп кетсем, чокудан ары ура турган адамдарым көп.

– Айтылуу “Смуглянка” ырын ырдапсыз. Улуттук өнөрдү аркалап, айтышка чыгып жүргөн кыздын орусча ырдаганын көрүп таң калдым...

– Ал окуя мындай болду: Улуттук консерваториянын вокалдык ансамбли ошол күнү концерт койгонбуз. Негизи орусчасы меникине караганда жакшыраак кыздар көп эле болчу, бирок ошол ырга үнүм туура келип калды окшойт. Агайыбыз мени кыйнап отуруп ырдатты. Тилим келбей жатып араң аткардым. Байкасаңыз, орусча ырдап жатам, бирок тембр “кыргызча” кетип жатты. Чынында укканым "Манас", элдик ырлар болуп келе жатып, андай ырды ырдап чыгуу башкача болду. Көптөр таң калышты окшойт сиз сыяктуу.

– Сиз жетем деп көксөгөн бийиктик кайсы?

– Элдин ыраазычылыгы – мен көп эңсеген бийиктик деп билем. Өнөргө таптаза, жан дүйнөм менен берилип кызмат кылгым келет.

– Айрым ырчылар элге таанылыш үчүн атайылап хайп жаратат. Сиз буга кандай карайсыз?  

– Шоу-бизнес өкүлдөрү хайп кылышса жарашат, алар үчүн бул мыйзам ченемдүү эле нерсе деп ойлойм. Алар элди зериктирбей шоу кылып турушу керек да. Бизге болбойт, пендечиликтен бир аз карманышыбыз керек. Мен комузумду кармап турсам, кантип хайп жарашмак эле (күлүп).

– Аккыздын күчү эмнеде деп ойлойсуз?

– Өнөр жагынан караганда, үнүм – менин күчтүү тарабым деп айта алам. Мүнөздүн күчүнө келсек, көп таарына бербейм. Бир нерсеге кыжалат деле болбойм, “болсо болот, болбосо жок” деп кете берем. Эч нерседен коркпойм. Кээде мени жакшы билгендер күлүп калышат, “даяр болбосоң деле айтышка чыгып кете бересиң” деп. Өзүнөн-өзү айтылып, жасалып, болуп кете берет. Кээде жаңылып калам, анда деле  башымды мыкчып капа боло бербейм.

– Сүйүү жөнүндө сурайынчы. Ал тарапта эмне жаңылыктар?   

– Оо, сүйүү керемет да. Мага мурун сүйгөн жакчу, азыр сүйүлгөн жагып жаткан кези. Сүйүп калсам, жыргап эле калам. Башкалар сүйгөндө төгүп ырдап калышат экен, а мен ырдай албай калам. Комузду карап эле тура берем. Устатым Элмирбек Иманалиев айткандай, бул Кудайлык маселеге кирет деп түшүнөм. Чыгармачыл адамдардын сүйүүсү да башкача болот, кичинекей нерседен эле чоң романтика жасап алабызбы, билбейм. Кээде жашың деле туура келбей калат (күлүп).

– Өзүңүздөн бир топ улуу адамды сүйүп калган учур болдубу? 

– Апам окуса өлтүрөт (күлүп). Рамкадан чыкпай, “андай болгон эмес, менде баары идеалдуу” деп калп айта берген да табиятыма туура келбейт. Кыскасы, түшүндүңүз... 

– Сүйүлгөн жакты деп калдыңыз, демек, сизди сүйгөн бирөө бар...

– Ооба, сүйгөн адамым бар. Эртең эмне болорун эч ким билбейт. Ошентсе да сүйгөн адамыма турмушка чыгып бактылуу болом деген ниеттемин. 

– Турмуш курууда акылды угуш керекпи же жүрөк эмне десе да баш ийген туурабы?

– Ооба, биринчи сүйүү керек. Материалдык, моралдык жагын, баарын ойлонуп туруп чечим чыгаруу керек. Анан өнөр жолунда жүргөн айымдардын дагы бир чоң көйгөйү бар. Жолдошубуз бизди түшүнгөн, колдогон адам болушу керек.

– Япониялык аниме, кореялык дорамаларды көрүп таасирленген муундун өкүлүсүз да. Бирок ал муунга окшобойт экенсиз...

– Мен теңдүүлөр эмнени ойлонуп жатышат билбейм, бирок мен “50 жылдан кийин мөңгүлөр жок болуу коркунучунда турса, кандай кылабыз, ыя?” деген суроолор менен баш оорутам. Дорама деле көрөм, Жеңижокко да таасирленем.

– Маегиңизге рахмат, бар болуңуз!

 

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1224, 5-11-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан