“Башымды бат-баттан жуусам деле какачы кетпей жатат” дегендерди угуп калабыз. Дерматолог текшергенде айрымдардыкы какач эмес эле олуттуу дарылоо керек болгон себорея дарты болуп чыгат. Макалада ушул илдет тууралуу айтып беребиз.
Себорея – “майланышууга өтөм” деп чечмеленет
“Себорея” – латынча “май” жана байыркы гректердин “өтөм” деген сөздөрүнөн куралган сөз жана ооруга коюлчу диагноз. Башкача айтканда, “майланышууга өтөм” деген маанини билдирет. Дарт көбүнчө баш терисин гана жабыркатат, бирок айрымдарда бет, көкүрөк, колтук, кулак арты, жука чурай терисине да жайылып кетет. Себорея – баш теридеги май бездеринин иштешинин бузулушу. Бара-бара ал майлардын сапаты да начарлайт. Ошентип баштын терисинин абалы көп өзгөрүлөт. Дарттын башкы белгиси болуп – баштын терисиндеги өтө көп кабырчыктардын (чоң какачтарга окшош) пайда болушу, чачтын түшүшү, кычыштыруу эсептелет. Бул эмчектеги балдарда да, чоң адамдарда да кездешет. Себореянын коркунучу – дарылатпаса чач түшүп, таз болууга чейин жеткире тургандыгы. Себореяда тери безинин бактерияларды, анын ичинде грибокторду өлтүрүүчү касиети төмөндөйт. Грибоктор көбөйүп кетсе, себореялуу экзема, себореялуу дерматит, ириңдүү жараларга алып келет. Дарттын майланышкан жана кургак деген 2 түрү бар.
Майланышкан себорея
Майлуу чөйрө грибоктордун көбөйүшүнө шарт түзөт. Бул түрүнүн белгилери:
• Алгач какачтар пайда болуп, акырындап териде кызаруу, шуудуроо келип чыгат. Анан чач майланышып, жылтырап, бири-бирине жабышып, бат кирдей баштайт.
• Баш теридеги тер жана май бөлүнүп чыгуучу тешикчелердин өлчөмүнүн чоңоюшу, бүдүрчөлөрдүн чыгышы, кычыштыруу.
• Баштын терисиндеги өтө көп кабырчыктардын (чоң какачтарга окшош) пайда болушу.
• Чачтын түшүшү.
• Оор жумуш жасаганда, көп ойлонгондо, толкунданганда, дене табы көтөрүлгөндө май бездери ого бетер катуу иштейт.
Кургак себорея
Мында чач түбүндөгү кан тамыр ичкерип, чачка азык жетпегендиктен чач түшө баштайт. Грибоктор көбөйөт. Адамдар бул түрүн көбүнчө какач менен алмаштырып алышат.
Белгилери:
• Кабырчыктар чачтын терисин бүтүндөй жаап калат.
• Чач адатта кургак, сынма жана учу эки ачакей болот.
• Кыймылдаганда чачтын түбү тартылгансып, аздан кычышуу жаралат. Кычышуу көбүнчө жуунгандан соң күчөйт.
• Баш териде кызарган так, бүдүрчөлөр пайда болот.
Келип чыгышы
Дарттын жаралуусун төмөнкүлөр шарттайт:
• Гормондордун, ички бездердин иштешинин бузулушу
• Кан жана зат алмашуунун бузулушунан баш теринин начар азыктанып калышы
• Нерв системинин жана ичеги-карындын айрым оорулары
• Малассезиа грибогунун баш териде көбөйүп кетиши
• Стресс, депрессия, иммунитеттин төмөндөшү
• Айрым дарылардын таасири
• Чачты туура эмес күтүү
• Тукум куучулук. Адатта үй-бүлөдө ата-эненин бири ушул илдеттен жабыркаса, бул балдарга өтөт
• Организмде цинктин жана никотин кычкылынын жетишсиздиги
• Өспүрүмдөрдө себорея жыныстык жактан жетилүү мезгилинде организмдеги гормондордун өзгөрүшүнөн улам келип чыгат
Анализ үчүн керектүүлөр
• Чачтын түбүндөгү кабырчыктар кырылып алынып, лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлөт.
• Кандын жалпы анализи. Мындан сезгенүүнүн канчалык деңгээлде экендиги билинет.
• Адамда ички бездер, нерв системи, ичеги-карын оорулары болсо аларды кошо текшертүү. Гормондорго анализ тапшыртуу.
• Кандын биохимиялык анализи. Бул боор, өттүн абалы жана кандагы канттын өлчөмүн аныктоо үчүн зарыл.
Дарылоодо грибокко каршы каражат керек
Себореянын түрүнө жана келип чыгышына жараша дарылоо жүргүзүлөт.
• Диета кармоо сунушталат. Тамак-аш катарынан майлуу, туздуу, ышталган жана кондитердик азыктарды, фаст-фуддарды чыгарып, ордуна жашылча-жемиштерди көп кошуу керек.
• Адамда жогоруда айтылгандай оорулар бар болсо, аны айыктырмайынча дарылоо жардам бербейт.
• Эгер себорея грибоктон улам болсо, грибокко каршы касиети бар дарылык шампундар колдонулат. Эгер грибоктор баштан тышкары колтук, кулактын арты, жука чурайга да өтүп кетсе, анда ага каршы дары май, крем, атайын самындар кошо пайдаланылат.
• Теридеги кабырчыктарды жана теринин шуудурашын кетирип, кычыштырууну басуучу курамында салицил кычкылы, цинк бар каражаттар да сунушталат.
• Режимди сактап, стресстен качуу керектелет. Нервдик чыңалуудан себорея күчөп кетет. Толук кандуу уктоо, сейилдөө батыраак айыгууга жардамчы боло алат.
• Витамин терапиясы керектелет.
• Жогорудагылар жакшы жардам бербеген учурда гормоналдык дары-дармектер кошулат.
• Физиотерапия, криомассаж, озон менен дарылоо да кошулса, жардамы жакшы болот.
• Сезгенүүнү кетирүүчү жана антисептикалык касиети бар чөптөр, мисалы, ромашка, календула, шалфей менен башты чайкап туруу дарылоо түрүнө кирет.
• Себореядан дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин да 2 ай аралыгында дары-шампунь колдонула берет.
• Аталган оорусу барлардын чачын боёого, тармалдатууга, лак себүү жана фен менен кургатууга болбойт.
Себорея менен какачтын айырмасы
Айрымдар себорея менен какачты бирдей түшүнүшөт. Бул туура эмес, экөөнүн айырмасын билип алуу кажет. Какач – бул баш терисинин үстүңкү катмарынын түлөп, кычыштырышы, андан тышкары чачтын ичкерип, суюлушу. Чачты фен менен кургатуу, чачты туура эмес күтүү, организмде витаминдердин жетишсиздиги, стресстер, чачты көп боёо, зат алмашуунун бузулушу жана башкалардан жаралат.
Оорунун алдын алуу
• Бирөөнүн тарагы менен тарабоо, баш кийимин кийбөө. Анткени грибоктуу себорея болсо, жугат.
• Туура тамактануу.
• Чачты туура күтүү, жеке гигиенаны сактоо.
• Өнөкөт оорулар болсо, аны дарылатуу жана башка.
Кызыктуу фактылар
• Адамдын башынын терисинин алдындагы май бездери 1 аптада 100-200 граммга жакын майды бөлүп чыгарат. Ал эми себореяда өлчөмү мындан да ашып кетет.
• Эркектердин 25 пайызга жакыны себореядан азап тартат.
• Себорея иммунитети начарларда көп жолугат. Андыктан ВИЧ, СПИД, онкологиялык илдет, кант диабети, боордун цирроз оорулары менен ооругандардын 80 пайызына жакыны себореядан азап тартат. Ошондуктан ооруга чалдыкпоого аракет кылуу кажет.
Канымжан Усупбекова