Психологдор “Адамдын аты – анын тагдырынын формуласы, жашоосунун программасы. Адамды кармап турган өзөгү. Адамды өмүр бою коштоп, таасирин тийгизип жүрөт” дешет. Кандайча экенин айтып беребиз.
ЫСЫМДАГЫ ТАМГАЛАРГА КАТЫЛГАН СЫР
Адегенде ысымдагы ар бир тамгага катылган мүнөз, сапаттар менен тааныштырабыз. Ысымыңызда кайсы тамгалар көп кайталанса, демек, ошол тамгадагы катылган мүнөз, сапаттар сизде көбүрөөк. Мисалы, ысымыңыз Айна болсо, “а”, “й”, “н” тамгаларына маани бериңиз.
|
А |
тамгасы. Башталыштын символу. Самаган пландарды ишке ашырууга, жан дүйнөнү өстүрүүгө далалат, эмгекчилдик. Чөйрө жана өзү менен гармонияда жашоого умтулуу.
|
Б |
тамгасы. Туруктуулук, өжөрлүк, романтика, алдыга умтулуучулук. Бизнесте артын көп ойлонбой, кооптуу кадамдарга бара берүү.
|
В |
тамгасы. Коммуникабелдүүлүк, чыгармачылык. Келечекти кылдаттык менен пландоо, пландалгандарга жетүүгө чамдоо.
|
Г |
тамгасы. Билимге, жашыруун сырларды ачууга умтулуу, адамдарды түшүнө билүү. Иштин майда деталдарына чейин көңүл буруп, чын дилден жасоо.
|
Д |
тамгасы. Иш баштаардан мурда мыкты ой жүгүртүп, пландай билүү. Жардам берүүгө даяр туруучулук. Экстрасенстик касиетти алып жүрүү.
|
Е |
тамгасы. Дайыма өзүн көрсөтүүгө, оюн, идеясын айтууга далалат кылуу. Идея алмашууга, ортомчулуктун ролун аткарууга маш. Бийлик, кызматка умтулуу күчтүү.
|
Ж |
тамгасы. Токтоолук, адамдарга оңою менен жан дүйнөнү ача бербөөчүлүк. Элге дем берүүгө маш. Идеяларды, тапшырылган иштерди убагында аткара билүү.
|
З |
тамгасы. Сырт дүйнөдөн мыкты коргонуу, ички туюмдун, фантазиянын күчтүүлүгү. Кээ бир кырдаалда эмне кыларды билбей өзүн жоготуп коюу.
|
И |
тамгасы. Сезимталдык, боорукерлик, тынчтыкты сүйүүчүлүк. Баарын салмактап иш кылуу, өз көзү менен көрмөйүнчө ишене бербөө.
|
К |
тамгасы. Чыдамдуулук, эрктин күчтүүлүгү, сырды жашыра билүүчүлүк. Турмуштук кредосу “бардыгы же эч нерсе”.
|
Л |
тамгасы. Артистизм, сулуулукту көрө, сезе билүү. Билимге умтулуу, өз миссиясын, келечектен эмне каалаарын билүү жана аны аткарууга далалат.
|
М |
тамгасы. Камкордук, жардамга кол суна билүүчүлүк. Кээде өзүмчүлдүк. Өзүнөн көп нерсе талап кылып, сындап, бир кемчиликтери үчүн өзүн “жей” берүү.
|
Н |
тамгасы. Көп нерсени кабыл алгысы келбей каршылык көрсөтө берүүчүлүк. Курч сынчыл акылга ээ. Иштемчил, сүйүүдө талапчыл.
|
О |
тамгасы. Терең ойлоно билүүчүлүк, сезимталдык. Акчаны, керектүү адамдарды колдоно билүү. Консервативдүүлүгүнүн өз ички мүмкүнчүлүгүн ачып берүүгө тоскоолдук кылуусу.
|
П |
тамгасы. Өз позициясын карманып, акылын керектүү ишти аткарууда толук колдоно билүү. Ийгиликтерди багынтып, мактануу.
|
Р |
тамгасы. Өзүнө ишенимдүүлүк, максатка умтулуучулук, эр жүрөктүк, убадага туруктуулук. Кээде каратып туруп айтканын, көргөнүн чанып кете алуу.
|
С |
тамгасы. Туура ойлонуп, материалдык байлыкка, бийликке, өз жолун табууга аракет кылуу.
|
Т |
тамгасы. Ички туюмдун жана чыгармачылыктын күчтүүлүгү, акыйкатты издөөчүлүк. Каалоосу менен мүмкүнчүлүгүн так аныктай албоо.
|
У |
тамгасы. Кең пейилдүүлүк, фантазиянын күчтүүлүгү. Жан дүйнөсүн байытууга умтулат. Оюн, башкы максатын жашыра алуу.
|
Ф |
тамгасы. Көңүл борборунда болууну жактыруу, элге көрүнүүнү көздөө, өзгөчө идеяларга бай болуу. Ички карама-каршылыктар турмушта көп кесирин тийгизет.
|
Х |
тамгасы. Жашоодо баарына өз күчү менен жетүүгө, аброй топтоого далалат. Эл эмне дейт деп жашоо.
|
Ч |
тамгасы. Жакындарына милдет кылбай жардам берип, өзүн ар тараптуу өстүрүүгө далалат кылуу. Акчаны сүйүү.
|
Ш |
тамгасы. Майда нерселерге чейин маани берип, кырдаалды так аныктоого аракет кылган салкын кандуулук. Юморго жакын. Оор кырдаалдардан оңой чыгып кете алуу.
|
Ы |
тамгасы. Атаандаштык, байлыкка, чындыкка умтулуучулук. Өз кызыкчылыгы үчүн жаман ишке бара алуу.
|
Й |
тамгасы. Себепсиз эле бир нерселерден чочулай берүү. Өзүн сүйүү, ашыкча баалоо.
|
Э |
тамгасы. Анализдөө жөндөмүнүн мыктылыгы. Өзүн мыктылардын катарына кошуу, аны далилдөөгө аракет кыла берүү.
|
Я |
тамгасы. Өзүнүн жакшы жактарын билүү, чөйрөдөгүлөрдүн сыйына, кызмат орунга жетүү үчүн аракет кылып, тилегине жетүү.
|
Ь |
тамгасы. Баарын туура ойлонуу менен өз ордуна коё билүү.
ТАМГАЛАРДЫН ЖЕКЕ САНЫ МҮНӨЗ, ТАГДЫРДАН КАБАР БЕРЕТ
Ысымдагы ар бир тамганын жеке саны болот. Ага карап адамдын мүнөзүн, сапаттарын билип, анан алардын тагдырына тийгизген таасирин баамдаса болот. Бул үчүн сиз атыңыздагы тамгаларды таблицадагы санга алмаштырып, санап чыгышыңыз керек. Мисалы, Үсөн деген ысымды алалы.

Үсөндө “ү” 6 санын, “с” 3 санын, “ө” 9, “н” 6 санын билдирет. Эми сандарды акырында 1 орундуу сан чыккыча кошуп чыгабыз.
6+3+9+6=24. 24 бул: 2+4=6. Демек, 6 санында берилген мүнөздөмөдөн анын кандай адам экендигин билебиз.
6 саны. Чөйрөгө бат ыңгайлашып, ишин, турмушун жакшы алып кете турган адам. Токтоо, боорукер, мыкты кеңешчи. Өзүмчүл, ошол эле учурда өзүнө талапчыл. Кээде терең ойлоно албай, жеңил ойлуулук кылып коймой жагы бар. Кеңеш: Баштаган ишти таштабоо!
1 саны. Тубаса лидер. Көздөгөн максатына жетет. Бийликке умтулат, амбициясы бийик, чечкиндүү. Татаал кырдаалдардан ойго келбеген жолдорду таап чыгып кетет. Маанайы өзгөрмөлүү, ачууга бат алдырат. Акчаны оңой табат, оңой жоготот.
Кеңеш: Кооптуу чечимдерди кабыл албоо кажет.
2 саны. Иште, чөйрөдө пикирлештерге, жардамга муктаж болуп турат. Ийгиликке өзүн колдоп турчу адам болсо гана жетет. Урушкандарды элдештирүүгө маш. Эмоциялары туруктуу эмес. Бирөөлөргө бат ишенет. Бирок чарбачыл, достукту баалаган адам.
Кеңеш: Адамдардын баарына ишене бербөө, болбогон нерсе үчүн дүрбөлөң түшө бербөө зарыл. Бизнес менен жалгыз алектенүү сунушталбайт.
3 саны. Оптимист, ар тараптан өнүккөн, активдүү, акыл-эс кампасы кең, достукту баалаган жан. Абдан эмоционалдуу. Кээде жеңил ойлуу, иштерди айрым убакта аягына чыгарбай коёт. Келечекти көрө билбейт, кекчил.
Кеңеш: Болор-болбоско нерв кетирбөө кажет.
4 саны. Эмгекчил, абройлуу, стресске туруктуу. Моралдык баалуулуктарды дайым өйдө койгон жакшы манеранын ээси. Стандарттуу эмес ой жүгүртөт, эркиндикти баалайт. Кемчилиги – кежирлиги.
Кеңеш: Энергиясын керектүү багытка жумшаса, ийгилик күткөндөн да ашып түшөт.
5 саны. Эркиндикти, саякатты, өзгөрүүлөрдү сүйөт. Окуялардын чордонунда жүргүсү, кырдаалды башкаргысы келет. Бир жерде отуруп иштөөчү ишти жактырбайт. Мүнөзү өзгөрмөлүү. Кылып жаткан иши ийгиликсиз болуп калса дымагы өчүп, оор кабыл алат.
Кеңеш: Кызмат орун үчүн жан далбастап жутуна бербөө керек, татыктуу болсоңуз жетекчилик өзү байкайт.
7 саны. Жалгыздыкка ыктаган, динге, мистикага жакын адам. Көбүнчө өз дүйнөсүндө жашайт. Абийир менен иштейт, тыкан, ишенимдүү, өжөр. Идеалдуулукка умтулат. Өз оюн башкаларга таңуулай берет. Чечим кабыл алууда узак ойлонот. Каржылык абалы туруктуу болбойт. Ойлогонун чанда гана аягына чейин чыгарат.
Кеңеш: Жанында коммерцияны жакшы билген адам болбосо, соодага киришпөө сунушталат.
8 саны. Эрки күчтүү, энергияга бай, абройлуу, ишеничтүү адам. Анализдей жана талап кыла билет. Чечимди туура жана бат чыгара алат. Мээнеткеч, өжөр болгондуктан акча, байлык топтойт. Баарын ачык айтып, жек көрүндү болмой жагы бар.
Кеңеш: Жетишилген ийгилик менен токтоп калбай, алдыга жыла берүү кажет.
9 саны. Эркиндикти, гармонияны, достукту баалаган, чыр-чатактан алыс, сырды сактай алган, адамдардын укугу үчүн күрөшкөн жан. Өзүнө гана ишенет. Чыгармачылыгы күчтүү. Сүйүү маселесинде чечкинсиз.
Кеңеш: Ийгиликке жетүү үчүн жетишкендиктерин анализдеп, алдыдагы иштерин туура пландашы керек.
Канымжан Усупбекова