Биз социалдык тармакта

КАЗАКСТАН ЖАСАЛМА ЖАМГЫР ЖААДЫРУУГА КИРИШТИ: КЫРГЫЗСТАН КУРГАКЧЫЛЫККА КАБЫЛАБЫ?   

Казакстан булуттарга таасир этүү менен жамгыр жаадыруу долбоорун ишке ашырууга киришти. Коңшулар булуттарды “жолдон тосуп алып” жамгыр төктүрүшсө, анын таасири Кыргызстанга тиеби? Өлкөдө жаан-чачын аз жаап, суу балансына, мөңгүлөргө терс таасир этиши мүмкүнбү? Адистер сүйлөшөт.

 

Тарыхта...

Булуттарды “сааш” ыкмасын 1940-жылы америкалык химик Инвинг Ленгмюр ойлоп тапкан. Алгачкы эксперименттерде реагент катары кургак муз, кийинчерээк күмүштүн йодиди колдонулган. 1943-жылы алгачкы жолу табигый шартта жасалма кар жаадырылган. Бул жаатта изилдөөлөр учурда 80 өлкөдө, мисалы, Орусия, Кытай, АКШ, Австралия, Франция, Таиланд, Индия, Сауд Арабиясы, БАЭ жана башка өлкөлөрдө жүргүзүлөт жана колдонулат.

 

Жасалма жамгыр кантип пайда болот?

Жасалма жамгыр үчүн көбүнчө 3 реагент колдонулат: күмүштүн йодиди, суюк азот жана кургак муз. Булардын ичинен жыйынтыгы эң жакшысы күмүштүн йодиди. Үчөөнүн кайсынысы болбосун булуттарга учак аркылуу чачылат, ракета же пушка менен атылат да, булуттарга аралашат. Булуттагы суу тамчылары кристаллдашып, натыйжада кар же жамгыр жаайт. Булуттарды иондоштуруу ыкмасы да бар. Дрон аркылуу булуттарга таасир этүү ыкмасы БАЭде колдонулууда. Дрондор булуттарга өзүнүн бортундагы нурлантуучу шаймандар менен таасир этет (иондоштурат). Булуттагы майда суу тамчылары бири-бирине тартылып, жабышып, анан жамгыр болуп жаайт.

 

Артыкчылыктары

• Кайрак жерлер, талаалар сугарылат. 

• Суу сактыгычтарда суунун деңгээли көтөрүлөт. 

• Мөңгүлөр интенсивдүү түрдө эригенден сакталат.

• Токой өртүн өчүрүүдө, туман, ышты таратууда колдонулат. Шаарларда жайында температура абдан көтөрүлүп кеткенде абаны чаңдан арылтып, салкындатат.

 

Кемчиликтери

• Жасалма жамгыр жаадыруу операциясы кымбат. Мисалы, учакты тейлөөгө жана реагенттерге чоң сумма керектелет.

• Жыйынтыгы кандай болору так билине бербейт.

• Атмосферада жасалма кошулмалар (химикаттар) топтолуп калып, жаратылышка зыян келиши ыктымал.

 

Казакстан кантип ишке ашырганы жатат?

2026-жылдын 16-майында Казакстан Борбордук Азияда биринчилерден болуп булуттарга таасир этүү менен жамгыр жаадыруу долбоорун ишке ашырууга киришкенин жарыялады. Бул ыкма технологиялык ачылыш жана күчөп бараткан суу кризисине ылайыкташуу катары каралууда. Долбоор Түркестан облусундагы кургакчылыкка каршы күрөшүүгө багытталганы, анда 911 миң гектар айдоо аянты бар экени айтылды. Долбоор БАЭнин метеорологиялык борбору менен биргеликте жасалат. Учак булуттарга реагентти чачып, жамгыр жаадырат. Казак бийлиги булуттарга таасир этүү радиусу 5 чакырымды камтыйт, андыктан аба ырайынын ири өзгөрүшүнө алып келбейт деп билдирүүдө. Бирок бул сөз Казакстанга коңшу өлкөлөрдө күмөн жаратууда.

 

Жаңылыкка реакциялар

Аталган маалымат жарыялангандан кийин кыргызстандык эксперттер, коомдук ишмерлер бул жаатта өз ой-пикирлерин айтып чыгып башташты. 

Мисалы, мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров “Тянь-Шандын мөңгүлөрү Борбордук Азиядагы ири дарыяларды “азыктандырат”. Бир өлкөдө жаан-чачындын көбөйүшү, башка өлкөлөрдө жаан-чачынды азайтат. Бул мөңгү, дарыя, суу сактагычтардын абалына түз таасир этет. Климаттык технологияларды колдонууну эл аралык мониторингге алуу керек. Экология, суу жана мөңгүлөр мамлекеттик чек араларды тааныбайт” деп айтып чыкты өзүнүн соцтармактагы баракчасынан. 

Ал эми эксперт Эдил Марлис учурда дүйнөдө аталган технологияны колдонууну көзөмөлдөй турган эл аралык бирдиктүү келишим жоктугун билдирди. “Экологиялык коопсуздукка тиешелүү эл аралык нормалар бар. 1976-жылкы ENMOD Конвенциясы климаттык технологияларды согуштук максатта колдонууга тыюу салып, тынчтык максатта башка өлкөгө зыян келтирбегидей колдонууга уруксат берет. Дүйнөлүк метеорологиялык уюм өлкөлөргө аба ырайын өзгөртүүчү долбоорду колдонгусу келсе, коңшуларга эртелеп эскертүүнү сунуштайт. Анткени алдыдагы өлкө булуттарды “саап” алса, арттагы өлкөлөргө жаан-чачын аз барып, чыр-чатактарды жаратуусу мүмкүн” деп билдирди ал Фейсбуктан.

 

Канатбек Күмүшбеков, эколог: “Азырынча Кыргызстанга коркунучу жок”

– Учурда Кыргызстан үчүн түз коркунуч жок, анткени Казакстандын долбоору Түркестан облусунда, Ысык-Көлдөн 600-700 чакырым алыстыкта ишке ашырылып жатат. Маселе кийин, Казакстан аталган технологияны түндүк, чыгыш аймактарында, Тянь-Шанга жакын колдоно баштаганда жаралышы мүмкүн. Булуттар Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстандын тоолору жакка жылат. Алар жолдон “саала” берсе, Тянь-Шанга жаан-чачын аз жетет. Кар аз жааса, мөңгүлөр аз “азыктанып” калат. Дарыяларда суунун көлөмү азайып, Ысык-Көлдүн суу балансы өзгөрөт. Башкы маселе – Кыргызстандагы кургакчылык коңшу өлкөнүн аталган долбоорунун айынан болгонун аныктап берүүнүн мүмкүн эместигинде. Тынчтык максатта жамгыр жаадырууга тыюу жок, бирок бул жааттагы иш-аракет коңшулук нормаларга туура келиши жана эл аралык конвенцияны бузбашы керек. Эгер долбоор башка өлкөлөрдө суроо жаратса, алдын ала чогуу кеңешме өткөрүү сунушталат.

 

Көчкүнбек Бакиров, Геология институтунун география бөлүмүнүн жетекчиси, климатология боюнча эксперт: “Кыргызстан эмнелерди жасашы зарыл” 

– Биринчиден, булуттар өзүндө канча сууну камтышы мүмкүн? Убакыттын каалаган моментинде атмосферада дүйнөдөгү бардык дарыялардагы сууларды кошкондо андан 6 эсе көп суу болот. Чоңураак булуттарда суу 100-500 тоннага, аянты 1 куб чакырымга жеткен булутта 3000 тоннага чейин суу болот. Андыктан булуттарга таасир этүү менен жамгыр жаадырып, суу, мөңгү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө болот.

Экинчиден, мен 2024-жылы Орусиянын Гидрометеорология жана курчаган чөйрөнү мониторинг кылуу федералдык кызматына (Росгидромет) атайын кат менен кайрылгам. Алардын берген жообунда “булуттарга таасир этип жамгыр жаадыруу мезгилдик жаан-чачындын көлөмүн 10-30 пайызга чейин көбөйтөт. Мындай максаттагы эксперименттер 1980-1990-жылдары Өзбекстанда, Кыргызстанда жүргүзүлгөн. Кыргызстанда Нарын дарыясынын бассейнинде   гидроэнергетика маселесин чечүү максатында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн көбөйтүп көрүү боюнча жүргүзүлгөн. Ысык-Көлдө да бир нече эксперименттер болгон. Кийин токтоп калган, бирок бул жаатта тажрыйба бар” деп айтылды.

Үчүнчүдөн, Борбордук Азия бирдиктүү климат системи болуп саналат. Бир өлкөдөгү атмосферага жасалма кийлигишүү коңшу өлкөлөргө да зыянын тийгизиши ыктымал. Кыргызстан Борбордук Азиядагы өз сууларын пайдаланган жалгыз өлкө. Суусунун көп бөлүгүн коңшу өлкөлөргө берет. Эгер жасалма жамгыр жаадыруу коңшу өлкөлөрдө көп колдонулса, Кыргызстанда жаан-чачын жаабай же аз жаап суу сактагычтарда суу топтолбой калат. Мындан Кыргызстан гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Тажиктсан да жапа чегет.

 

Көчкүнбек Бакировдун айтымында, азыркы шартта Кыргызстан кечиктирбестен төмөнкү кадамдарды жасашы керек:

• Шанхай Кызматташтык Уюму аркылуу, Борбордук Азия-5 форматында же Казакстан менен эки тараптуу диалог аркылуу регионалдык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү зарыл.

• Азыр базалык климаттык көрсөткүчтөрдү эсептеп, тактап алуу кажет. Жаан-чачындын көлөмүн, мөңгүлөрдүн абалын жана Ысык-Көлдөгү суунун деңгээлин. Кийин булар илимий же дипломатиялык талаш-тартышта тастыктоочу база болуп берет.

• Кыргызстан жаан-чачынды жасалма түрдө көбөйтүү программасын түзүү жагын карашы зарыл. Өзүнүн программасы болсо, сүйлөшүүлөрдө артыкчылыкка ээ болот.

 

Климаттык курал да болушу мүмкүнбү?

Коңшу өлкөлөргө аралыктан туруп жасалма жамгыр жаадыруу менен ал жакта сел жүргүзүү, көпүрө, башкы жолдорун буздуруу менен экономикалык чыгым келтирүү мүмкүн экендиги да коомдук талкууларда айтылууда. Бул ыкманы каршылашып жаткан өлкөлөрдө колдонулуу ыктымалдыгы бар. Башкача айтканда, климаттык курал катары да колдонулат. Жамааттык коопсуздук маселеси ЖККУнун уставында жазылган, демек, аталган уюмга мүчө өлкөлөр коңшусунун  коопсуздугуна зыян келтирүүчү иш-чараны жүргүзбөшү зарыл. Убагында Иран БАЭни аталган технологияны колдонгону үчүн Ирандын аймагы кургакчылыкка кабылды деп күнөөлөп чыккан.

 

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан да бул жаатта тийиштүү аракеттерди көргөнү мезгил талабына ылайыктай сезилет.

 

 

Канымжан Усупбекова       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1224, 5-11-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан