Биз социалдык тармакта

ТИМ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА БИЛДИРҮҮ ЖАСАДЫ

Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдүн аймактарына кайрадан жанданган аскердик соккулар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө айтылат.

– Кыргыз өлкөсү жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган сүйлөшүү процессине доо кетириши мүмкүн болгон ар кандай аскердик аракеттерди айыптайт. Тараптарды эң жогорку деңгээлде сабырдуулук көрсөтүүгө, кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келиши мүмкүн болгон кадамдардан карманууга, ок атышууну токтотуу режимин сактоого, эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын ченемдерин, айрыкча жаңжалдын тарабы болуп саналбаган Булуң өлкөлөрүнө карата так сактоого, ошондой эле жаңжалды аскердик эмес, дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу боюнча аракеттерди улантууга чакырат,- деп жазылат анда.

Эскерте кетсек, бул аптада Иран менен АКШ Ормуз кысыгынын аймагында бири-бирин аткылашты. Бирок АКШ президенти Дональд Трамп эки тараптын келишимге келерине аз калганын айтууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1224, 5-11-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан