Биз социалдык тармакта

АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ: ОКУУ ЖЫЛЫ 15-СЕНТЯБРДА БАШТАЛАТ

Өлкөдөгү мектептерде 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечим Агартуу министрлиги тарабынан кабыл алынды. Ал эми окуу жылын 2027-жылдын 25-майында аяктоо пландалууда. Окуу жылынын башталыш мөөнөтүн өзгөртүү боюнча сунуш өлкөдө өткөрүлө турган бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларга (ред.: Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити, Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы) карата киргизилди.

– Билим берүү программаларынын толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу максатында 6-11-класстардын окуучулары үчүн окуу жылынын жүрүшүндө ишемби күндөрү кошумча сегиз окуу күнүн өткөрүү каралууда. Кошумча окуу күндөрүнүн графиги мектептер тарабынан билим берүү процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өз алдынча түзүлүп, окуучулардын ата-энелери жана тиешелүү аймактык билим берүү башкаруу органдары менен макулдашылат,- деп жазылат расмий билдирүүдө.

Ал эми 1-5-класстардын окуучулары үчүн беш күндүк окуу жумалыгы боюнча учурдагы окуу режими сакталат. 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1224, 5-11-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан