Биз социалдык тармакта

Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн 36 жаран аныкталды 

Ысык-Көлдө чет өлкөлүк жумушчулар иштеген 36 объект текшерүүгө алынганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Атайын кызмат объекттерде 5 өлкөдөн келген 768 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилгенин белгилейт. Жыйынтыгында өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн 36 чет өлкөлүк жаран аныкталган. Аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө. УКМК мыйзам бузуулар боюнча жалпысынан 64 административдик протокол түзүлгөнүн кошумчалады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1224, 5-11-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан