АРЫКТАТУУЧУ КЫТАЙ КОФЕСИ ИНФАРКТ МЕНЕН ИНСУЛЬТКА ЖЕТКИРЕБИ?

“Арыктагың келеби? Анда, жыпар жыттуу “Чудо-26. Худое кофесин” ич!” Мына ушундай жарнамасы бар Кытайда чыгарылган арыктатуучу кофе Кыргызстанга да жетти. Атүгүл Бишкектин “Ош базарында” аны саткандар кармалып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголду. Себеби эксперттер андай кофенин курамында адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизүүчү сибутрамин заты бар экендигин аныкташкан. Кофенин зыяны тууралуу билип алыңыз да, аны колдонууда этият болуңуз.

ЗЫЯНДУУ ЗАТТЫН БАР ЭКЕНИ КӨРСӨТҮЛБӨЙТ
Маалыматка таянсак, “Чудо-26. Худое кофеси” Кытайда чыгарылат. Банкасында кофе салынган 10 граммдык 26 кичине баштыкча болот. Жөн баштыкчалар эмес, ичинде арыктатуучу кофеси бар “сыйкырдуу” баштыкчалар. Эмне үчүн “сыйкырдуу”? Буга жооп болсун үчүн интернеттеги бул кофенин окшош жарнамаларына жана көрсөтмөлөрүнө көңүл буралы. Көрсөтмөлөрдө: “Чудо-26. Худое кофеси” ашыкча салмактан арылтып, келбетиңизди 26 күндө калыпка келтирет. “Чудо-26” жыпар жыттуу кофеси менен арыктаңыз. Күн сайын эртең менен “Чудо-26” витаминдештирилген кофесинен 1 эле чыны ичсеңиз, андагы активдүү курамдар салмакты калыптандыруу процессин 3 эсе тездетет. Майдын пайда болушун токтотот, тамакка табитти “ноктолойт”, май катмарларынын эртерээк жоголушун шарттайт.
Курамы: Аминокислоталар жана витаминдер менен байытылган Бразилияда жапайы өсүүчү майда кара кофе, камбоджа гарциниясынын мөмөсү.
Кимдерге колдонууга болбойт? Кош бойлууларга, эмчек эмизген энелерге, 16 жашка чейинкилерге”,- деп жазылган. Курамын окуп, зыяндуу бир да зат жок экен деп ойлойсуң.
Эми ушул “сыйкырдуу” кофе Кыргызстанга келе баштаганы маалым болду. Ал эле эмес, “Ош базарында” аны сатып, колго түшкөндөрдүн үстүнөн кылмыш иши козголууда. Эмне үчүн? Анткени алынган кофелердин курамынан казеин, кофеинден тышкары ден соолукка зыяндуу сибутрамин затынын чыкканы себеп болгон. Ал эми прокуратуранын маалыматына таянсак, кофенин көрсөтмөлөрүндө курамда сибутраминдин бар экендиги жазылган эмес. Демек, чыгарган фирма сибутраминди атайын жашырып жазбай коюшат. Интернет булактарында да башка өлкөлөрдө сатылып жаткан арыктатуучу кофеде сибутраминдин бар экендиги жазылууда. Ушундан улам “чыгаруучулар элди алдап, ден соолуктарына залал келтирип жатат” деп айтууга негиз бар.

КОФЕНИН ЗЫЯНЫ ЖЕ СИБУТРАМИН ДЕГЕН ЭМНЕ?
Сибутрамин – арыктатуучу касиетке ээ, актан ак сары өңгө чейинки упадай майда зат. Анын зыян жактары толтура. Алып айтсак, кан басымды көтөрүп, конвульсияга (калтырап-титирөө) жана инфаркт менен инсультка дейре жеткириши мүмкүн. Кофе менен кошо ичке кирген сибутрамин адамды абдан ток сездирткени менен, ашказанды сезгендирип, тамакты бат сиңиртет. Ал эми жогоруда айтылган оорулар убакыттын өтүшү менен келип чыгат. Ашыкча колдонуу анорекцияга (ички органдардын ооруга чалдыгып, бузулуп, кайра калыбына келбей тургандай өзгөрүүсү; өтө арыктоодон улам организм өзүндөгү булчуңдарды жеп башташы; адам өз салмагын көтөрө албай калуусу) да алып келет. Булардын баары илимий түрдө изилденген жана басылмаларда байма-бай чагылдырылып келет.

КЫРГЫЗСТАНДА САТУУГА БОЛОБУ?
Көптөгөн өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери “курамында сибутрамин заты бар каражаттар адамдын ден соолугуна зыян” деп жарыялашып, аны атайын лицензия менен сатууга гана уруксат беришет. Биздечи? Көрсө, Кыргызстанда да дал ушундай эле мыйзам бар экен. Анда аталган кофе кандайча алынып келинип, уруксатсыз сатыкка чыгып кеткен? Бул жаатында азыр прокуратура кармалгандардын үстүнөн иш козгоп, иликтөө жүрүүдө.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ROZI
2011-03-25 13:39:26
Кофени ичпей деле коюш керек. Анткени ал организмдеги кальцийди азайтат экен.
0
AeCHka
2011-03-28 17:31:33
Жазылган нерсе чын экенине мен кепилдик бере алам. Чынында абдан зыян кофе.
0
№ 437, 18-24-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан