Биз социалдык тармакта

СИЗДИН ЭНЕРГИЯНЫ АЛГАН АДАТТАР КАЙСЫ?

Ар бирибиздин жашообуз көптөгөн адаттардан турат. Мисалы, сиз күнүгө бир жол менен жумушка барып келесиз. Кафеге барганда дайыма 1-2 түр тамакты буюртма кыласыз. Бир стилдеги кийим киесиз, чачыңызды дайыма бир чач жасалга менен алып жүрөсүз жана башка. Ушул көптөгөн адаттардын кээ бири пайдалуу, кээ бири жөн гана адат, айрымдары тескерисинче, зыян алып келе турган адаттар болот. Эч нерсе кылбасаңыз да өзүңүздү чарчаңкы сезип жатасызбы, анда сиздин энергияны алган адаттар тууралуу сөз кылабыз.

 

 

КАЙСЫ АДАТТАР СИЗДИ ЧАРЧАТАТ?

 Уйку

Адамдын жашоосуна толук кандуу уйку керектигин баарыбыз билебиз. Ошол эле учурда нормадан көп уктоо – энергияны алчу адаттарга кирет. Эртең менен “дагы 5 мүнөт”, “дагы 10 мүнөт уктай турайынчы” деп будильникти кайра-кайра басып коюп жата берүүдөн адам эс албайт, уйкусу да канбайт. Тескерисинче, мээ эмне болуп жатканын түшүнбөй чыңалган абалга келет, уктайын десе кайра будильник чырылдайт, турайын десе “ээси” 5 мүнөт деп жатат... Бул учурда мээден организмге “коргонуу” сигналы кетет, адреналин көтөрүлөт, энергия жөнү жок сарпталат, стресс абалы жаралат.

Жаман кабар издөө

Социалдык тармактан жаман кабар издөө же болбосо думскроллинг. Эртең менен тургандан телефонго үңүлмөй жана андан негативдүү кабарларды издемей, аларды тапкан соң майда-чүйдөсүнө чейин тактап, изилдемей адаты. Башка кабарларды көрсө да мээси аларды “маанилүүлөрдүн” катарына кошпойт, кырсык, кылмыш же башка негативдүү нерсеге келгенде гана көзү түшөт. Бул адат тынчы жок, баарын көзөмөлдөгүсү келген адамдарда болушу мүмкүн. Алар жаман кабарларды окуп, эмне болгонун анализдөө менен өзүнүн же жакындарынын жашоосуна кабатырланат, аларды ушундай нерселерден коргогусу келет, алдын ала болбогон нерседен коркот. Мындай адат менен эч ким коргоно албайт, бирок көп энергиясын коротот.

Салыштыруу

Кайрадан интернет дүйнөсүнөн мисал. Баарыбыз эле байкабай убактыбыздын бир нече бөлүгүн максатсыз, пайдасыз телефон кароо менен өткөрөбүз. Психологияда серфинг деген түшүнүк бар. Ал социалдык тармактагы маалыматтарды электен өткөрбөй кабыл алуу деген маанини берет. Думскроллингде адам жаман кабар гана издесе, серфингде баарын калтырбай көрө берет, баарына көңүл бурат, көз майын кетирет, энергиясын коротот. Анан көргөнүн өз жашоосу менен салыштырат. Көп нерсеге жетпегендей, жаман жашоодо жашап жаткандай сезет, өзү да байкабай стресс болот, энергиясы кетет.

Эмоционалдык кино-сериалдар

Кино көрүп отуруп каармандар менен кошо ыйлап, кошо күлгөн адам сиз болушуңуз мүмкүн же сөзсүз ошондой тааныш адамыңыз бар. Татаал эмоционалдык мазмун камтылган кино, сериал, телеберүүлөр адамды эмоционалдык стресске алып келерин билчү белеңиз? Психологдор адам кино көрүп жатканда өзү да байкабай башкы каармандардын жашоосу менен жашай баштайт дейт. Алар кандай эмоцияларды көрсөтүп жатса, экран сыртындагы адам да ошону сезет. Көз көргөн нерсе мээде жоготуу, коркуу, чыңалуу жана башка курч сезимдерди жаратат. Жыйынтыгында нервдер чыңалат, кайрадан стресс жаралат. Кино бүткөндөн кийин ал курч сезимдерди “басуу” үчүн да менталдык жактан күч, энергия коройт. Андыктан курч эмоцияларды жараткан тасмаларды көрүүдөн абайлоо керек.

Өзүнө ыраазы болбоо адаты

Адамды чарчаткан адаттардын бири жана маанилүүсү – өзүнө ыраазы болбоо адаты. Айланасындагылардын баары кыйын, өзү алсыз, акчасы жок, семиз, сулуу эмес, жумушу жаман, басканы жаман, көзү бүтүк жана толгон токой негативдер менен жашайт. Анан өзүн кыйнап өзгөрткүсү келет, бир нерселерди жасайт, бирок баары бир ыраазы болуу сезими жаралбайт. Мындай адамдар дайыма кыжырдануу жана нааразычылык сезими менен жашайт. Бир нерсе оңдоюн дегени жакшы, бирок өзүн кыйнап жасаганы жаман экенин сезбейт.

Бүкүрөйүү

Бүкүрөйүү кантип энергияны алсын, чарчатсын деп ойлошуңуз мүмкүн. Далыны кеңири ачпаганда, бүкүрөйүп жүргөндө булчуң, байламта, тарамыш, муун дегендерге күч келет. Натыйжада баары күч менен иштеп, жыйрылып, кыскара баштайт. Кан тамырлар ичкерет, кан жакшы жүгүрбөй түрдүү оорулар жаралат. Организм бүкүрөйүүдөн келип чыккан кесепеттер менен күрөшүү үчүн көп энергия, күч коротуп иштейт. Азыр бул текстти окуп жатсаңыз, бүкүрөйбөй, далыңызды түздөп калдыңыз деп ишенебиз.

Дем алуу

Дем алып жаткан үчүн жашап жатпайбызбы дейбиз, бирок туура эмес дем алып жатканыбызды көбүбүз биле бербейбиз. Өзгөчө адам көп ойлонгондо, бир жери ооруганда, чыңалган абалда үстүртөн дем алып калат. Кыска-кыска жана үстүртөн дем алуу организмге керектүү кычкылтектин көлөмүн азайтат. Кычкылтек жетпегенден адам алгач эле өзүн чарчаңкы, энергиясы жок сезип, уйкусурап баштайт. Бекеринен “уйкуну ачуу үчүн таза абадан дем алып келейинчи” дешпейт.

Баарына кайгыра берүү

“Өзгөртө албаган нерсеге кайгыруунун кереги жок” деп бекеринен айтылбайт. Өтүп кеткен нерсеге “мындай кылсам кандай болмок эле?” деп өкүнүү, боло элек нерсеге “мындай болуп калса эмне кылам?” деп кайгыруу менен алек болгон адамдар да бар. Алар өзүнүн маселесине эле эмес, айланасындагылардын баарыныкына кошо кайгырышат, санаа тартышат. Санаа, бүдөмүк ойлор адамды өтө чарчатат жана бул чарчоо качан бүтөрү белгисиз процесс.

 

СЫРТКЫ ФАКТОРЛОР

Биз өзгөртө албаган, ошол эле учурда бизди чарчаткан, энергияны алган көп факторлор бар. Мисалы, жол тыгыны, аба ырайынын муздак же өтө ысыктыгы, кезек күтүү (аялдамада, банкта, ооруканада), жумуштагы, коомдук жайлардагы ызы-чуу жана башка. Жол тыгында калып, таң атпай жумушка адам кыжырданып келет. Кетип баратканда кайра ошол нерсе кайталанат. Бул процесстер адамдын нерв системине терс таасир тийгизет, чарчатат, энергия алат. Жогоруда айткандай, өзгөртө албаган нерсеге кайгырбоо, нерв коротпоону, токтоолукту, сабырдуулукту үйрөнүүбүз зарыл.

 

АДАМДЫН ДЕН СООЛУГУНА, ЖАШООСУНА ЗЫЯН АДАТТАР

1. Тамеки тартуу

2. Алкоголдук ичимдик ичүү

3. Баңгизат колдонуу

4. Фаст-фуд, газдалган таттуу суусундуктар жана башка зыян тамактарды күндө жеген адат

 

АДАМДЫН ЖАШООСУН ЖАКШЫРТКАН, ЭНЕРГИЯ ТАРТУУЛАГАН АДАТТАР

1. Спорт. Спорттун кайсы түрү болбосун: басуу, сейилдөө, чуркоо, сууда сүзүү, скакалка секирүү, залга баруу, йога, медитация... Спортту күнүмдүк адатка айланткан, аны менен дос адам – ден соолугу менен да дос болот.

2. Окуу. Жаш куракка карабай окуганга, жаңы нерсе үйрөнгөнгө аракет кылуу. Окуу процесси – мээнин спорт менен машыгуусу деп түшүнүү керек.

3. Позитивдүү манай. Бардык нерсенин жакшы жагын көрө билген адам бактылуу болот.

4. Активдүүлүк. Жаш куракка карабай активдүү болгонго, көп отурбаганга, көп жатпаганга аракет кылыңыз. Кыймыл, кыймыл жана кыймыл керек.

5. Туура тамактанууну адатка айлантыңыз. Тамак – негизги энергия булагы экенин эстен чыгарбайбыз.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1225, 12-18-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан