(Башы өткөн сандарда)
Камчы менен сүйлөшүп отурдум. Бир маалда ал күлүп жиберди. Ошол күлкүдө бир нерсе бар эле. Тааныш нерсе. Мен аны тиктеп калдым.
– Эмне болду?- деди ал.
Көздөрүн карадым. Кашын, жүзүндөгү майда кыймылдарды байкадым. Анан күтүлбөгөндөй өзүмдү көргөндөй болдум. Биздин күлкүбүз окшош экен. Башыбызды кыйшайтып ойлонгонубуз окшош экен. Сүйлөп жаткандагы кол жаңсоолорубуз да бирдей экен. Жүрөгүм титиреп кетти. Ушул жылдар бою бири-бирибизден алыс жашасак да, турмуш ар башка тарбияласа да, ичибизде өзгөрбөй калган бир нерсе бар тура.
– Сен мага абдан окшош экенсиң.
– Мен да байкадым. Бирок сен мага окшошсуң го, мен сенден жарым саат улуумун.
– Жөн эле жүзүң эмес. Кээде сүйлөгөнүңдү угуп, өзүмдү угуп жаткандай болом.
– Мен дагы. Сен азыр эле атам тууралуу сураганда, бул суроону мен да так ушул формада сурайт элем деп ойлодум. Мен акыркы күндөрү бир нерсеге улам-улам көңүл бура бердим.
Камчы менден көп нерсени сурады. Кантип чоңойгонумду сурады. Эмнени жакшы көрөрүмдү сурады. Балалыгым кандай өткөнүн сурады. Кесибим тууралуу да билгиси келди. Бирок апам тууралуу бир да жолу сураган жок. Башында маани берген эмесмин. Бирок убакыт өткөн сайын бул нерсе мени кабатыр кыла баштады. “Эмне үчүн сурабайт?” деп ойлондум. Балким, ага кызык эмес чыгар? Балким, апам тууралуу уккусу келбейттир? Же болбосо, апамды өзүнө тиешеси жок адамдай көрөбү? Ушундай ойлор жүрөгүмө тынчтык бербей койду. Анткени мен үчүн апам жөн гана апа эмес эле. Ал мени чоңойткон дүйнөм болчу. Ал эми Камчы анын канынан жаралган уулу болсо да, апамдын мээримин көрбөй чоңойгон. Кээде Камчыны карап отуруп, анын ордунда өзүмдү элестетчүмүн. Эгер мени апамдан ажыратып коюшса, мен биринчи эле күнү ал тууралуу сурамакмын го... Ошон үчүн анын унчукпаганы мени таң калтырды. Бир күнү өзүмчө ойлондум. “Же апам тууралуу сураганда жүрөгү ооруйбу? Же көп жылдык сагынычын сөзгө айландыра албай жүрөбү?” Ошол учурда биринчи жолу түшүндүм. Балким, Камчынын сурагысы келет. Абдан эле сурагысы келет. Бирок жоопту уккандан коркот. Анткени ал апамдын кандай күлгөнүн эч качан көргөн эмес. Анын үнүн уккан эмес. Жытын сезген эмес. Ал жөнүндө ар бир сөз анын ичинде жоголгон балалыктын сагынычын ойготушу мүмкүн. Ошондо жүрөгүм жумшара түштү. Камчы апам тууралуу сурабаганы үчүн эмес, сурай албай жүргөнү үчүн ооруп жаткандай сезилди. Мен анын көздөрүн эстедим. Кээде ал мени көпкө карап калчу. Балким, ошол учурда апамдын жүзүн издеп жаткандыр. Балким, менден өзүнө окшош бир нерсени эмес, апамдан калган изди көрүп жаткандыр. Ошондо мен өзүмө сөз бердим. Эгер Камчы сурабаса да, мен ага апам тууралуу айтып берем. Анткени анын да буга акысы бар. Ал менин бир боорум эле эмес, апамдын баласы дагы. Экөөбүздү тагдыр эки жакка бөлүп койгон болушу мүмкүн, бирок апамдын жүрөгүндөгү орун экөөбүз үчүн тең болгонун Камчы билиши керек эле. Бирок ага жетпей эле мен Камчынын жашоосундагы өзгөчө сырды капысынан билип калдым. Ошол күнү Камчынын телефонуна билдирүү келип калды. Ал экранды карап, менден уялгандай ыңгайсыз боло түштү.
– Ким жазды? Сүйлөшкөн кызыңбы? Мага көрсөтө бер, мен деле сага бардык сырларымды айттым го,- деп сурадым тамашалап.
Ал бир аз тартынгандай болду.
– Аны сүйлөшкөн кызым деп айтыш кыйын го.
– Эмнеге?
Камчы жооп бербей койду. Ошол учурдан кийин көңүлүмө күмөн түшө баштады. Кийинчерээк изилдеп, антип-минтип отуруп кокусунан анын жашоосунда бир аял бар экенин билдим. Жөн эле аял эмес эле. Өзүнөн бир топ улуу аял. Башыма бирөө уруп жибергендей отуруп калдым. 5-6 жаш болсо да бир жөн, 12 жыл жаш айырма бар экен. Эмне дээримди билбей калдым. Мен Камчыны дароо айыптагым келген жок. Бирок түшүнө албай жаттым. Өңүм купкуу болуп кеткенин сезип, ал да башын жерге салды.
– Канча жашта?- деп араң сурадым. Билгем, бирок өзү айтар бекен деп сурадым. Жоопту укканда таң калдым. Таптак жашын айтты. 32де экен, Камчы болсо 20 гана жаштагы жигит. Ошол түнү көпкө чейин уктай албадым. “?” деген суроо мээмден кетпеди.
Камчы жаш, келбеттүү, сулуу, акылдуу жигит эле. Анын жанында теңтуш кыздар деле аз эмес экенин билгем. Экөөбүз басып бара жатканда кыздар ага кантип карашарын да байкагам. Анда эмне үчүн? Келечеги кандай болот? Өзүмчө эле бул нерсеге мен жооптуудай, аны мен куткарчудай түйшөлүп чыктым. Бир нече күндөн кийин өзүнөн сурадым. Камчы көпкө чейин унчукпай отурду. Андан кийин акырын сүйлөдү.
– Сен мага таң калып жатканыңды билем. Ошол үчүн айткым келген эмес да сага.
– Атам билеби?
– Жок.
– Эмнеге мындай кылдың?
– Биздин мамиленин жаш куракка тиешеси жок.
– Анда эмне?
– Ал тынчтык берди мага. Мени мен болгонум үчүн жакшы көрдү. Мени эч ким жакшы көргөн эмес, Тамчы. Эч бири, чоң энем, өгөй апам, атам деле кээде сыртын салып койчу. Мен бул жашоодо кимдир бирөө мени жакшы көрө аларына ишенбей жүргөм. Бирок ал мени жакшы көрдү. Кээ бир адамдар сенин жараларыңды сурабай эле сезет экен. Жаныңда отурганда өзүңдү түшүндүрүүнүн кереги жок болот тура. Ал ошондой аял. Биз Москвадан тааныштык. Ал да жалгыз болчу, мен дагы...
Мен унчукпай калдым. Бакыргым келди, бирок анткенде эмне пайда?
– Ал мени өзгөртүүгө аракет кылбайт. Мени кандай болсом ошондой кабыл алат.
Сөз таба албай калдым, ушуга чейин Камчынын жашоосун сыртынан гана карап, баалап жатканымды түшүндүм. Балким, ал аял Камчы үчүн сүйүктүү адамдан да көбүрөөк нерсе болгон чыгар. Балким, ал анын эң оор күндөрүндө жанында калгандыр. Балким, Камчы көп жылдар бою таппай жүргөн түшүнүүнү ошол адамдан тапкандыр. Ошентсе да жүрөгүмдө тынчсыздануу калды. Анткени мен анын эгизи элем, аны коргогум келчү. Канчалык аракет кылсам да түшүнбөй жатты. Эмнегедир эсиме Илим түштү. Экөөнүн мүнөзү эки башка көрүнгөнү менен, бир жери аябай окшош эле. Алар жүрөгүндөгүсүн акыркы убакытка чейин жашырып жүрө беришчү. Экөө тең коркушчу.
Илим дагы коркок болгон үчүн Аринага үйлөнбөдүбү? Мени сүйгөнүн билип турса да, күрөшө алган жок. Тагдырдын агымына өзүн таштап коюп, чечим чыгарчу жерде тымпыйып туруп алды. Камчы да дал ошондой корккон үчүн сүйбөгөн эле бир аялдын жанында жүргөндөй сезилди. Булар эмнеге мындай, ыя?! Айта турган сөзүн айта албайт. Сурай турган нерсесин сурай албайт. Каалаганын моюнуна ала албайт. Чыдабай жарылып кеттим.
– Эмнеге ушунчалык коркосуңар?- дедим күйүп-башып.
– Эмнени айтып жатасың?
– Сен дагы, Илим дагы. Экөөңөр тең. Же балким, бардык эркектер ушундайсыңарбы?
– Ал илимпозуңа мени окшоштурба,- деди күлүп. – Мен он классты араң бүткөн бир баламын.
– Жүрөгүңөрдө эмне бар болсо, ошону айткандан коркосуңар. Жоготуп алам деп коркосуңар. Бирок ошол коркуу менен ансыз деле жоготуп жатканыңарды көрбөйсүңөр.
Мен ыйлап да, сүйлөп да жаттым. Камчынын жүзү олуттуу тартып кетти.
– Баары сен ойлогондой эмес, Тамчы.
– Балким. Бирок баарыңар бирдейсиңер. Сүйөсүңөр, бирок айтпайсыңар. Сагынасыңар, бирок издебейсиңер. Сурооңор бар, бирок унчукпайсыңар. Анан кийин тагдырды күнөөлөйсүңөр.
Камчы көзүн ала качты. Ошол учурда анын жүзүнөн Илимдин элеси көрүнгөндөй болду. Экөө тең жакшы адамдар. Бирок жакшы адам болуу дайыма эле жетиштүү эмес. Кээде адамга кайрат жана эрк керек. Бир кадам алдыга чыгууга эрк керек.
– Мен сенин апам тууралуу сурагың келип жүргөнүн билем. Бирок сен коркосуң. Илим дагы ошондой болчу. Ал дагы жүрөгүндөгүнү айтуудан коркчу.
Бир топко чейин экөөбүз тең сүйлөбөй калдык. Камчынын да, Илимдин да коркоктугу мени жиндентчү. Анткени экөө тең жүрөктөрүндө көтөрүп жүргөн нерсени үн чыгарып айтса, балким, жашоолору таптакыр башкача болмок.
(Уландысы кийинки санда)