Биз социалдык тармакта

ОДРИ ТОТУ: “ЖАШАСЫН КИНО!” Бишкек эл аралык кинофестивалында кимдин көйнөгү мыкты болду? 

Кино – улуттарды, түрдүү маданияттарды бириктирген өзгөчө бир тил. 7-июнда Бишкек эл аралык кинофестивалы старт алып, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн режиссёрлорун, актёр, актрисаларын жана кино сүйүүчүлөрдү Бишкектеги эски аянтка чогултту. Кызыл эмес, көк килемдеги өзгөчө ирмемдер тууралуу фоторепортаж сунуштайбыз. 

Кеченин атмосферасын айтсам, көк килемден өткөндөрдүн басымдуу бөлүгү элге аты-жыты тааныш, тааныш эмес блогерлер болгондой сезилди. Эл аралык кинофестиваль эмес эле, “Кимдин көйнөгү кооз?” деген сынак өтүп жаткандай таасир калтырды.

Эсиңиздерде болсо, былтыр дал ушул фестивалда жарым жылаңач көк килемден өткөн блогер Жанара Алиева кызуу талкууга түшүп, фестивалдын өзү экинчи планда калып кеткен эле. Жанара айым бул жолу да катышты, бирок былтыркыдай ызы-чуу кылбай, тынч келип, тынч кетти. 

Кыргыз киносунун дөө-шаалары Догдурбек Кыдыралиев, Артыкбай Сүйүндүков, Чоро Думанаев, Назира Мамбетова, Эрнест Абдыжапаров да көк килемден өтүштү. 

Сулуулардын түркүн түстүү кооз көйнөктөрүн көрсөтүп алышына эки жарым саат убакыт берилди. Фотоаппараттар жарк-журк этип, камералар алды-артынан ээрчип тартып жатышты. Акыры ачылыш аземи  башталды. Кечени англис тилинде Санжар Мыкыев, кыргыз тилинде Айзада Маратова алып барышты.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев куттуктоо айтып кечени ачып беришти. “33 мамлекеттин кино индустриясынын өкүлдөрү келип, чоң масштабдагы кинофестиваль өтүүдө. Биздин окуябыз, балким, эми башталып жаткандыр”,- деди Касымалиев. 

Сахна жасалгасы, ачылыш аземиндеги шоу өзгөчө кылдаттык менен даярдалыптыр. Кино тууралуу ырды сахналаштырып ырдаган Сырга Сагынбекова жана опера ырчысы Элгиз Кубанычбек элге жакшы маанай тартуулашты. Ошондой эле ырчы Адилет Жумабековдун элдик ырлары кыргыздардын эле эмес, чет элдик кино сүйүүчүлөрдүн да жүрөгүн багындырды. 

Сахнага атчан чыгып келишкен жигиттер жана аскерлерден турган оркестр кыргыздын духун көтөргөн көз ирмемдерди тартуулашты.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Догдурбек Кыдыралиевге сыйлык тапшырылып, анан айтылуу “Кожожаш” тасмасынан үзүндү көрсөтүлдү. Дүйнөлүк киного жана искусствого салым кошкону үчүн "Жаабарс" статуэткасы менен сыйланды. Сахнага чыккан актёр агабыз бул сыйлыкты алганына абдан кубанычта экенин билдирди. 

Кеченин эң толкунданткан учуру – француз актрисасы Одри Тотунун сахнага чыгышы болду окшойт. Ага да сахнадан сыйлык тапшырылды. Кыргыз көрүүчүлөрү аны “Амели”, “Коко до Шанель” жана башка бир топ тасмаларынан улам таанышат. Тоту сөзүнүн аягында кыргыз тилинде “Жашасын кино!” деп айтып  сахнадан түштү. Айта кетүүчү нерсе, Одри Тотунун образы. Жарашса, жарашпаса да бирдемелерди кийип алган биздин айрым “жылдыздарга” караганда жөпжөнөкөй, жарашыктуу көйнөк кийип келгени көпчүлүктүн көңүлүн буруп, мактоого татыды.

Андан соң эл аралык фестивалга катыша турган чет элдик тасмалардын тизерлери көрсөтүлдү. Сыймыктана турган нерсе, Актан Арым Кубаттын “Кара, кызыл, сары” тасмасы бул топко кирди. Кыргыз тасмаларынан “Акыркы дем” тасмасы баштаган бир топ кино ат салышмай болду. 

 

7-12-июнь күндөрү өтө турган кинофестиваль алдыда өзгөчө окуялар менен коштолот деп ишенебиз. Ушул күндөрү Бишкектеги эски аянтта мыкты тасмалар көрүүчүлөргө акысыз көрсөтүлүп жатканын эскерте кетели. 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1225, 12-18-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан