Биз социалдык тармакта

Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

 Тинатин эртең менен эрте ойгонду. Терезени ачканда көзүнө ишенбей калды. Алыста Босфор кысыгы көрүнүп турду. Үйдүн бакчасы эле кичинекей парк сыяктуу. Фонтан, гүлдөр, жүз жылдык дарактар. Күзөтчүлөр, кызматкерлер. Тинатин акырын шыбырады:

– Бул үйбү же мамлекетпи?.. Ошол учурда эшик акырын тыкылдады. Ичкери орто жаштагы аял кирди. Ак көйнөк, кара жилет. Өтө тыкан.

– Кутман таң, айым.

– Саламатсызбы...

– Мен Нермин айыммын. Бул үйдүн башкы башкаруучу кызматкеримин.

Тинатин башын ийкеди. Нерминдин үнү жумшак болсо дагы мүнөзү катаалдай сезилип турду. Нермин столдун үстүнө эртең мененки чайды коюп жатып сүйлөдү.

– Бекзат мырза сизди конок катары алып келген. Ошондуктан сизге үйдүн эрежелерин түшүндүрүшүм керек.

Тинатин таң калды.

– Эрежелеринби?

– Ооба. Нермин жай сүйлөдү. – Бул үйдө эртең менен саат сегизден кийин эч ким уктабайт.

– Саат сегизден кийинби?

– Ооба.

– Эмне үчүн?

– Анткени Зейнеп айым тартипти жакшы көрөт. Экинчи мыйзам – үйдө кыйкырып сүйлөөгө болбойт. Үчүнчү кабатка уруксатсыз чыгууга болбойт. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке бөлмөлөрүнө кирүүгө болбойт. Кечки тамакта бардык үй-бүлө мүчөлөрү бир үстөлгө чогулат...

Тинатин акырын жылмайып койду.

– Университеттин жатаканасынан да катуу экен талап...

Нермин биринчи жолу күлүмсүрөдү.

– Бул жерде көп нерсе университеттегиден да катуу.

Бул хан сарайда ондогон бөлмө бар эле. Кызматкерлер дагы көп. Акырындык менен Тинатин аларды тааный баштады. Нермин – башкы башкаруучу. Баары андан коркот. Бирок жүрөгү жумшак айым. Ахмет ага – башкы багбан, 65 жашта. Бекзатты кичинесинен чоңойгонун көргөн. Сарайдагы бардык сырларды билет. Мелек – жаш кызматчы кыз. Өтө сөзмөр. Үйдөгү бардык ушактарды биринчи уккан адам. Ферхат – коопсуздук кызматынын башчысы. Мурда атайын кызматта иштеген. Анын уруксаты жок сарайга чымчык дагы кире албайт.

xxx

Бир күнү Мелек Тинатинге акырын шыбырады.

– Сизге бир сыр айтайынбы?

– Эмне?

– Бул үйдүн эң чоң мыйзамы жазылган эмес.

– Кайсы? Мелек айланага карап алды.

– Зейнеп айымга каршы чыкпагыла.

– Эмне үчүн?

Мелек күлүп жиберди.

— Анткени бул хан сарайдын чыныгы кожоюну Илим мырза эмес...

Тинатин таң калды.

– Анан ким?

Мелек үнүн дагы жайлатты.

– Зейнеп айым.

Ошол учурда үстүнкү кабаттан бийик така бут кийимдин үнү угулду. Тык-тык-тык... Мелек дароо түз туруп калды.

– Келди...

Коридорго Зейнеп чыгып келе жатты. Анын артында Умида. Экөө тең Тинатинге муздак көз караш менен карашты. Ошондо Тинатин биринчи жолу түшүндү: бул хан сарай жөн эле бай адамдардын үйү эмес. Бул жерде көрүнбөгөн согуштар бар. Сырлар бар. Бийлик үчүн күрөш бар. Жана ал азыр ошол окуялардын так ортосунда турган эле. Мына эми чыныгы окуя башталып жаткан...

xxx

Тинатин бөлмөнүн бурчунда чаң басып турган эски скрипканы көргөндө эмнегедир жүрөгү сыздап кетти. Бул үйдүн ар бир дубалында жашырылган сыр бардай сезилчү. Ал акырын жакындап, скрипканы колуна алды. Манжалары кылдарга тийгенде эле белгисиз жылуулук бүт денесин аралап өттү. Ошол маалда эшик акырын кагылды.

– Кириңиз...- деди Тинатин.

Ичкери жашы улгайып калган кызматчы аял кирди. Ал скрипканы көргөндө өңү өзгөрүп кетти.

– Кызым... Аны ойноого болбойт...

– Эмнеге?

Кызматчынын көздөрүнө муң толду.

– Бул үйдүн эң оор мыйзамдарынын бири. Бул жерде музыкага тыюу салынган...

Тинатин таң калып калды.

– Музыкагабы?

– Ооба... Көп жыл мурда бул үйдүн чыныгы кожойкеси Бүбүайым айым болгон... Кызматчы сүйлөгөн сайын үнү титирей баштады. – Ал бийдин, музыканын ханышасы эле. Үйдүн ар бир бурчунан пианинонун үнү, скрипканын обону угулуп турчу. Бул үй жашап тургандай сезилчү...

Тинатин унчукпай угуп турду.

– Бирок оорудан улам көз жумду...

Бөлмөгө оор жымжырттык орноду.

 – Ошондон кийин Илим мырза бардык музыкалык аспаптарды ойноого тыюу салган. Музыка жөнүндө сөз кылууга чейин тыюу салган...

– Анан Зейнепчи?

Кызматчынын жүзү дагы өзгөрдү. Ал эшикти акырын жаап, шыбырап сүйлөдү.

– Зейнеп айым менен Бүбүайым эң жакын курбулар болгон... Тинатин таң калды.

– Курбулар беле?

– Ооба... Бирок кийин баары өзгөргөн... Кызматчы көп нерсени айтуудан коркконсуп токтоду.

– Кээ бир жарааттар убакыт өткөн сайын айыкпайт, кызым...

Ал чыгып кетти. Тинатин көпкө чейин ойлонуп турду. Андан соң скрипканы көтөрүп балконго чыкты. Кечки салкын жел анын чачтарын акырын терметип жатты. Алыстан деңиз көрүнүп турду. Күн батууга жакындап калган. Ал скрипканы ийинине коюп, көзүн жумду. Биринчи нота жаңырды. Андан кийин экинчиси... Үчүнчүсү... Балким, көп жылдан бери бул хан сарай мындай үндү укпагандыр. Обон абага аралашып, чоң бакчаны аралап өттү. Кызматкерлер иштеп жатып токтоп калышты. Айрымдарынын көздөрү жашылданды. Анткени бул обон аларга Бүбүайымды эстеткен эле.

– Кудайым... Дал ошол күү...- деп шыбырады ашпозчу аял.

– Бүбүайым айым ушуну ойночу эле...

Ошол учурда бакчанын терең жагында Илим ноутбугун ачып, иштеп отурган. Манжалары клавиатуранын үстүндө турган бойдон токтоп калды. Кулагына тааныш обон угулду. Ал дароо башын көтөрдү. Көздөрү чоң ачылды. Жүрөгү катуу согуп кетти. Мүмкүн эмес... Бул обонду ал миң жолу уккан. Бул Бүбүайымдын эң сүйүктүү чыгармасы болчу. Бир нече секундга убакыт артка кеткендей болду. Анын көз алдына ак көйнөк кийген Бүбүайымдын күлүп турган жүзү тартылды.

“Илим... Музыка эч качан өлбөйт...” Мындан көп жыл мурда айтылган ушул сөз кулагына жаңырып кетти. Илим ордунан акырын турду. Обон кайдан чыгып жатканын тыңшап калды. Ал эми хан сарайдын экинчи кабатындагы терезеден Зейнеп баарын көрүп турган. Анын жүзү ачуудан кызарып чыккан эле. Колундагы чөйчөктү ушунчалык катуу кыскандыктан манжалары агарып кеткен.

– Дагы эле ошол аял... Ал тиштерин кычыратты. – Өлсө дагы бул үйдөн кетпеди...

Төмөндө кызматкерлердин жүздөрүндө пайда болгон жылмаюуларды көргөндө ичин кызганыч өрттөп жатты. Анткени ал жакшы билчү. Бул үйдүн дубалдары дагы деле Бүбүайымды унута элек. Жана биринчи жолу... Тинатиндин келиши менен ошол эски элестер кайра жандана баштаган эле. Зейнептин көздөрү балкондо скрипка чертип турган Тинатинге кадалды.

– Сен кимсиң өзү?! Эмнеге баары сен келгенден кийин өзгөрүп жатат?.. Ал эми төмөндө Илим сарайдын тепкичтерине жакындап келе жаткан. Ал обон чыккан жакка карай кадам таштады. Жана биринчи жолу Тинатин менен көздөрү дал ошол музыканын коштоосунда жолугууга аз калган эле...

xxx

Балкондо турган Тинатин эч нерседен кабарсыз эле. Скрипканын үнү кечки абага жуурулушуп, сарайдын үстүн каптаган оор жымжырттыкты акырын жарып жаткан. Обон бүтүп бараткан сайын анын жүрөгүндөгү кайгы дагы ошол кылдар аркылуу сыртка чыгып жаткандай сезилди. Төмөндө болсо Илим тепкичтерге жетип келген. Ал бир нече секунд ордунда туруп калды. Музыка токтогон жок. Жылдар бою жабык турган жараат кайра ачылып жаткандай эле. Акырын башын көтөрдү. Балкондо турган кызды көрдү. Бирок анын көздөрү Тинатинди эмес, колундагы скрипканы карап турду. Ошол скрипка... Бир кезде Бүбүайымдын эң сүйүктүү аспабы болгон. Илимдин жүзү өзгөрүп кетти. Ал эми жогорудагы бөлмөдө Зейнеп өзүн кармай албай калган эле.

– Жетишет!

Ал катуу кыйкырып жиберди. Коридордогу кызматкерлер селт этип кетишти.

– Скрипканы азыр алып койгула!

Эч ким кыймылдаган жок. Зейнептин ачуусу ого бетер күчөдү.

– Укпай жатасыңарбы?!

Ошондо жаш кызматчы кыз акырын айтты:

– Кечиресиз, Зейнеп айым, бирок...

– Бирок эмне?!

– Бүбүайым айымдын скрипкасына эч ким кол тийгизчү эмес...

Бул сөз Зейнептин жүрөгүнө бычактай сайылды. Дагы Бүбүайым. Дагы ошол ысым. Канча жыл өтсө да адамдар аны унута албай жатышты. Тинатин акыркы нотаны ойногондо бүт баары тынчтанып калган. Шамал гана анын чачтарын акырын терметип турду. Ошол маалда төмөндөн бир үн угулду.

– Бул обонду сага ким үйрөткөн?

Тинатин селт этип артына бурулду. Ары жакта Илим турган.

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1225, 12-18-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан