Биз социалдык тармакта

КОКОН ГИЛАСТЫН ПАЙДАСЫ 

Учурда кокон гилас бышып, базарларда сатылып жаткан кези. Жеген сайын жегиңди келтирген ушул жемиштин пайда, зыянын айтып берели. 

Илимде “чымчык алчасы” деп аталат

Кокон гилас ботаника илиминде “чымчык алчасы” деп аталат. Биздин заманга чейин 8 миң жыл мурун белгилүү болгон. Мисалы, Түркия, Швейцария, Кипр жана башка жактарда өскөн. Гилас бал алууга керектүү чаңча, нектар берүүчү өсүмдүктөрдүн катарына кирет. 1 гектар бактан жакшы гүлдөгөн жылы аарылар 35 килограммга чейин бал топтой аларын окумуштуулар айтышат. Кокон гиласты эң көп экспорттоочу өлкөлөргө булар кирет: Түркия (727 миң тонна жылына), Чили 597 миң тонна, Өзбекстан 209 миң тонна, Иран 137 миң тонна, Греция 124 миң тонна, Испания 121 миң тонна.

Көлөкөдө мөмөнү аз байлайт                     

Кокон гилас көбүнчө Кыргызстандын түштүгүндө өстүрүлөт. Күндүн нурун көбүрөөк талап кылат, кургакка чыдамдуу. Көлөкөдө бою өсүп кетип, мөмөнү аз байлайт. Топуракта нымдуулук ашыкча болсо өсүшү жайлап, акырында куурап калат. Кыргызстандагы гиластын сорттору: кокон гилас, кадимки гилас, сары дроган, бахор, валовая 3, ярославна жана башка.

Кан тамырларды бекемдейт

Кокон гиластын мөмөсү адамга абдан пайдалуу: белок, көмүртек, аскорбин кычкылы, тиамин, кальций, темир, магний, фосфор, калий, йод, натрий жана башка заттар бар. Ошондой эле фруктоза, глюкоза, С, А, В1, В2, Е, РР витаминдерин камтыйт. Бөйрөктүн, боордун жана ичегинин иштөөсүн жакшыртып, кан айланууну жөнгө салат. Кан тамырларды бекемдейт. Артритте жана кызыл жүгүрүктү дарылоодо жардамы чоң. Курамында темир жана витаминдер болгондуктан, аз кандуулуктан арылууга жакшы көмөк берет. 1 күндө 400 граммдан ашык жебеш керек. Болбосо ич көбөт.

Мөмөсү кулинарияда компот, кыям жана кондитердик азыктарды даярдоо үчүн колдонулат. Кабыгын илгери мата жана жүндү боёо үчүн колдонушкан. Анткени анда танин заты бар. Жыгачы буюм жасоого, мисалы, канжа жасоо үчүн колдонулат.

Кимдерге көп жегенге болбойт?

Кант диабети барларга, ашказанынын кычкылы жогоруларга, ашказанында жарасы барларга гиласты көп колдонууга болбойт. 1 күндө 150-200 граммдай гана жеш керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1225, 12-18-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан