Биз социалдык тармакта

Айзирек Абдирашитова, ырчы: “ИНТРИГА МЕНЕН ЭМЕС, ЫРЫМ МЕНЕН ТААНЫЛГЫМ КЕЛЕТ”

Жаш ырчы Айзирек Абдирашитова акырындык менен угармандардын жүрөгүн багындырууда. Каарманыбыз учурда Улуттук филармонияда эмгектенет. “Элге пиар менен эмес, жүрөктөн чыккан ырларым менен таанылгым келет” деген максаты бар.

 

– Айзирек, алгач өзүңүздү кыскача сүрөттөп берсеңиз?

– Шайыр, сезимтал жана ак көңүл жанмын. Сахнада өзүмө ишенем, эмоциямды музыка аркылуу жеткирем. Көрүүчүгө энергия тартуулагым келет. Айзирек жашоодо жөнөкөй, ойлонгонду жакшы көргөн адам.

– Сахна сиз үчүн...

– Сахна – эс тарткандан берки кыялым. Чоң сахна, түрдүү көйнөктөр, жарыктар, кол чабуулар, булар мени бактылуу кылат. Кичинемде эле маданий иш-чараларга активдүү катышчумун. Шүгүр, кыялдар орундалып келе жатат.

– Ата-энеңиз ырчы болушуңузду колдоштубу?

– Ата-энем бизди чектебей, эркин чоңойтушту. Кыялданганга, ал кыялдар менен учканга үйрөтүштү. Бирок кесип тандоодо атам бир аз каршы болгонсуду. “Чыгармачылыктын жолу оор, билбей жатасың” деди. Болбой эле өз тандоомду жасадым. Кесибиңди сүйсөң эч бир кыйынчылыгы көзгө көрүнбөйт экен.

– Атаңыз бул тармакты жакшы түшүнгөн кишиби?

– Ооба. Атам профессионал музыкант. Кичинемден репетиция, жандуу музыканын арасында чоңойдум. Күндө атамды ээрчип тойлорго, концерттерге барчумун. Ошондуктан да башка кесипти тандоо оюма келбесе керек. Бала кезимден эле элдин көңүл борборунда болууну самайм.

– Сиз билим алган окуу жай жана студенттик жылдар жашооңузга кандай из калтырды?

– Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүндө 5 жыл билим алдым. Жашоомдогу эсте каларлык күндөр ошол студент кезимде болду окшойт. Кыргыз Эл артисти Анарбек Ибраев агайдан билим алдык, экинчи атамдай эле болуп калды ал киши. Студент кезден эле оркестр менен ырдатып, такшалтышты. Адам катары түптөлүшүмө, артист катары калыптанышыма Анарбек жана Гөкхан агайларымдын салымы чоң.

– “Жамийла”, “Раймалы менен Бегимай” мюзиклдеринде роль жараттыңыз, жактыбы бул тармакта иштеген?

– Тарыхыбыздагы алгачкы мюзиклдердин жаралышына күбө болдум. Жакты, тажрыйба алдык. Мисалы, жөн эле ырдап коюу башка, мюзиклде ырдоо менен кошо бийлөө, роль жаратуу башка. Мага мюзиклдин процесси аябай жагат, артистти ар кандай жагынан көрсөтөт.  Кыргыздын маданиятына терең киресиң, сезесиң, комуздун үнү, айтыштар, костюмдар, бийлер сонун аалам. Эгерде атайын мюзикл театры ачылса, иштемекмин.

– Кайсы каармандын образын жаратууну кыялданасыз?

– Элдин эсинде кала турган, өзүнүн тагдыры, өзүнүн кыялы, сүйүүсү үчүн күрөшкөн күчтүү аялдын образын жаратуу тилегим бар.

– Ырчылыктан сырткары дагы кандай өнөрүңүз же кызыгууңуз бар?

– Ырчылыктан кол бошоп калганда үйдө убакыт өткөрөм. Тамак жасаган мага терапия. Жаратылышта ат минип же көл жээкте отурганды сүйөм.

– Көңүлүңүз чөккөндө же чарчаганда өзүңүздү кантип сооротосуз?

– Өзүмдү токтотуп, бир аз тыныгуу алганга аракет кылам. Анан музыка, сахна жана максаттарым мени кайра көтөрөт. Кээде жакын адамдарым менен сүйлөшөм же жөн гана сүйүктүү ырларымды угам. Бул убактылуу сезим, өтүп кетет деп жоошутам өзүмдү.

 

– Сиздеги күчтүү сапаттар кайсылар?

– Туруктуулугум, эрктүүлүгүм. Анан адамдардын эмоциясын жакшы сезем. Балким, ушул сапаттарым чыгармачылыгыма өзгөчө өң берет. Кыйынчылыкка оңою менен багынбайм.

– Өзүңүзгө карата кандай сынды көп угасыз жана аларды кабыл аласызбы?

– Чыгармачылыкта ар кандай сындарды угасың. Эң көп укканым “дагы көп иштеш керек”, “өзүңдү көбүрөөк ачышың керек” деген пикирлер болду. Башында бул сөздөрдү кабыл алуу оңой болгон эмес,  убакыт өткөн сайын аларды өсүүгө түрткү катары көрө баштадым. Ар бир сындын артында өнүгүүгө мүмкүнчүлүк жатат.  Убакыт өткөн сайын сындарга иммунитет пайда болот экен. Өсүүгө жардам берсе, аны сөзсүз эске алам, негизсиз сындарды жүрөгүмө жакын кабыл албай өткөрүп жиберем. Анткени баарына бирдей жагуу мүмкүн эмес. 

– Чыгармачылыкта кенен сырдаша алган жакын курбуңуз барбы?

– Ооба, жакын курбум чыгармачыл адам. Мага жөлөк-таяк болуп турган курбу-эжелерим бар. Аялды аял жакшы түшүнөт да. Негизи дос жандуумун. Бирок баары менен эле жакын боло албайсың, ал нерсе керек эмес деп ойлойм. 

– Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда солист болуп эмгектенип жатасыз. Бул жакка кантип ишке орношуп калдыңыз?

– Ооба, филармонияда иштеп жатканыма 3 жыл болуп калды. Акыркы курста окуп жүргөнүмдө филармония жаш таланттарга тандоо жарыялаган. Оркестрда, фортепиано коштоосунда, эстрадалык жанрда ырдап тандоодон өткөнбүз. Студент үчүн, сахнаны эңсеген жаш кыз үчүн бул жерге ишке кирүү өтө чоң сүйүнүч болгон. Филармонияда ырдасам арманым жок эле дечүмүн, азыр болсо дал ошол жерде эмгектенип жатам.

– Алгачкы гонорарыңызды эмнеге жумшагансыз?

– Алгачкы чоң гонорарыма ыр жаздырып, артист көйнөк алгам. Чыгармачылыкта акча салмайынча жылыш болбойт.

– Көчөдөн күйөрмандар таанып калган учурлар болуп жатабы?

– Тааныгандар болуп жатат. Бир жолу курбум экөөбүз автобус күтүп аялдамада турганбыз. Аябай күлүп бир нерселерди сүйлөшүп жаткан элек. Бир эже келип “балам силер менен сүрөткө түшүп алсынчы” деп, биз жөнүндө сонун сөздөрүн айтты. Ошондо бир аз уялып, каткырбай акырын күлүшүм керек экен деп калдым. Билдирүүлөр көп келет. Мисалы, бир кыз жазыптыр “ырыңызды уктаарда угуп жатып уктайм” деп. Аябай жагымдуу болгон.

– Өзүңүздү кайсы бийиктиктен көргүңүз келет?

– Ар бир чыгармачыл адам сыяктуу эле мен да өсүүнү жана өнүгүүнү каалайм. Келечекте өзүмдү күчтүү репертуары бар, өз стилин тапкан, угармандары көп ырчы катары көргүм келет. Калың элге интрига же пиар менен эмес, жакшы ырларым менен таанылгым келет.

– Азыркы учурда репертуарыңызда канча ыр бар? Алардын ичинен жүрөгүңүзгө эң жакыны кайсы чыгарма?

– Репертуарымда дуэттер, триолор жана оркестр, ансамбль менен ырдап жүргөн ырлар бар. Алардын ичинен Жылдыз Малдыбаеванын “Кыял чабыттары” чыгармасын чоң сүйүү менен тандап аткаргам. Мага лирикалык ырлар абдан жагат. Өзүмө да жарашат деп ойлойм. Жаңы ырлардын үстүндө да иштеп жатам азыркы тапта. Буюрса, жакын арада элге тартуулайм.

– Кандай жигиттер жагат? Жүрөгүңүздү багынткысы келген мырзалардын кулагына күмүш сырга болсун...

– Жүрөгүмдү багындырчу адам чынчыл, түшүнүктүү, жоопкерчиликтүү, аялды сыйлай билген, ички дүйнөсү бай адам болушу керек. Тамашакөй, табышкер, жашоого жеңил карап, кыйын учурларда да жылмаюу таба алган адамдарды баалайм.  Эң башкысы – анын жанында өзүмдү тынч, ишенимдүү жана бактылуу сезгим келет. Мени өзгөртөм дебей, тескерисинче, колдоп турса дейм.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1225, 12-18-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан