Биз социалдык тармакта

Айым Төлөмүшева, 31 жашта: “ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛОО АЯНЫЧ ЭМЕС, БИЛГЕНГЕ ЖЕҢИШ”

Ал күчтүү инсан. Ал эки кызынын ден соолугу үчүн күн сайын күрөшүп, үмүт менен жашап келет. Каарманыбыз Айым Төлөмүшева оорукчан кыздарынын жашоо таржымалын, алардын оорусу качан жана кантип аныкталганын, эненин түйшүктөрүн, ошол эле учурда аны алдыга жетелеген үмүттөрдү айтат. Бул – кайраттуулуктун, сабырдуулуктун жана энелик сүйүүнүн баяны.

 

“Улуу кызым айына жетпей төрөлдү”                 

– Менин аты-жөнүм Төлөмүшева Айым, 31 жаштамын. Жолдошум Айтбек экөөбүз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2 кызыбызды багып келе жатабыз. Кесибим боюнча айтсам, орто билимим бар, колумдан көп жумуш келет. Чачтарачмын, тырмак жасалгалайм, андан тышкары Туризм академиясынын курстарын окугам. Бирок анын баарын жыйыштырып, азыр шартка байланыштуу үйдө тамакка буюртма алып иштейм. Жолдошум дагы мага жардамдашып ушул ишти аркалап келебиз. Анткени үйүбүздө бир эмес, эки кызыбыз: Амина жана Жанай биздин кароого муктаж. Өздөрү тамак жей алышпайт, баса алышпайт. Мүмкүнчүлүгүбүздүн баарын жумшап, ушул кыздарыбыздын ден соолугу оңолуп кетсин деп күрөшүп келе жатабыз. Улуу кызым быйыл 6 жашка, кичүүсү төрткө чыгат. Эмнеге мындай диагноз менен төрөлүп калышты деп көп ойлондум. Улуу кызымды боюмда көтөрүп жүргөндө аябай катуу токсикоз болгом. Анемия да болчумун, 35 жума гана болгондо кызым маалына жетпей төрөлүп калды. Ага балдардын шал оорусу жана балдардын психикалык жана сүйлөө жөндөмдөрүнүн кечеңдеши деген диагноз коюшту. Экинчи кызым боюмда барда жакшы эле жүргөм. Улуусун массаж алууга ташычумун, балким, ошол себеп болдубу билбейм. Экинчисине дагы ошол диагнозду коюшту. Башында киста бар, ошол үчүн да өнүгүүсү артта калды окшойт.

“Кыйын учурда жаныңда эч ким калбайт экен”                                              

 – Кыздарымдын мындай ооруларын укканда, чынын айтсам, алдымдан жер көчүп кеткендей болду. Оор кабыл алдым. Генетикалык оору дейин десем, биздин тукумда мындай оору менен эч ким оорубайт. Акырындап дос, туугандар деле алыстай баштайт экен же мага ошондой сезилдиби, билбейм. “Кыздарың сүйлөп калдыбы, бастыбы?” деп сурай беришкенинен улам да өзүм алардан алыстадым, балким... Кыздарым ымыркай кезинде эле өзгөчө экенин байкай баштадым, үч айында оодарылып, үн салып калыш керек эле да, алар жата беришчү. Ооруну кабыл алуу кыйын болду, кабыл алгандан кийин тигиндей диагнозду угуп жашоону улантуу, күрөшүү тозок экен. Жолдошума ыраазы болдум, мен чыдабай кетип кыздарымды “балдар үйүнө өткөрүп салалы” деген күндөр да болду. Жолдошум “жок, кыздарды өзүбүз карап, буттарына тургузабыз” деди. Азыр ошентип айтканыма өкүнөм, ачуудан жана айласыздыктан айтып алган экенмин. Төрт жыл катуу депрессияда болдум, анан өзүмө келдим. Социалдык тармактагы баракчамды иштете баштадым, бул да бизге мотивация катары иштеди.

“Сүйлөй алышса, эмнеси ооруп жатканын айтып беришмек да”

– Кээде аябай ыйлашат, тили болсо эмнеси ооруп жатканын айтып беришмек да. Аларды карап жүрөк тилинет, эмне кыларыңды билбей аргаң кетет. Кандай болсо да бул сыноону кабыл алдым, колумдан келишинче карайм. Эки кызымдан кийин дагы кыздуу болдук. Аны аябай Кудайдан ден соолугун тиленип жатып төрөдүм. “Биз деле дени сак балдардын ата-энеси болгубуз келет” деп суранып жүрүп, шүгүр, ден соолугу бекем, алты саны аман кыздуу болдук. Азыр ошол кызыбызды карап сооронуп, алдыга үмүт коёбуз. Жашообузга жарык алып келди үчүнчү кызыбыз.

Былтыр кыздарыбызга сбор ачып, каражат топтогон элек, ошону менен азыр реабилитациялык борборго каттайбыз, күндө жолдошум кыздарды алып барат. Өзүбүз Туз айылында тургандыктан, барып келиш аябай оор. 11де чыгып, кечинде араң келишет. Бирок натыйжасы болуп жатат, улуу кызым бир аз басканга аракет кылып калды. Ортончу кызымда жылыш аз болуп жатат.

“Күтпөгөн адамдар колдоо көрсөтүштү”

– Жакындарыбыз бизден жүз үйүрүп кетишкен убактар болду. Ошондой убакта бизди тааныбаган, социалдык тармактан эле көрүп колдоо көрсөткөндөр болду. Мен ошондой адамдарга ыраазы болдум. Бул сыноодон кийин адам катары аябай өзгөрүүлөр болду менде, сабырдуу жана боорукер болуп калдым. Азыр биздикиндей диагноз менен ооруган балдар көп болууда, мендей болгон энелерге айткым келет: мен төрт жыл бою ыйладым, ыйдан пайда табылса, мен тапмакмын. Көрсө, өзүңдөн күч таап күрөшпөсөң болбойт экен. “Сенин кыздарың тамакты өздөрү чайнай алышат экен, бөтөлкө менен суу ичет экен. Бул жакшы, менин балам оозуна салсаң чайнай албайт” деп мага жазган энелер бар. Ошондой энелерге айтарым, өзүңөрдү колго алып, оорукчан балдарыңыздар үчүн күрөшүүнү уланткыла. Мындай балдарды багуу оор, уйкуң канбайт, тамак деле убагында ичилбейт. Ошого карабай ден соолугуңарды карагыла демекчимин. Мен өзүм да бир тооп оору таап алдым.

“Бизден кийин да жашоосу болушу керек”

– Мындай диагноз өмүр бою кала турган нерсе экенин билебиз. Ошентсе да кыздарыбыз өз алдынча дааратканага барганга, тамак ичкенге жарап калышса деп кыялданып келебиз. Анткени алардын бизден кийин да жашоосу болушу керек. Убакыттан уттурбай, жан талашып бир аз болсо да өз алдынча болуп калса деп далбастайбыз. Эл үчүн жөнөкөй, балким, бааланбаган нерселер биз үчүн абдан кымбат. Мисалы, балдарыбыз биз менен чогуу отуруп тамактанышса, “апа, балмуздак жейм” деп айта алышса, өз алдынча дааратканага бара алышса – бул чоң бакыт. Кээде менде “балдары оорубаган адамдарда эмне көйгөй болот болду экен?” деген пенделик кызыгуу болуп кетет. Азыркы учурда кыздарыбызды ташуу үчүн Бишкекке жакын жерден үйлүү болсок деп тилейм. Бирок кыздарыбыз үчүн эки жолу эсеп ачтык, кайра жардам сурагыбыз келбейт. Эл катары кээде жолдошум экөөбүздө деле пикир келишпестиктер болуп кетет, кайра өзүбүзгө келип, түшүнүшүп, оор болуп жатканын байкап, бири-бирибизди колдоп күн кечирип келебиз. Эң башкысы – эч бир ата-эненин жүрөгү сыздабасын, балдар оорубасын демекчимин. Өзгөчөлүгү менен дүйнөгө келген баланы тарбиялоо – бул аяныч эмес, чоң жеңиш! Андай баланын ар бир кадамы эмгектин таттуу жемиши жана бакыттын кубанычы...

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1225, 12-18-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан