Биз социалдык тармакта

ЭСКИ СӨЗДӨРДҮН МААНИСИН БИЛЕСИЗБИ?

Булан-Сөгөттү

Ысык-Көлдө Булан-Сөгөттү деген айыл бар. Бул аталыш эмнени билдирерин ойлонуп көрдүңүз беле? Бул боюнча так маалымат жок, бирок божомолдор бар. “Сөгөттү” сөзү “тал”, “мажүрүм тал” деген маанини бериши мүмкүн. Махмуд Кашкаринин эмгектеринде “көп сөгүткө куш конор”, “кейик сөгүт” (жапайы тал) деген сөздөр бар. Демек, Булан-Сөгөттү “жапайы талдуу” деген маанини бериши ыктымал. 

Үртүк

Ат жабуу. Адатта аттын соорусуна эле эмес, башынан куйругуна чейин жабылат. Алтын, күмүш, абайы – кыз-келиндин үртүгү (фольклор). Бул сөздүн төркүнү – байыркы түрк тилиндеги “өрт” – “жап” деген этиш. Анын туундусу “өртүк” ошол учурда эле “жабуу” маанисинде колдонулган. 

Чуңкурчак                                        

Чүйдүн Аламүдүн районунда Чуңкурчак жайлоосу бар. “Чуңкур” кыргызча  “чуңкур” дегенди билдирет. Ал эми “чак” деген перс сөзү да кыргызча “чуңкур” деген маанини билдирет. Демек, чуңкур жердеги жайлоону элестетиңиз. 

Кырмызы                                      

Юдахиндин сөздүгүндө кырмызы сөзү – кызыл дегенди билдирет деп жазылган. Түрктөр да чылкый кызыл өңдү “кирмизи” деп аташат. Бул сөз түрк тилдүү элдерге араб же перс тилинен келген деген божомол бар. Анткени перстер илгери кирмиз деген курт-кумурсканын түрүнөн кызыл боёк алышчу. 

Бокчо                                        

Ичине майда-чүйдө же баалуу буюмдарды салып койчу түйүнчөк. Ошондой эле бешикти өңөрүү үчүн ээрдин алды жагына коюла турган кичирээк таңгак. Бул сөзгө байланыштуу “жакшы абысыныңа барганча, жаман бокчоңду аңтар” деген да лакап бар. “Бог” байыркы түрк тилинде “буюмдарды салчу баштык, түйүнчөк” деген маанини берген. Ага кичирейтүүчү “ча” мүчөсү жалганып, бокчо сөзү келип чыккан деп айтылат.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1225, 12-18-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан