Кино сынчылар корейлердин “Колония” аттуу тасмасын зомби-хоррордогу жаңычылдык деп аташты. Бул жылы ужас, хоррор жанрында тартылган тасмалардын арасынан көп талкууга да ээ болду. Канн кинофестивалында “түндө көрсөтүлүүчү” программага тандалып алынган. Эгер ужас көргөндөн коркпосоңуз, зомбилер менен экран сыртынан “күрөшүүгө” даяр болсоңуз, анда “Колония” тасмасын сунуштайбыз. Жаш балдарды уктатып коюп, кечинде көрүңүз, таасирдүүрөөк болот:) Ал эми макалада тасма тууралуу маалыматтар топтолгон.
Тарткан өлкө: Түштүк Корея
Чыккан жылы: 2026-жыл, 21-май
Режиссёру: Ён Сан Хо
Жанры: ужас, фэнтези, хоррор,боевик
Узактыгы: 122 мүнөт
Бюджети: 13 миллион доллар
Топтогон каражаты: 26 миллион доллар
Башкы ролдордо: Чон Жи Хён, Ку Ге Хван, Жи Чан Ук, Щин Хён Бин, Ким Щин Рок жана башка
«Prada кийген азезил-2» тасмасын артка калтырды
21-майда Түштүк Кореяда прокатка чыккан “Колония” тасмасы 1-күнүндө эле ага чейин прокатта лидерлик сапта турган «Prada кийген азезил-2» жана “Майкл” тасмаларын көрүү боюнча ашып өтүп кеткен. Корейлер буга чейин да зомби тууралуу тасмаларды тартып келишкен. Эң популярдуу болгондорунун бири – “Пусанга поезд” фильми. Дал ушул тасманын жаратуучулары, тагыраагы, режиссёр Ён Сан Хо кайрадан жаңы интерпретацияда зомби-апокалипсисин чагылдырды. “Пусанга поездде” окуянын өзөгү поездде өтсө, “Колонияда” көп кабаттуу имараттын ичинде өтөт.
Тасманын бет ачары 2026-жылдын 19-майында Канн кинофестивалында көрсөтүлгөн. Фестивалдын сынчылары тасмага “Жылдын башкы экшн-хоррору” деп баа беришкен.
Жөн эле конференцияга барып...
Биотехнология илиминин профессору Се Чжон Сеулда жайгашкан «Дунвури» бизнес-борборунда өтүүчү илимий конференцияга чакыруу алат. Ушул эле конференцияга биотехникалык компаниянын мурдагы кызматкери Со Ён Чхоль да сапар алат. Ага чейин полицияга чалып, бизнес-борбордо биохимиялык теракт жасаарын эскертет. Ён Чхолдун мурдагы жетекчилик менен түшүнбөстүктөрү бар эле, алардан өч алуу жана өзүнүн амбициясын көрсөтүү максатында ал өзү ойлоп тапкан вирусту жетекчисине ийне менен саят. Ошону менен вирус жайылып, жаңы эле бейкапар өз иштери менен алек болуп жүргөн адамдар заматта зомбиге айлана башташат. Со Ён Чхоль өзүн вируска каршы жалгыз дары экенин айтат, андыктан аны имараттан аман алып чыгуу керек. Бизнес-борбордо камалып, зомбилер жете элек бир ууч адамдын арасында профессор Се Чжон да бар. Ал зомбиге айланган адамдарга байкоо жүргүзүп, алардын өз алдынча эмес, бирөөгө баш ийип кыймылдышканын, “жамааттык акыл-эске” ээ экенин билет. Көрсө, аларды баягы Ён Чхоль башкарат экен... Алдыда аман-эсен эшикке чыгуу турат, бирок бул мүмкүн эместей...
Бул тасманы көрө электерге кыскача спойлер болду.
Эмнеге колония?
Режиссёр бул жанрга кайтып келгенинин себебин эволюцияны көрсөтүү аракети менен байланыштырат. Мурда зомбилер акылсыз, бир гана инстинкт көрсөтүп келишкен. Ал эми реалдуу убакытта зомбилер алгач төрт аяктап жүрсө, бир аз убакыт өтүп эки буттап басышат, анан жарыкты ажыратат, манекен менен адамдын айырмасын билет, анан биргеликте иштөөгө өтүшөт, бири-бирине маалымат жеткире алышат колония сымал. Ушундан улам да тасмага “Колония” аталышы берилген.
Жылдыздуу курам
“Колония” режиссёр Ён Сан Хонун зомбилер тууралуу 3-тасмасы (“Пусанга поезд” 1-2-бөлүмү). “Пусанга поездде” ал каармандардын эмоциясына көп басым жасаганын айтат. Тасмадагы ар бир каарманды тааныйсың, алар менен кошо кайгырасың жана эстеп каласың. Ал эми “Колонияда” көбүрөөк илимге, вирус кантип жаралганы, адамдарга таасири, эволюциясы тартылган. Мында каармандарды дээрлик айырмалаган, эсте кала турган деле жери жок, баарына кыска-кыска гана убакыт бөлүнгөн, эмоционалдык аспектилер ачылган эмес. Ошентсе да жылдыздуу курамды баары бир эстеп каласың.
Профессор Се Чжон – актриса Чон Жи Хён. Актрисанын камера алдындагы жөнөкөйлүгү, окумуштуу катары токтоолугу, паникага алдырбаганы көрөрмандар тарабынан жогору бааланды.
Бизнес-борбордогу коопсуздук кызматкери Чве Хён Сок – актёр Жи Чан Ук. Актёр канчалык экшн, боевик сценалардан качпасын, дал ушул жанр ага жарашкандай сезилет. Режиссёр Ён Сан Хо: “Мен 1-жолу Жи Чан Уктун мушташ сценаларына күбө болдум да, таң калдым. Ага эч кандай дублёрдун кереги жок экен. Башкалардын кыймылын кеңешчилер, бийчилер ойлоп таап берип жатышкан. Чан Укка келгенде эч кимдин жардамы керек болгон жок, мушташ сценаларын профессионал катары аткарып жатты”,- деген.
Терс каарман Со Ён Чхоль – актёр Ку Ге Хван. Тасмадагы башкы антогонист катары актёр Ку Ге Хвандын ролу көбүрөөк эсте калса керек. Зомбилерди жараткан, алар менен “өз тилинде” байланышкан, адам өмүрүн оюнчук катары да көрбөгөн персонаж. “Тасманы көрүп чыккандардын көбү мен ойногон Со Ён Чхолду башка чапкысы келгенин айтып жатышты. Адамда ушундай жек көрүү сезимин чакыруу оңойго турбайт деп ойлойм”,- дейт актёр өзү.
Кыскача фактылар
Тартуу иштери 2025-жылдын март айынан июндун ортосуна чейин созулган. Окуя Сеулда деп көрсөтүлгөнү менен, тартуу иштери Танжин шаарында ишке ашкан.
Тасманын расмий дистрибьютору — World Pictures компаниясы.
Кореяга эле эмес, дүйнө жүзүнө таанымал актёр-актрисалар топтолгон. Ар бир ролдогу адам образына жарашканын, актёрдук курамды тандоо оңой болгонун жана алардын долбоорго катышууга макулдук бергенине ыраазычылык айтат режиссёр.
Зомбилердин адаттан тыш кыймыл-аракеттерин белгилүү бийчилердин жардамы менен ишке ашырып, толуктап турушкан.
Кореяда прокатка чыккан 14 күн ичинде 4 миллион көрүүчү көрүп, 2026-жылы чыккан тасмалардын арасында 2-орунга чыкты. Бул көрсөткүч дагы да өсөт деп күтүлүүдө. Ал эми 1-орунда “Падыша менен жашаган адам” тасмасы турат.
Асыл Орозбекова