Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 15-июндан 21-июнга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Апта башында сиздин дарекке сын айткан адамга кек сактап калышыңыз мүмкүн. Профессионалдык жаатта бир убакта бир нече тапшырма аткара алган кесипкөйлүгүңүз ишке кирет. Жумушта провакацияга чакырган учурлар болот, муздак акыл-эс менен сабырдуулукту сактаңыз. Кыз-жигит статусунда жүргөндөрдүн мамилеси жаңы тепкичке көтөрүлүшү күтүлөт. Апта соңу сырттан даамдуу тамак жеп, кооз жерлерге барып эс алуу каалооңуз күчөйт. Өзүңүзгө өзүңүз эс алуу уюштуруңуз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Букачарлар бул аптада “жаркырашат” дешет жылдыздар. Жылдызыңыз жанып, байкалбаган харизмаңыз байкалып, көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Түгөйүңүз менен мамилеңиз жакшырат, түшүнбөстүктөр чечилет. Жумушта жаңы нерсе баштабай туруңуз, эскилерди сапаттуу бүтүргөнгө аракет кылуу керек. Электр приборлору менен иштегендер коопсуздук техникаларын сактаганга аракет кылуулары керек, кокустуктарды алдын алып. Дем алыш кимдир бирөөгө жардамдашканы барасыз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жашооңузда бир нерсени өзгөртөм деп, бирок батынбай келген болсоңуз, бул аптада ошол өзгөртүүгө киришиңиз, ыңгайлуу убакыт. Колуңузга эмне албаңыз ийгилик коштойт дешет жылдыздар. Бирок жаңы жумуш издеп жүргөндөрдүн оюндагыдай жумуш табылбай калышы мүмкүн. Ири сумма талап кылган ишке аралашпай туруңуз, алданып калуу коркунучу бар. Андан көрө акчаңызды банкка сактоо туура. Бул аптада тууган-урук менен жолугасыз, айтор, зериккенге убакыт болбойт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Чөнтөгүңүзгө ири суммада акча түшүүсү мүмкүн. Айланаңыздагы адамдардын баары сизден бир нерсе жашырып же алдап жаткандай сезим жаралат. Бир аз күтө туруңуз, түшүнбөстүктөрдүн баары өзү эле чечилет. Жеке жашоодо баары туруктуу, өз орду менен жылат. Апта соңу меланхолиялык маанайга түшүп, энергияңыз жок калгандай сезилет. Бул абалдан чыгуу үчүн шайыр жана сизди урушуп эске келтирүүчү достор керек, аларды алдын ала жолугууга чакырып коюңуз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Алдын ала сезип, көрүүчүлүк касиетиңиз күч алат, жокко чыгарбай ички туюмга ишенүү сунушталат. Жумушта жаңы идеялар жок, жалкоолук капташы мүмкүн. Андыктан өз алдынча эмес, кесиптештердин агымына кошулуп, биргеликте иш кылыңыз. Бойдоктор келечек турмушун байлай турган адамга жолугуусу мүмкүн. Пайда табам деп тобокелдикке барбай туруңуз, “күйүп” кетишиңиз ыктымал. Аптанын экинчи жарымында жакындардын жакшылыгына чакыруу алышыңыз мүмкүн.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Күн ысыкта көчөдө көпкө жүрүү сунушталбайт, баш оору, баш айлануу, эс-учун жоготуу сыяктуу кесепеттерге туш болуу коркунучу бар. Туугандардын айрым кылыктарын сындап, аларды оңдоо аракетин кылуунун кереги жок, сизди түшүнбөй, тескерисинче, жаман көрүшөт. Окуу, экзамен алдыда тургандар жакшылап даярдануулары керек, эч нерсеге алаксыбай. Ишемби же жекшембиде алыста жүргөн жакыныңыздан жакшы кабар угасыз. Гардеробго жаңы кийим кошулуусу мүмкүн.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Жумушта эски каталардын бирин оңдогонго мүмкүнчүлүк түзүлүп кубанычта болосуз. Документ иштерин артка жылдырбай, баарын өз убагында бүтүргөнгө аракет кылыңыз. Финансы тармагында акча сизге магниттей тартылат, негизгиси акча келе турган булакты туура тандоо керек. Сырдаш адамыңыз менен жолугуп, сыр төгүшүп бир топ жеңилдеп каласыз. Бул жолугууда келечекке карата жаңы идеялар жаралып, талкууланышы мүмкүн. Сүйүү жаатында өзүңүзгө эркиндик бериңиз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Бул аптада көңүл борборунда – үй-бүлөлүк мамиле болушу керек. Жакындар менен көбүрөөк убакыт өткөргөнгө, байланышты бекемдегенге аракет кылуу керек. Ортодо таарыныч болсо, биринчи кадамды сиз жасап кечирим сурасаңыз аягы жакшы бүтөт. Жумушта баары жакшы, баары алдын ала пландалгандай өтөт. Жаңы таанышкан адам менен бат тил табышканыңызга таң калууңуз мүмкүн. Дем алышка чукул жумуштарыңыз көбөйсө, артка жылдырбаңыз, азыр иштей турган мезгил.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Ички ой толгоолор тынчыңызды алат, баары мурункудай эмес, баары сиз каалагандай эмес болуп жаткандай сезим жаралышы ыктымал. Көп ойлонбоңуз, андан көрө келбетиңизге өзгөртүү жасаңыз, чач жасалганы өзгөртүңүз, чачты боёңуз, жаңы стилдеги кийим алыңыз жана башка. Жумуш ордун котором деген ой болсо, бир аз сабыр кыла туруңуз, убактысы келе элек. Жакшы санаалаш адамдан жагымдуу белек аласыз. Апта соңу жакшы адамдын үйүнө конокко барууңуз күтүлөт.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Көпчүлүк текечерлер үчүн жай мезгили тытынып иштөөнүн убактысы болот. Бирок бул эмгектин үзүрү финансылык жактан бир топ жогорулатат. Жеке жашоодо үй-бүлө мүчөлөрү өзүм билемдик менен бир нерсе жасаганы же жасабай койгону кыжырыңызды келтириши мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында сапарга чыгып, жолдон эски тааныштарга жолугуп кубанасыз. Үй жумуштарын жасоодо оор көтөрбөгөнгө аракет кылыңыз, омуртка оорулары козголуп тынчыңызды алышы мүмкүн.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Үйдүн ичи-сыртына бир сыйра “ревизия” жүргүзүңүз, оңдочусун оңдоп, тазалачусун тазалап дегендей. Жумушта олуттуу өзгөрүүлөр, чоң жетишкендиктер күтүлбөйт. Андыктан бул убакыт аралыгын жеке жашоого арнап, бүтпөгөндөрдү бүтүргөнгө аракет кылуу керек. Ооруканага анализ тапшыруу максаты менен баш багууңуз мүмкүн. Карыздардан аз да болсо кутулуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Дем алышты ысыктан качып табият коюнунда өткөрүү сунушталат.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Жумушта кесиптештердин бири сизге карата сын айтып жатса да, аны атаандаш катары көрбөй, оюна көңүл бөлүңүз. Балким, чындап оңдой турган нерсени айтып жатат. Аптада бир нече адам менен жолугуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүп турат. Талаа, огород иштерине киришүүңүз мүмкүн. Соода жана курулуш тармагында жүргөндөрдүн иши илгерилейт. Түгөйүңүз менен келечекке кең план түзө берсеңиз болот, ишке ашчу күн алыс эмес. Дем алышта үйдө жатпай, элге аралашканга аракет кылыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1225, 12-18-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан