Азыркы тапта кибералдамчылыктын негизи 7 түрү бар экенин 8-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.
Анын айтымында, биринчи түрү – жасалма сайттар, шектүү шилтемелерди жарандардын мобилдик тиркемесине жөнөтүү. Мында шылуундар ар түрдүү шылтоолор менен жеке маалыматтарды алууга жетишишет. Экинчиси – телефон чалып, өздөрүн банк же укук коргоо органдары катары тааныштыруу. Алар жаранга банктык эсеби коркунучта экенин же насыя алынып жатканын айтуу менен акчаны өздөрүнүн эсебине котортуп алышат. Үчүнчүсү – SIM-картанын мөөнөтүн узартуу шылтоосу. Бул схемада алдамчы анын жеке коддорун сурап алууга жетишет. Төртүнчүсү – мобилдик тиркемелер аркылуу жарандарга жакындары аркылуу жиберилген билдирүүлөр. Мында шылуундар жарандардын аккаунтуна кирип, анын атынан жакындарынан акча сурашат. Бешинчи схема – интернет аркылуу товар сатуу. Алдамчылар бул жол менен жарандардын башын айлантып коюшат. Алтынчысы – криптовалютага байланыштуу алдамчылык болсо, жетинчи түрү – телеграмдагы үч бурчтук схема болуп саналат. Мында да криптовалюта аркылуу кайырмакка илишет.
Бул арада Улуттук банк жаңы алдамчылык схемасы тууралуу эскертип, жарандарды сак болууга чакырды. Билдирүүгө таянсак, шылуундар Улуттук банктын логотибин колдонуп жатышат.
– Белгисиз адамдар өзүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, ошондой эле Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди колдонуп, мессенжерлердин жардамы менен жарандарга “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталындагы эсептик жазуулары бузулгандыгы жана жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткендиги тууралуу жалган билдирүүлөрдү жазышат. Шылуундар жаранга анын атына таризделген насыя тууралуу кабарлап, буга байланыштуу акчаны “коопсуз” эсепке которууну сунуштайт,- деп эскертти мекеме.
Эскерте кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенжерлер аркылуу жарандарга жөнөтпөйт. Акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт.