Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгарылды. Маалыматты 8-июнда “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы билдирди.
Мындай чечим Европа Биримдигинин Учуулар коопсуздугу боюнча комитетинин кезектеги жыйынында кабыл алынып, Кыргызстанда сертификатталган бардык авиаташуучулар Европага учууга тыюу салынган компаниялардын тизмесинен чыгарылды. Өлкө бул тизмеде 2006-жылдан бери болуп келген.
– Евросоюздун кара тизмесинен чыгуу Кыргызстанга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мындай чечим Кыргызстандын авиация системи бүгүнкү күндө учуулар коопсуздугунун бийик талаптарына жооп берерин жана дүйнөлүк мыкты стандарттарга ылайык иштей аларын эл аралык коомчулуктун таануусу болуп эсептелет. Бүгүн биз Кыргызстан дүйнөлүк авиациялык картага эл аралык авиация коомчулугунун ишенимдүү өнөктөшү катары кайтты деп ишенимдүү түрдө айта алабыз,- деди “Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси Манасбек Самидинов.
Эми Кыргызстандан Европа өлкөлөрүнө түз учууга мүмкүнчүлүк ачылат.