Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кызыл китепти жаңыртуу боюнча иш алып барышат.
Министрлик маалымдагандай, илимдер академиясынын окумуштуулары флора жана фаунанын сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүнүн абалы жөнүндө так маалыматтарды алуу үчүн өлкө аймагында изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Долбоор 24 айга эсептелип, пландалган иштердин наркы 21 миллион сомду түзөт.
Учурда Кыргызстандын Кызыл китебине куштардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү, жерде-сууда жашоочулардын 2 түрү, сойлоочулардын 8 түрү, балыктардын 7 түрү, муундуу буттуулардын 18 түрү, өсүмдүк жана козу карындардын 89 түрү кирет.