Эл көзүнө көп көрүнбөй кеткен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайрадан коомдун назарында. Ал 9-июнда Сокулуктун Кызыл-Туу айылына барып, кичи футбол аянтчасынын ачылышына катышты. Интернет желесине тараган видеодон Ташиевдин жаш футболчуларга дем-күч берген сөздөрдү айтып, чогуу футбол ойногонун көрүүгө болот. Ташиев аталган айылдын 9 балалуу бир тургунуна үй белек кылганы да айтылды. Видеодон мурдагы башкы чекисттин арыктап калганы да байкалды.
Эскерте кетсек, быйыл февралда кызматынан кеткен Камчыбек Ташиевге жана бир катар саясатчыларга учурда кылмыш иши козголуп, соттук иштер жүрүүдө. Соттук отурумдар жабык өтүүдө, анткени ИИМ аталган кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф койгон.