Учурда коомдо көп катталып жаткан инсульт илдетине генетиканын кандай тиешеси бар? Бардар жашоодо жашаган үй-бүлөдө көбүнчө кыз, тамак-ашы жетишсиз болуп, начар жашоо кечиргендерде уул төрөлөт деген чынбы? Ушул жана башка суроолорго медицина илиминин кандидаты, врач-генетик Бибинуль Карыпбаева жооп берди.
– Бүгүнкү коомдо аялдарга карата зомбулук күч. Генетиканын алкагынан караганда, зөөкүр эркектерде кандай өзгөчөлүк же синдромдор болушу мүмкүн?
– Андай эркектерде тукум куучу туретта синдрому болот. Аталган синдром борбордук нерв системинин оорусу. Аларда дофамин гормону өтө көп бөлүнүп чыгарылат. Мындай эркектер этти көп жебеши керек. Эт ачууланууну күчөтөт. Туретта синдромунун белгилерине сөгүнчөөктүк, бат ачуулануу, мушташ, уруш-талашка жакындык кирет. Бирок ошол эле кезде андай адамдар суукка, ачкалыкка, оор жумуштарга чыдамдуу болушат. Аталган синдрому бар эркектер спорт залга жазылса жакшы, жинин, ачуусун, машыгуудан чыгарып, тынчтанып калышат. Кара жумушта иштесе да жакшы.
– Күйөөсү уруп, өмүрүнө коркунуч жаратып жатса деле чыдап жүрө берген аялдар бар. Аларга генетика илими кандай мүнөздөмө берет?
– Андай адамдарда аялдарга тиешелүү жыныстык гормондордун ичинен окситоцин ашыкча бөлүнүп чыгып турат. Ашыкча гормондор эс-тутумдан оорутуу сезимдерин жууп, өчүрүп тура берет. Ошондуктан күйөөсү уруп-соксо деле аны кечире берет. Качан гана этек кири токтоп, климакс башталганда окситоцин бөлүнүп чыкпай калат. Ошондо аялдын көзү ачылып, күйөөсүнүн кордуктарын сезе баштайт. Жинденип, күйөөсү менен карыганда ажырашат, көбү күйөөсүн үйүнөн кууп чыгат. Же балдарды уят кылбайын деп ажырашпайт, бирок күйөөсүнүн бар-жогу менен иши жок кайдыгер жашоо сүрө баштайт. Окситоцин көп бөлүнүп чыгышы мүмкүн делген аялдарды сыртынан байкаса болот. Моюну узун, колу-буту кыска, жамбашы чоң болот.
– Кээде жубайлар жалаң уулдуу болуп, кыз төрөлүшүн зарыгып күтүшөт же тескерисинче. Буга таасир этчү факторлор тууралуу эмне айтат элеңиз?
– Уул балдардын көп төрөлүшү эмнеден улам болот? Согуш учурунда, жашоо начар кезде, ачарчылыкта эл, анын ичинде аялдар курулай нан, туз, суу менен калышат. Мындай кезде эркек балдар көп төрөлөт. Биринчиден, бул жаратылыш. Адамзат тукум курут болбосун, эркектердин мураскерлери болсун деп уул балдар жаралат. Экинчиден, нан, туз, суу менен калган аялдын организминде натрий көбөйүп, белок азаят, бул уулдун төрөлүшүн шарттайт. Эгер өлкөдө кыздар көп туулса, демек, эл жакшы жашап, аялдар жакшы тамактанат. Аялдар кенен жеп-ичип, кенен уктаганда анын организми согуш же ачарчылыктын белгисин сезбейт, жаратылышта да андай кооптонуу жок. Ошондуктан кыздар көп туулат. Эми жалаң кыз төрөгөн, уул төрөгүсү келген аял эмне кылышы керек? Кош бойлуу болгонго чейин жок дегенде 6 ай начар тамактанып, аз уктап, уйкусу канбай жүрүшү керек. Башкача айтканда, нан, туз, картошка жеп, эртең менен эрте туруп көп иш кылып, кеч жатып, арыкташы кажет.
– Тукум куучу ооруларга эмчек рагы да кирет. Ушул ооруну укум-тукумга өткөрбөй калуунун жолу жок да?
– Эне тарабынан тукумунда эмчек рагы барлар кыз төрөбөй, жалаң эркек бала төрөшү керек. Жогоруда айтылгандай, начар тамактанып, аз уктап, көп иштеп кыйналса, уул төрөйт. Уулдар туулгандан кийин аялдын небере кыздарына эмчек рагы өтпөй токтойт, оорунун берилүү чынжырчасы үзүлөт. Кыз төрөсө, оору ген менен өтө берет. Эгерде эркектерде тукум куучу гемофилия оорусу болсо, анда анын аялы жалаң кыз төрөшү шарт. Ошондо оорунун чынжырчасы үзүлүп, кийинки муунга оору өтпөйт.
– Эмне үчүн кээде жаман адаттары жок, ден соолугун жакшы караган аялдар деле тубаса оорулуу ымыркай төрөшөт?
– Ар бир аялдын жумуртка (энелик) клеткаларынын 5 пайызы хромосомдук гендик патологияны алып жүрөт. Бул расага, улутуна, тамактанышына жана башкаларына карабайт. Аялдарда этек кир келгенден тартып климакска чейин ар бир ай сайын эн безинде бирден урук клеткасы жетилип турат. 1 жылда 12 урук клеткасы жетилет. Этек кир менен климакс аялда эрте же кеч келиши мүмкүн. Мисалы, аял 18 жашынан тартып 45 жашына чейин төрөт курагында деп эсептесек, анда анын 27 жыл ичи төрөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар. 27 жылды ар бириндеги 12 айга көбөйтсөк, 324 болот. Бул сандын 5 пайызын чыгарсак, 64 урук клетка хромосомдук гендик патологиялуу болуп чыгат. Аялда бойго бүтүү учурунда ошондой патологиялык урук клеткасы туш болуп, эркектин урук клеткасы аны уруктандырып калса, демек, бала оорукчан же майып туулат.
– Кош бойлуу аял сасык тумоологон учурда парацетамол колдонсо, аутист бала төрөлүшү мүмкүн деген маалымат бар. Чындыгы канчалык?
– Кош бойлуу аял сасык тумоо болгондо инсти, парацетамол, антигриппин ичиши мүмкүн. Булар организмден вирусту чыгарбайт, оорунун белгилерин, башкача айтканда, баштагы, булчуңдагы ооруларды кетирет. Организмде калган вирусту иммунитет күчтүү болсо өлтүрөт, болбосо жок. Эгер кош бойлуу аялдын иммунитети начар болуп, вирустарды өлтүрө албаса, анда анын түйүлдүккө терс таасири тийип оорукчан, мисалы, аутист бала туулушу мүмкүн. Эмне кылыш керек? Мисалы, малина кошулган чай, шорпо, бал кошулган сүт ичип дарылануу керек. Иммунитетти күчтөө керек.
– Учурда инсультка кабылгандар көп. Анын алдын алуу үчүн ден соолукка зыян келтирбегидей кайсы каражатты колдонууга болот?
– Адамда тутумдаштыруучу ткандар бар. Алар дененин массасынын дээрлик жарымын түзөт. Аларга кан, лимфа, тарамыш, байламталар, чарым, кемирчек, сөөктөр кирет. Кан тамырларда лимфа, кан жүрө тургандыктан анын тутумдаштыргыч ткандарга да тиешеси бар. Инсульттун башкы себептеринин бири – жогоруда айтылгандардын жана кан тамырлардын начар, алсыздыгы. Инсультка кабылуу коркунучу жалпак таман, варикозу барларда да бар. Демек, тутумдаштыруучу ткандарды бекемдөө керек. Эң жакшы ыкма кайсы? Дүкөндөн каштан дарагынын жаңгагынан жасалган 1 стакан унду жана кичинекей тоголок прополисти 1 литрлик айнек банкага салып, үстүнө толтуруп таза спирт куюу керек. Банканын сыртын кара сыр менен сырдап алуу зарыл. Спирттүү банка 1 ай муздаткычка коюлат. 1 айдан кийин ачытманы сүзүп, күнүгө 1 маал 0,5 стакан сууга 40 тамчы кошуп ичүү сунушталат. Ичерден мурун өнөкөт оорулар болгон учурда врач менен кеңешүү керек.
– Аллергия тууралуу сиз алектенген илимде эмнелер айтылат?
– Аллергия адамдын абдан таза болуп кеткенинен да жаралат. Айрымдар өтө таза болом деп өздөрүнүн да, балдарынын да иммунитеттерин бузушат. Иммунитет мыкты болуш үчүн анча-мынча кирдин болушу нормалдуу нерсе. Мисалы, эң мыкты иммунитет индиялык балдарда. Алар көлчүктөгү кир сууну ичишсе деле оорушпайт.
Канымжан Усупбекова