Биз социалдык тармакта

АШКАЗАН ЖАРАСЫН ФАСТ-ФУДДАР ДА ЖАРАТУУДА

Улуттук хирургиялык борбордун ашказан жана 12 эли ичегинин оорулары бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты  Болот Иманов: “Бизге  келген бейтаптардын  70-90 пайызынын дарты дары-дармек менен айыкпайт,  уламдан-улам кайталанып кармай берет. Андыктан операция жасоого туура келет. Оорунун негизги себептерине  жеген тамак-ашка кош көңүл кароо,  стресстердин көптүгү да кирет. Ашказандагы жара билинбей жүрө берип ракка айланып кетиши мүмкүн”,- дейт.

 

“15-30 ЖАШТАГЫЛАР ДА ТҮШҮҮДӨ”

– Акыркы 10 жылда ашказан жарасы менен ооругандардын саны абдан көбөйдү.  Биздин ыкчам жардам көрсөтүүчү хирургиялык борборго бейтаптар кан кусуп, ичинен кан кетип, жаны көзүнө көрүнүп келишет. Ашказан жарасынын канын токтотуу оңой эмес. Абалы оорлорду жандандыруу бөлүмүнө жаткырып, колдон келген жардамды көрсөтөбүз.

 Адатта жара уйку бездин жанына өсүп кеткенде тынчтык бербей калат. Жара билинбей жүрө берип ракка айланып кетиши да мүмкүн.  Бирок 12 эли ичегинин жарасы канаганда токтотууга мүмкүнчүлүк бар.  

2 оору тең ушунчалык жашарып баратат, окуучу балдар да түшүп жатат. Минтип жүрүп отурса, жаш балдардын көбү оорукчан болуп калуу коркунучу бар. Мисалы, бизге 15 жаштагы бала ичинен кан кетип түшкөн. Операция жасап аман алып калганбыз. “Эмне жеп, иччү элең?” деп сурасак, “шаурмасыз тура албай калгам” дейт. Шаурмада, гамбургерде, айтор, фаст-фуддарда колдонулуучу эттер кайдан келген, эмне эт экендиги белгисиз. Санэпидемстанция арыз түшсө гана фаст-фуд түйүндөрүн текшере алат. Мурункудай айттырбай барып текшерүү дегенди кайра киргизүү керек. Башка ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы менен түшкөн 15-30 жаштагы бейтаптардан сурасак, алар да фаст-фуддарды көп жей тургандыктарын айтышууда.

ӨТҮШҮП КЕТСЕ... 

Ашказан жана 12 эли ичегидеги жара убакыттын өтүшү менен кабылдап баштайт.  Өтүшүп кетсе эмне болорун карап көрөлү. 

1. Жара ашказандын калың катмарына өтүп, андагы кан тамырлар жарылып, акырындап же күргүштөп кан ага баштайт. Адам кан кусуп, эс-учун жоготот. Дароо операция жасалбаса, адам көз жумат.

2. Жара жарылып, ашказандын бардык катмарлары ачылып, ашказан жана 12 эли ичегидеги суюктуктар ич көңдөйүнө куюлуп, андагы органдарды уулантып, иритет. Ириңдөө процесси башталат. Шашылыш операция жасап, жараны алып, ордун бүтөп, курсак көңдөйүн тазалоо керек. Болбосо адам өлүп калат.

3. Ашказан же 12 эли ичегидеги жара акырындап берчке айланып, тамак өтчү жерди бүтөп калат. Тамак сиңбей, адам куса баштайт, арыктайт. Операция жасап, жараны алып, анын ордун бүтөө керек.

4. Жара ашказандан өтүп коңшу органдарды – уйку безин, өт баштыкчасын, боорду да жабыркатат. Операция жасалбаса, адам өмүрүнөн айрылат.

 

2 ООРУНУН ЖАРАЛЫШЫН ШАРТТООЧУ ФАКТОРЛОР

Сөз кылып жаткан 2 оорунун тең келип чыгуу себептери окшош. Алар:

• Хеликобактер пилори

• Куурулган, туздалган жана тез даярдалуучу азыктарды көп колдонуу, кургак жана баш аламан тамактануу

• Жашылча-жемиштердин химиялык жер семирткич менен өстүрүлүп жатышы

• Ашказан-ичегинин өнөкөт оорулары (гастрит, панкреатит)

• Дары-дармектерди өз алдынча узакка колдонуу (мисалы, аспирин, индометацин, диклофенак, бутадион, кетопрофен, ибупрофен жана башка)

• Ичкилик ичүү, тамеки жана насыбай тартуу, баңгизат колдонуу

• Уулануу

• Тукум куучулук, стресстер. Тукум кууган түрүндө адамдын ашказанында туз кислотасы табиятынан көп болот. Ошондой эле адам кайгырып-капаланганда да ашказанда туз кислотасы көп бөлүнүп чыгат. Эки көрүнүштө тең адам убак-убагы менен тамактанбай, ачка калуу өнөкөткө айланса, ашказанда тамак жок кезде ашказан былжырынын бети ачык калат да, туз кычкылы анын бетин оюп жиберип, жара жаралат.

ХЕЛИКОБАКТЕР ПИЛОРИ ДЕГЕН ЭМНЕ? 

Бул спиралдуу формадагы агрессивдүү бактерия адамдын организмине кир кол, булганган тамак менен суу, шилекей, идиш-аяк, өбүшүү аркылуу кирет. Бактерия 2 оорунун тең 75 пайызынын күнөөкөрү. Ал ашказанды байырлайт. Ал ашказанга барып түшкөндөн кийин анын былжыр катмарын тешип кирип, тегерегиндеги клеткаларды жеп баштайт жана ууларды бөлүп чыгарууга өтөт. Тешилип калган жер ашказандын туз кычкылынан жана тигилер бөлүп чыгарган уулардан улам сезгенип, жара пайда болот. Бактериялар бара-бара былжыр катмарынан булчуң катмарына өтүп, андагы кан тамырды да жей баштайт. Кан тамыр жарылганда кан кусуу, ичтен кан кетүү күтүлөт.

 

2 ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ КУСУУ, АРЫКТОО

2 дарттын белгилерине төмөнкүлөр кирет:

• Ашказандын оорушу. Оорутуу ашказанда жара болсо тамак ичкенден 30-60 мүнөттө, 12 эли ичегинин жарасында тамак ичкенден 2-3 сааттан кийин же түн ичинде башталат.

• Кусуу

• Зарна болуу

• Оозго сары суу келүү

• Майлуу тамак ичкен соң май кылгыруу

• Арыктоо

• Бычак сайгандай катуу оорутуу, бүрүшүп отуруп калуу, кан кусуу, ичтен кан кетүү, чалкалап жата албай калуу (жара жарылгандагы белги)

• Курсак көңдөйүндөгү ириңдөө (жара жарылып, кан кеткенден кийинки абал)

ДИАГНОСТИКА

• Гастроскопия

• Рентген

• Кан, заара анализдери 

ДАРЫЛОО

Оору өтүшүп кетпеген болсо, ашказандын кычкылдуулугун төмөндөтүп, булчуңдарынын жыйрылуусун азайтуучу дары-дармектер, физиопроцедура, диета, хеликобактер пилориге каршы антибиотиктер сунушталат. Оору татаалдашып кетсе, операция жасалат.

ДИЕТА

Жеп-ичүүгө сунушталат:

Сууга бышырылган уйдун эти, боору жана майлуу эмес балык, кургатылган нан, сүттөн жасалган суюк тамактар жана ботко, жашылчадан суп-пюре, айран, пюре түрүндөгү ашкабак менен сабиз, банан, кыям, сүттөгөн чай, компот. Күнүнө 6-8 жолу аз-аздан тамактануу зарыл. Жей турган тамак өтө муздак да, өтө ысык да болбошу шарт.

БАШ ТАРТУУ КЕРЕК:

Туздалган, сүрсүгөн, консерваланган жана ышталган азыктар, кара нан, тез даярдалуучу тамак-аштар, анын ичинде фаст-фуддар, шоколад, томат соусу, мурч, калемпир, кычкыл жемиштер,  газдалган суусундуктар, кофе, майлуу эт жана балык, каймак май, жумуртка, бадыраң, баклажан, козу карын.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1226, 19-25-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан