(Башы өткөн сандарда)
Камчы үчүн баары бир тынчсыздана бердим. Аны менен мамилелеш болгон аялды таап, сүйлөшмөй болдум. Ичимдеги “коргоочу” Тамчы активдешип кеткендей эле, болбосо менин эмне ишим бар? Мурун апамды да ар түрдүү жамандыктардан коргочу элем, ал “баатыр кызым” деп кучактап жылмайып калчу. Ага адилетсиз мамиле жасагандарды барып катыгын берип келчү элем. Эмнеден экенин билбейм, менде бирөөлөрдү куткаруу сезими күчтүү эле. Илимди да куткарам дегеним үчүн ал менден качып кетпедиби. Куду бул дүйнөгө келген миссиям бирөөлөрдүн жарасын айыктыруу, куткаруу болгондой. Кээде бул жоругума күлкүм келер эле, бирок мүнөз Кудайдан берилет тура. Бул мүнөзүмдүн алдында да алсыз элем.
Азиза деген аял экен. Аны социалдык тармактардан таап алып, бир күнү жолугууга бардым. Эшик ачылганда көз алдымда турган аялга бир саамга тигилип калдым. Ал өз жашынан алда канча жаш көрүнөт экен. Бир башкача адамды элестетип барып алган жаным көзүмдү бакырайтып туруп калдым. Жаш баланын алдап башын айланткан аял эмес, назик аял турган эле. Узун, кара чачтары ийинине төгүлүп турган. Жүзүндө ашыкча боёк жок, бирок өзүнө жарашкан жарашыктуу келбети бар эле. Көздөрү терең жана токтоо көрүнүп, көп нерсени башынан өткөргөн адамдай сезилди.
Ал өзүн ишенимдүү кармады. Үнү жай болсо да, ар бир сөзү так угулуп турду. Кымбат көрүнгөнү менен, көзгө урунбаган жөнөкөй кийим кийип алыптыр. Анын жанында турганда өзгөчө салмактуулук сезилди, жулунуп барган жаным сүрдөй түштүм.
Ошол учурда мен Камчынын эмнеге ага тартылганын бир аз түшүнгөндөй болдум. Ал сулуу болгону үчүн гана эмес, өзүн ишенимдүү кармаган, акылдуу жана сырдуу аялдай көрүнчү. Бирок анын көздөрүнүн түпкүрүндө жашырылган кайгы бардай сезилди. Мен ошол кайгынын себеби эмне экенин ойлоп кеттим.
– Сизби Азиза?
– Ооба, сен Тамчысың, туурабы? Кир.
Үйгө кирдим, маңдай-тескей отурдук.
– Менин эмнеге келгенимди билесизби?
Аял мага жай гана карады.
– Камчы үчүн.
– Демек, билесиз.
– Болжолдодум.
– Сиз андан он бир жаш улуу экенсиз.
– Ооба.
– Бул сизге кызык көрүнбөйбү?
– Жок.
– Мага кызык көрүнүп жатат, бирок анын келечеги сиз менен болушу мүмкүн эместей сезилип жатат.
Аял акырын жылмайды.
– Сен анын эгизи болгондуктан тынчсызданып жатасың.
–Мен аны коргогум келет.
– Мени коркунуч деп ойлойсуңбу? Менден коргоштун кереги жок. Ага жакшылык гана каалайм.
– Мен сизди тааныбайм.
– Тааныбай туруп анда эмне үчүн мени айыптап жатасың?
Бир азга унчукпай калдым. Такала түштүм.
– Анткени Камчы сизге жолукканы өзгөрүп кеткендей. Мага бул коркунучтуу сезилип жатат. Ага шектүү адамдар келет, акчасы дайыма толтура, бирок кайда иштейт экенин айтпайт. Ушунун баарына сиз күнөөлүүсүз!
– Ал менден мурун эле өзгөргөн.
– Сиз анын кандай иштерге аралашып жүргөнүн билесизби?
Аялдын жүзүндөгү жылмаюу жоголду.
– Билем. Өтө кооптуу иштерге аралашып алды. Бирок бул мага чейин эле болгон окуя эле да.
– Анан дагы эле жанындасызбы?
– Ооба.
– Эмне үчүн?
– Анткени аны баары таштап кеткенде да бирөө жанында болушу керек. Ал кулап бара жатканда сактап кала турган бири болгону дурус деп ойлойм.
– Сиз аны сактап кала албайсыз.
– Балким. Бирок аракет кылбай коюу андан да жаман.
Мен анын көздөрүнө карадым. Калп айтып жаткандай көрүнгөн жок.
– Сиз аны сүйөсүзбү?
Аял дароо жооп берген жок.
– Ооба, сүйөм.
– Алчы?
Бул жолу ал катуу күлүп жиберди.
– Бул суроону мага эмес, Камчыга бериш керек.
– Эгер анын жүрөгү оорусачы?
– Анда мен да ооруйм.
Ошол жооп мени күтүүсүз кармады. Мен бул аялды жактырбай келгем. Бирок анын үнүндө жасалмалуулук жок эле. Аргасыз башымды салдым.
– Мен сизге ишенем деп айта албайм,- дедим акырында.
– Ишенбе. Болгону мени душман көрбө.
Экөөбүз бир нече секунд үнсүз карашып калдык.
– Камчы менин бир тууганым, аны жоготкум келбейт.
– Мен дагы, Тамчы. Мен дагы жоготкум келбейт.
– Камчы менен кантип таанышып калдыңыз?- деп сурадым.
– Москвада.
– Москвадабы?
– Ооба. Ал кезде мен жумуш менен ал жакта жүргөм. Жашоом тынч эмес болчу… Көп нерсени жоготуп, адамдарга ишенбей калган кезим эле.
– Анан Камчы пайда болдубу?
Аял жылмайып койду.
– Күтүлбөгөн жерден.
– Кантип?
– Бир күнү кечинде көчөдө өзүмдү жаман сезип калдым. Ачка элем, жумушум да оор болчу. Башым айланып, отура кеттим. Элдин баары өтүп кетип жатты. Айрымдар кайдыгер карап, айрымдар жөн гана күлүп карап өтүп жатышты. Бир гана Камчы менин жаныма токтоду.
– Чын элеби?
– Ооба. Ал мени таанычу эмес. Жардам берди.
– Бул үчүн эле сүйүп калдыңызбы? Кызыктай аргумент экен...
– Жок, Тамчы. Баары андан кийин башталды. Бир нече күндөн кийин кайра жолуктук. Анан дагы. Экөөбүз сүйлөшө баштадык. Башында жөн эле тааныштар элек. Кийин жашыбызга карабай бир топ орток кызыкчылыктарыбыз бар экенин байкадым.
– Камчы кандай болчу? Мен анын балалыгын да көрбөдүм. Биз кеч жолуктук да.
– Жалгыз. Ал ушунчалык жалгыз эле.
– Жалгызбы?
Жүрөгүм сайгылаша ооруп кетти. Анын жалгыздыгына мен күнөөлүүдөй элем.
– Ооба. Элге күлүп сүйлөгөнү менен, шайыр көрүнгөнү менен, ичиндеги кайгысын жашырчу. Кээде түн ортосуна чейин сүйлөшчүбүз. Ал өзүнүн коркууларын эч кимге айтчу эмес, бирок мага акырындап ишене баштады. Башынан өткөнүн айтып берди. Атасы түнт адам болгон экен, апасын өмүрү көрбөптүр. Сен тууралуу да көп айтчу. Бир күнү андан эмне үчүн дайыма башкаларды коргогусу келерин сурадым. Ошондо ал «мени коргой турган адам көп болгон эмес, мен ошондуктан башкаларды коргогум келет» деп жооп берген.
– Ошентип сүйүп калдыңызбы?
– Балким, ошол учурда башталгандыр.
– Жаш айырмасы тоскоол болгон жокпу?
– Болду.
– Анан?
– Мен биринчи болуп алыстаганга аракет кылдым.
– Эмнеге?
– Анткени бул туура эмес деп ойлогом. Ал жаш болчу. Анын алдыда бүт өмүрү бар эле. А мен эки жолу турмушка чыгып, кагылып-согулуп калган аял элем.
– Камчы эмне деди?
Аялдын көздөрү жумшара түштү.
– Ал «жашымды эмес, мени көрүңүзчү» деди. Чындап эле аны көрө баштадым. Кийин өзүм да байкабай өмүрүмдөгү эң чоң сүйүүгө жолукканымды билдим. Катуу байландым. Бирок бул ага жабышып, айла-амал менен жанымда кармоо эмес. Тескерисинче, мен анын жанында көлөкө катары эле кала алам. Ал качан болсо жашоосун куруп кете алат. Сүйүп туруп ал адамды бирөөгө берүү ар ким үчүн оор. Бирок мен ошого даярмын. Камчы бактылуу болсо, мен үчүн эң чоң бакыт ошол. Мен сүйүү менен көпкө чейин күрөштүм. Бирок жүрөк кээде акылдан күчтүү болот экен. Акыры бирге болдук. Кыргызстанга да чогуу келдик.
– Демек, сиз аны чындап сүйүп калдыңыз.
– Ооба, Тамчы.
– Эмнесин сүйдүңүз? Анда коколой башынан башка эч нерсеси жок. Ал эми сиз акылдуу жана сулуу аял экенсиз. Сизге романтикадан башка эмне бере алат? Акыры баары бир кетет экенин билет экенсиз.
Аял жооп берерден мурун терең дем алды.
– Анын эмнесин сүйдүм? Күчтүү көрүнүп туруп, ичинен жаралуу болгонун. Жаралуу болсо да, адамдарга болгон мээрими төгүлүп турганын, башкалар үчүн күйгөн жүрөгүн сүйдүм. Азыркы заманда андай адамды табыш жана кезиктириш оор. Канчалык оор болсо да, сүйгөн адамдарын таштабаганын бааладым. Балким, ошол сапаттарыңар экөөңөрдө тең окшоштур. Анткени бүгүн сен да бир тууганың үчүн ушул жерге келип отурасың. Туурабы?
(Уландысы кийинки санда)