Ашкабак данеги – көптөгөн витаминдердин, минералдардын жана пайдалуу майлардын топтомун камтыйт курамына. Күнүнө 30-40 грамм жесеңиз, организмге кандай пайда келтирет:
• Жүрөк жана кан тамырлардын саламаттыгы – магнийди таблеткалап ичүүнүн кереги жок, ордуна ашкабак данегин жеш керек. Анткени магний көп азыктардын катарына ашкабак данеги да кирет. Магнийден сырткары калий, аргинин кан басымды түшүрөт, кан тамырларды кеңейтип, атеросклероздун алдын алат.
• Тынч уйку жана бекем нерв – ашкабак данегинде триптофан аминокислотасы бар. Ал организмге киргенде “бакыт гормону” аталган серотонинге жана “уйку гормону” мелатонинге айланат. Натыйжада адам тынч уктап, болуп-болбогон нерсеге нерв болбой калат.
• Курамындагы көп өлчөмдөгү цинк эркектерде простатит оорусунун алдын алат.
• Кант көзөмөлдөнөт – кандагы канттын жана холестериндин деңгээлин көзөмөлдөп турат жана инсулинге сезгичтикти жакшыртууга жардам берет. Демек, кант диабети менен жабыркагандарга сунушталат.
• Тамак-аш сиңирүү – курамындагы өсүмдүк клетчаткасы ичегилердин жакшы иштешин шарттап, андан сырткары боорду тазалаганга да жардам берет.
Канча өлчөмдө жеш керек?
Калориялуулугу – 100 грамм данекте орточо 550 килокалорий бар.
Адистер ашкабак данегин күнүнө 30-40 даана же 50-60 граммдан ашык жебеш керек дешет.
Туз же башка татымалдар кошулуп куурулган данекте көптөгөн пайдалуу микроэлементтер жок болуп кетет. Андыктан табигый шартта кургаган же бир аз чийки маалында жегенде пайдасы көп. Ашкабак данегин ботколорго, салаттарга, кондитердик азыктарга да кошуп жесе болот.