Бүткүл дүйнөлүк метеоролигия уюму 2026-жылдын июнунан баштап жер шарына Эль-Ниньо климаттык кубулушу кайтып келгенин айтып чыкты. Ушуга байланыштуу Борбордук Азияда, анын ичинде Орто Азияда жайы менен күндүн өтө ысышы, нөшөрлөгөн жаандын, селдердин күтүлүшү мүмкүн экен. Эль-Ниньо деген эмне жана эмне үчүн селдер жүрүшү мүмкүн? Айтып беребиз.
Эль-Ниньо деген эмне?
Бул Тынч океандын экваториалдык бөлүгүндө суунун бетинин аномалдуу ысышы. Океан абдан чоң болгонго суунун бетинин ысышы шамалдын багытын жана атмосфералык басымды өзгөртүп, дүйнө боюнча аномалдуу аба ырайын жаратат. Мисалы, суу, сел каптоолордон тартып өтө кургакчылыкка чейин.
Кененирээк түшүндүрсөк, адатта шамал (пассат) чыгыштан батышка карай согуп, Австралия жана Азиянын жээктерине көздөй жылуу агымды айдайт. Анын ордуна океандын түпкүрүнөн муздак суу көтөрүлөт. Эль-Ниньо убагында ал шамалдар жайлайт же багытын өзгөртөт. Жылуу суу Түштүк Американын жээктерине кайтып, топтолот. Мунун айынан океан атмосферага жогорку температурадагы жылуулукту берип, планета боюнча аба массасынын агымын өзгөртөт. Натыйжада планета боюнча жылуулук көтөрүлөт. Австралия, Индия, Түндүк Америкада катуу кургакчылык жана токойлорунда өрттөр күтүлөт. АКШнын түштүгү, Перу, Борбордук Азия, анын ичинде Орто Азияда жана башка аймактарда жаан-чачын өтө көп болуп, катуу шамалдар болуп, сел күтүлөт.
“Ымыркай” экономикалык чыгымдарды алып келет
“Эль-Ниньо” испан сөзү, бизче “ымыркай” дегенди билдирет. Абанын жылуу агымы рождество майрамына жакын күтүлө турганын байкаган перуандык балыкчылар ага ушундай ысым ыйгарышкан.
Эль-Ниньо дайыма күтүлбөйт, болжол менен ар бир 2-7 жыл аралыгында кайталанат. Метеорологдор катуу жаан-чачын, катуу шамалдардын айынан таш, жер көчкүлөрдүн, бактардын кулоолорун, селдин болушун айтышат. Андыктан Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюму бүт өлкөлөрдү сел, кургакчылык кесепеттерине даяр турууга чакырат. Экономикалык чыгымдардан тышкары адам өлүмүнүн да күтүлүү коркунучу бар.
Селдин жолунда салынган үйлөрдү көчүрүү, селдин жолун тосуу үчүн бетон тосмолорду куруу, картайган бактарды кыйып жок кылуу жана башка жолдору каралышы керек. Айыл чарбасына келтирилген зыяндар элдин азык-түлүк менен камсыз болушун төмөндөтөт. Катуу шамалдан электр чубалгыларынаа күч келип үзүлүп, эл жарыксыз калуу учурлары да болушу ыктымал.
Эль-Ниньо 2023-жылы башталып, 2024-жылдын жайы эң ысык жылдардан болгон. 2027-жылдын жайы быйылкыдан да өтө ысык болушу күтүлүүдө.