Биз социалдык тармакта

Венера Назаралиева, ырчы: “АПАМДЫН КЫЗЫЛ КӨЙНӨГҮ ШАМАЛГА ЖЕЛБИРЕП ТУРАР ЭЛЕ”

“Апам мени азыр деле Вени, Венчик деп эркелетет, жолумду карап,  күлчөтайын  жасап алып күтөт” дейт ырчы Венера Назаралиева. Отурса-турса балдарынын бактысын, амандыгын тилеген энеси тууралуу айтып берди.  

 

“Апам ыйлаак мени көтөрүп жүрүп тиричилик кылчу экен”

– Ата-энем бизди, 5 баласын тарбиялап чоңойтту. Гүлнара, Элнура, мен Венера, Алтынбек, Жаңыл. Инимден кийин ага шерик кылып уул төрөйм деп, бирок кыз туулуп калганда “мен жаңылдым” деп атын Жаңыл коюптур. Баарыбызды ошол кездегидей бешикке бөлөп, алдейлеп ырдап чоңойткон. Эсимде, кичинебизде апам бизге "Жөжөлөрүм" деген ырды көп ырдап берчү. Аны угуп жүрүп жаттап алган биз да кошулуп хор менен ырдап калчубуз.

Апамдын айтуусуна караганда, мен жаагы тынбаган ыйлаак болупмун. Ыйлаганда да үнүмдү созуп ыйлачу экенмин. Менден кийинки инимдин курсагын тойгузуп коюп, анан мени көтөрүп жүрүп тиричилик кылчу экен. Ыйлаган үнүмдү уккан кошуналарыбыз ата-энеме “ушул кызыңардын бир жери ооруйт болсо керек” деп айтышкан кездери болуптур.  Анда апам “кызым ыйлабай эле ырдап жатат. Көрөсүңөр, кийин ырчы болот” деп койчу тура. Ошол айтканы кийин келди деп койбоюнбу.

Мен эркек балдардай чонойдум. Шок болчумун. Апамды кейиткен күндөрүм болду. Апамдын маанайы жакшы болгондо мени “Вени, Венчик” деп чакырчу. Эгер  тентектик кылып же бир нерсени бүлдүрсөм “Венера!” деп кыйкырчу. Анда урушка даяр болуп кирчүмүн үйгө. Азыр деле мени “Вени”, “Венчик” деп эркелетет.

“Колунан көөрү төгүлгөн уз”

– Апамдын аты – Тажикан. Кичүүлөр апамды “Тажи апа” дешет. Жаш кезинен тың, кийимди тандап кийген, шайыр, сулуу, акылдуу, иш билги аял. Таенем апамды “каранын тунугу, кашайган сулуусу” деп эркелетчү экен. Апам азыр 70тен өтсө дагы сымбатын, ажарын жогото элек. Айылда кадыр-барктуу, сөзү өтүмдүү аял.

Апам тиричилик үйүндө тикмечи, атам ыраматылык электрик болуп иштечү. Экөө “бир тыйындан курап үй-жай кылып силерди чоңойттук” деп калышчу. Экөө күндө эртең менен ээрчишип жумуштарына кетип, кечки убак келет. Биз аларды качан келет деп дөңгө чыгып алып күтөбүз. Ошол маалда азыр ойлосом апам 35тердеги кези экен. Келе жатканда кызыл жоолукчан апамдын жука кызыл көйнөгү шамалга желбиреп бир башкача ажарлуу көрүнчү. Ошол элеси азыр деле “апам” дегенде эсиме түшөт. 

Апамдын мүнөзү катаал да, жумшак да эмес. Эркелеткен учурда эркелетип, урушкан кезде урушуп  коёт. Атам ыраматылык орус мүнөз эле, жини келгенде апам аны жакшы сөздөр менен жайгарып койчу. Апам ишинде жаш тигүүчүлөргө устат болуп, көп нерселерге үйрөттү. Колунан көөрү төгүлгөн уз болгонго улуттук кийимдерден баштап, заманбап кийимдерге чейин тикчү. Кийин эле көп тикпей калды. Жүндү казанга салып боёп, анан дөрбөлжүн (шырдак) да жасачу. Абысын-ажын, сурангандардын баарына каалаганындай кийим тигип берчү. Азыр ойлосом, апам ошончо иштердин баарына тыңдыгынан жетишчү экен деп калам. 

“Союз тараганда бизди ачка калтырган жок”

– Коноктор келгенде мончобузду жагып түшүрүп, алар чыккычакты түрдүү тамактарды заматта жасай салып күтөр эле. Бизде тамак-ашты даамдуу кылып жасагандарды “колу гүл” деп коюшат. Апам да ошондойлордон. Биз  айрыкча күлчөтайын сүйүп  жечүбүз. Азыр да барып калсак, күлчөтайын жасап жаркылдап тосуп алат.

 Кийин апам биз бир нерселерден улам кейигенде “кичинеңерде 5 жумуртканы бешөөңөргө 5  күнгө жеткирип бактык элек. Эми тигил жок, бул жок дейсиңер” деп калчу болгон. Көрсө, там салып, үй-жай кылабыз деп  жүргөн учурда баарын үнөмдөп жеткиргенге аракет кылышкан экен. Апам эт жокто аш басса сууга бышкан жумуртканы үстүнө себелеп, суюк тамак кылса кошуп кууруган күндөрү болуптур эле.   

Союз тараганда эл бир топ кыйналды. Апам ошол кездерде үйдөгү буудайды тазалап жууп, күнгө жайып кургатып, тегирменге алып барып ун тарттырып келчү. Бизге нан жасап берип ачка калтырган жок. 

 “Апамдын аракети менен комуз үйрөндүк”

– Ата-энебиз бизди эмгекке жакын чоңойтушту. Талаанын да, үйдүн да иштерин жасаганга үйрөтүштү. Апам жаш кезинде ырчы болууну каалаган экен. Бирок турмушка чыгып ырдабай калганга ал тилегине жок дегенде бизди жетсин дептир. Ошого бизди музыкалык мектептин комуз ийримине бериптир. Комузубузду көтөрүп алып бирибиз эртең менен, бирибиз түштөн кийин барчу элек.  Улуттук кийимдерди түрлөп тигип кийгизип, музыкалык сынак, фестивалдарга кошо ээрчитип барчу.

Апам   мага “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Айсара кыздын арманы” дегендерден жаттатып, аларды комуз менен ырдап бергенимди жактырчу.  Ошентип жүрүп эле мени ырчылыкка такшалта бериптир да көрсө.

Атамдын орто билими болуптур. Кийин 4 балалуу болгондо жогорку билимдүү болом деп окуп калат. Апам “мени чиедей балдар менен таштап окуйсуңбу?” дебей, колдоптур. Атам окуусуна жөнөөрдө ак костюм-шымын, шляпасын кийип, колуна сумкасын көтөрүп жөнөп калат. Биз апама кошулуп аэропортко барып коштошобуз. Атам колун булгалаган бойдон кирип кетет.  Ошентип апам атамды ар тараптан колдогон сүйүктүү жар да боло алды.

“Кийин кор болбойсуңар деп жогорку окуу жайдан окутту”

– Апама окшош жактарым: келбетимдин окшошуп кеткени, чечкиндүүлүгүм, тыкан, таза экендигим, гүлгө жакындыгым, шар жүргөнүм. Бир иш баштасак коркпой баштап, аягына чыгарабыз.  

Апам убагында бизге, кыздарына     деп баарыбызды жогорку окуу жайлардан окутту. Менин кесибим башка  болсо да, ырчылык жол менен кеттим. 

“70тен ашса деле сымбаттуу”

–  Бизге эстелик болуп калсын деп апамды клиптериме, сүрөткө көп тартам. Сүрөттөрүбүздү социалдык баракчаларыма жүктөп калам. Ушундан улам мени тааныгандар апамды көргөндө да таанып саламдашып калышат. Азыр 70тен ашты. Бирок сымбаты ошол эле бойдон. “Сиз сулуусуз. Улуттук кийим, каада-салт жааттагы жарнамаларга сизди тартыш керек” деп калам. Ата-энебиздин баталары менен агарып-көгөрүп келе жатканга апамдын батасын көп алып калганга аракет кылам. Бат-бат чалып, ал-жайын сурап, белектеримди берип турам.

Иним 20 жашында кырсыктап дүйнөдөн эрте өтүп кеткен. Ошол кезде ата-энем өздөрүн абдан таштап жиберген. Атам ошондон көп ооруп, көп узабай кайтыш болуп кетти. Ошого азыр баарыбыз апабызга үйрүлүп, узак жашаса, оорубаса экен деп турабыз. Улуу эжемдин күйөөсү эрте кайтыш болгон. Ошол эжемдин уулун колуна алып калган, ал медициналык академияны бүтүп жатат. Апама Оштон көп кабаттуу үйдөн үй алып бергенбиз, ал жакта ошол небереси менен турат.

Жаш кезинде эле ден соолукка пайда деп көп жөө басчу. Азыр деле ошол адаты бар. Бир жерим ооруду деп калса, “апа, сиз 18дегидей элесиз. Оорубаңыз, 90дон ашып жашаңыз. Сизге али сыйыбыз көп” деп тамашаласам күлүп калат.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
karona
2026-06-22 14:22:00
Сонун! Онорун оркондой берсин!
0
№ 1226, 19-25-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан