Биз социалдык тармакта

"КӨК СЕРЕК" тасмасы тууралуу кызыктар

"Көк серек" – казак жана кыргыз чыгаандарынын колунан чыккан мыкты тасмалардын бири. Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов менен кыргыз режиссёру Төлөмүш Океевдин тандеминен ушундай мыкты тасма  чыккан. “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн Орто Азиядагы  тасма катары анын таржымалына токтолууну максат кылдык.

 

Кыскача мазмуну

Фильм жыйырманчы кылымдын башындагы казактардын талаа жашоосун көрсөтөт. Жетим бала Курмаш таякесинин үйүндө жашайт. Ал аңчылык учурунда табылган карышкырдын жаңы туулган бөлтүрүгүн үйгө алып келип багат. Бала бөлтүрүккө Көк серек деген ат коёт, балалык ишеними менен аны  короочу ит кылам деп ойлойт. Бала менен жаныбардын ортосунда байланыш пайда болот. Бирок  карышкыр өзүнүн жапайы табиятын унутпайт.

Адамдар аны коркунуч катары көрүп, коё берели десе Курмаш ыйлайт, болбой коёт. Акыры Көк серек талаага  качып кетип, убакыт өтүп, жапайы карышкырлардын башчысы болуп чыга келет. Бир күнү короого жаралуу болуп келген Көк серекти көргөн Курмаш кубанып, жанына чуркап барып адатынча башынан сыламакчы болгондо карышкыр балага тиш салат. Окуянын финалы – адам менен табияттын кагылышын көрсөткөн кайгылуу учур менен аяктайт.

Чыгаандарды топтогон тасма 

СССРдин Эл артисти Төлөмүш Океев 1973-жылы "Казакфильмдин" чакыруусу менен белгилүү жазуучу Мухтар Ауэзовдун чыгармасынын негизинде "Көк серек" көркөм тасмасын тартууга киришет. Андрей Кончаловский сценарийин жазган, бул дагы орустун көрүнүктүү режиссёр-сценаристтеринин бири эле. Тасмада Сүймөнкул Чокморов маанилүү ролдордун бирин аткарган. Ошондой эле таланттуу оператор Кадыржан Кыдыралиев да бул командада болгон. Ошентип жалаң чыгаандардын колунан чыккан тасма, кыргыз-казак кинематографиясынын эң күчтүү драмаларынын бири катары бааланып келет. 

Реализмге басым жасалган

"Көк серек"  СССРдин буюртмасы менен Кыргызстан жана Казакстандын киностудиялары аркылуу ишке ашкан. Фильмдин негизги бөлүгү Казакстан талааларында тартылган. Анткени көчмөндөрдүн жашоо шартын көрсөтүү үчүн табигый пейзаждар керек болгон. Кыргызстанда  болсо айрым эпизоддор жана тартуу базасы болгон. Съёмка иштерине кыргыз кино адистери тыгыз  катышкан. Тартуу иштеринде чыныгы карышкырлар колдонулган, жасалма эффект дээрлик болгон эмес. Режиссёр Төлөмүш Океев жаратылышты реалдуу көрсөтүп, адам менен табияттын конфликтин реалдуу берүү, жашоонун катаалдыгын сездирүүнү каалаган. Көзү тирүү кезинде Төлөмүш Океев ошол учурду мындай эскерген:

– "Көк серек" – менин эң оор фильмдеримдин бири. Анда ак кар, көк муз баскан тоодо, жапайы карышкырлар менен тартканбыз. Эгер мен 100 жашка чейин жашабай калсам, күнөөнү ушул тасмадан көргүлө. Бирок мен аны тартканыма эч качан өкүнбөйм. Бул эмгегим дүйнөдөгү эң мыкты кино сынчылардын сунушу менен "Оскар" сыйлыгына көргөзүлгөн. Ал тизмеде италиялык Федерико Феллини, япониялык Акира Куросаванын кино картиналары дагы бар эле. Андан башка "Көк серек" Италияда "Алтын альп бутагы" сыйлыгын жана башка фестивалдардан чемодан толо сыйлык, дипломдорго татыды,- деген өз убагында режиссёр.

Финалы эмнеге оор?

Бул суроону көптөр беришкен. Кино адистердин айтымында, бул жөн гана сюжеттик трагедия эмес, терең идеялык чечим. Курмаш Көк серекти жаныбар эмес, дос катары көрөт, ага ишенет, сүйөт. Бирок финалда ошол ишеним бузулат, бала өзү сүйгөн нерседен жабыркайт. Көк серек бөлтүрүк кезинде адамдардын колунда чоңойсо да, өзүнүн жапайы табиятын жоготпойт. Фильмдин финалы  “сүйүү жана ишеним бар болсо да, табият мыйзамын жана реалдуулукту жеңүү кыйын” деген ойду берет. Жаныбарлар тууралуу жөн гана окуя эмес, философиялык притча десек болот.

Айтматов жана Ауэзов 

“Көк серек” Мухтар Ауэзовдун чыгармасы болсо да, көп окурман же көрүүчү аны Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына окшош терең деп кабыл алат. Бул окшоштук авторлордун стилинен эмес, философиялык катмарлардын түзүлүшүнөн келип чыгат. Анткени экөө тең табият менен адамдын ортосундагы конфликтти бергиси келген. “Ак кеме” чыгармасында бала кандай таза дүйнөнү издеп кетип калса, бул чыгармада да бала жан дүйнөсү менен жакшылыкка жана сүйүүгө ишенет. Бирок эки чыгармада  тең ишеним да, сүйүү да талкаланып жок болгон. Бул жерде эки автордун тең бала дүйнөсүнүн аруулугун баяндагысы келгени байкалат. 

Фильм тууралуу кыскача

• Тасмага тартылган карышкырлар үйрөтүлбөгөн жапайы болгондуктан, тасманы тартуу абдан кооптуу жана татаал болгон. Төлөмүш Океев чыныгы жырткычтардын табиятын ачуу үчүн жаныбарлар менен иштеген атайын адистерди чакырткан.

• Тасма өз убагында чоң резонанс жаратып, СССРдин атынан Американын улуттук кино академиясынын «Оскар» сыйлыгына ("Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясында) көрсөтүлгөн.

• Тасма 1974-жылы Бакудагы Бүткүл союздук кинофестивалдын Башкы байгесин, Локарнодогу (Швейцария) эл аралык фестивалынын ардактуу дипломун алган.

• Камбар Валиев (кичинекей Курмаш)  башкы каарман бул ролу үчүн атайын калыстар тобунун дипломуна татыктуу болгон. Ал кийин да бир нече тасмаларга тартылган, бирок өмүрүн толук кино менен тыгыз байланыштырган эмес.

• Сүймөнкул Чокморов  бул ролу үчүн Бакудагы фестивалда «Эң мыкты эркек кишинин ролу» сыйлыгын утуп алган.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1226, 19-25-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан