Биз социалдык тармакта

30 ЖЫЛ НАДЯНЫН ИМИДЖИ МЕНЕН ЖҮРГӨН БАРБАРА БРЫЛЬСКА

“Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!” тасмасынын элге тартууланышы менен бүткүл СССРге таанымал болгон актриса Барбара Брыльска учурда Польшада тынч жашоо кечирет. Азыр да аталган жаңы жылдык тасманын “визиттик карточкасы”, көркү болгон актрисаны унута элек күйөрмандары көп. Бир учурда сулуулуктун эталону аталган Барбара айымдын жашоосунда трагедиялуу окуялар да жок эмес. Анда кино дүйнөсүнө сулуулугу, таланты менен салым кошуп кеткен айымдын жашоосунан сүртүмдөр...

Туулган жери: Польша, Скотники

Туулган жылы: 1941-жыл, 5-июнь

Жылдыз белгиси: эгиздер

Бою: 168 сантиметр

Тартылган белгилүү тасмалары: “Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!”, “Фараон” “Бумеранг”, “Сүйүү анатомиясы” жана башка

Сүрөтчү

Мурунку чыгармаларды окуганда каармандар “кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө төрөлгөн” деп сүрөттөлгөнүн көп эле байкайбыз. Барбара айымдын өмүр таржымалы да ошондой сүрөттөөгө ээ. Ал Польшадагы Лодзи шаарына жакын жайгашкан Скотники аймагында туулган. Ата-энеси жөнөкөй жумушчулар, атасы – слесарь, апасы – тигүүчү. 2 кызын катуу кармап, бекем тарбияда чоңойтушкан. Барбара айым мектепте пассивдүү, уялчаак кыз болгонун айтат. Кызыгы, көптөгөн күйөрмандардын жүрөгүн жаралаган сулуу айым мектепте келбетинен уялып, көп комплекстерден жапа чекчү экен. Кыздын жан дүйнөсүн ачкан сүрөтчүлүк эле, анын бул талантын байкап, ата-энеси көркөм сүрөт лицейине тапшыртышкан. Бир күнү лицейге режиссёрдун жардамчысы кирип калып, 15 жаштагы сулуу кызга көзү түшүп, аны “Бакыт көлөчтөрү” аттуу тасмага тартылууга чакырган. Мына ошондон кийин актриса болуу кыялы ойгонуп, лицейди аяктагандан кийин Лодзи шаарындагы театралдык окуу жайга ташырган экен. 

Советтик киного келүүсү

Поляк киносунда эмгектенди. Алгачкы ийгиликтүү ролу болуп 1966-жылы чыккан “Фараон” тасмасы эсептелет. Анда өтө чоң эмес, бирок көзгө көрүнүктүү каарман Каманын образын жараткан. Ал эми башкы ролду “Бумеранг” тасмасынан алып, бул долбоордон кийин чет элдик режиссёрлордон да чакыруу түшө баштаган. СССРге айтылуу жаңы жылдык тасмага тартылууга чейин эле келип, бир нече фильмге тартылууга жетишкен: “Бошонуу” сериалы, “Шаарлар жана жылдар” тасмасы.

Режиссёр Эльдар Рязанов “Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!” тасмасындагы Надянын ролу үчүн кастинг өткөрүп, көп орус актрисаларын жаратпай койгону маалым. Акыры режиссёрдун көзү Барбара Брыльскага түшүп, өзү телефон чалып чакырган экен. Кызыктуу факт: “Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!” Надянын ролун Барбара Брыльска аткарганы менен, анын үнү эч жерде жаңырган эмес. Тагыраагы, Надянын үнүн орус актрисасы Валентина Тальзина коштогон, ал эми Надянын ордуна Алла Пугачёва ырдаган. 

“Эмне мынча жакшы көрүшөт, билбейм”

Быйыл экранга чыкканына 50 жыл толгон “Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!” тасмасы тууралуу Барбара айымдын ойлорунан:

“Мен азыркыга чейин таң калам. Балким, орусиялыктар тасманын мен билбеген сырын билишеттир. А мен эмнеге мынча жакшы көрүшөрүн билбейм. Жыл сайын бир тасманы кайталап көрүүдөн тажап кетмекмин. Бирок бул Рязановдун эмгеги, жакшы эмгеги десек болот”.

“Сиквелдин тартылышына көз карашым түз. 30 жылдан кийин баягы банядан кайрадан жолугуу... Биринчи бөлүмдү көргөндөрдүн баары экинчи бөлүмдү көргөнгө ашыкты да, эмне болуп кетти экен деп. Андыктан экинчи бөлүм биринчинин аркасы менен ийгиликке жетти десек болот, демек, мында менин да салымым бар”.

“Ипполит же Женя? Тасмадагы Надя үчүн шыпыргынын алдында жүргөн боз чычкандай Женя кызыктуу болду окшойт, бирок мен өзүм Женяны тандабайт болчумун”.

“Мен жүзгө чукул фильмге тартылдым. Бирок алардын бири да “Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!” тасмасынын атагын багынта алган жок”. 

30 жылдык имидж

СССРде атагы чыккан актрисаны негедир польшалык режиссёрлор жактырышкан эмес. Өз мекенинде жумуш жок болуп, советтик, украиналык, югославиялык режиссёрлор менен иштешүүгө туура келген. “Надя көрөрманга ушунчалык жаккандыктан, режиссёрлор менден имиджимди өзгөртпөй жүрүүмдү суранышчу. Ошентип Надянын имиджи менен 30 жылдай жүрдүм окшойт. Мени көргөндөрдүн баары “Надя, Надя!” деп сөөмөй кезеп өтүшчү” деп эскерет Барбара айым.

Жеке жашоосундагы трагедия

“Надя менен такыр окшоштугум жок. Ага окшоп назик жан эмесмин” дейт актриса. Сулууну тегеректеген мырзалар көп болгон, мындай мүмкүнчүлүктү айым да колдон чыгарган эмес. “Сүйүү – бул бир секунддун иши. Мен бир көрүп, бир секундда адамды сүйүп калчумун. Күйөөлөрүмдүн баарына бир секундда сүйүп калып тийгем” деген ал 3 ирет турмуш куруп, бирок үчөө менен тең ажырашып кеткен. Үчүнчү күйөөсүнөн 1 уул, 1 кызы бар болчу. Бар болчу дегенибиз, кызы Барбара Космаль эне жолун улап актриса, моделдикти жаңыдан багынта баштаган кезинде, 20 жаш курагында автокырсыкка кабылып каза болгон. Кызынын өлүмүнөн кийин актриса депрессияга түшүп, 3 жылдан кийин гана өзүнө келгенин, уулу үчүн гана жашап калганын эскерген. Уулу Людвиг чоңоюп, үйлөнүп, апасын Шимон жана Якуб аттуу неберелүү кылган. Баса, кызына апасынын Барбара атын, уулуна Людвиг деп атасынын ысымын коюшкан. Үй-бүлөлүк трагедиядан кийин Барбара Брыльска кайрадан турмуш курууга аракет жасаган эмес, бүт дитин, көңүлүн неберелерине арнаган. Анын үстүнө көп убакытка созулган депрессиядан кийин ооруларды арттырып, ден соолугуна кам көрүп, тынч жашоо кечирет. Учурда актриса 85 жашта.

Орус бийлигине каршы

Орусия-Украина кагылышынан кийин Барбара Брыльска орус бийлигине кескин сын көз караштагы ойлорун айткан. Ал эмес, ден соолугунан кабар алып маекке чакырган орус журналисттердин сунушунан да баш тарткан. Ал эми орус тарап убагында өзүн популярдуу кылган өлкөгө каршы турганы үчүн актрисага нааразы, “ичкен кудугуна түкүрдү” деп.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1226, 19-25-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан