Биз социалдык тармакта

Асел Кадырбекова, ырчы: “6 ЖЫЛГА СОЗУЛГАН ТЫНЫГУУМ БҮТТҮ”

Белгилүү ырчы Асел Кадырбекова узак тыныгуудан кийин кайрадан чыгармачылыкка кайтты. Ырчы айым бул аптада “Супер-Инфого” кызыктуу маек куруп, жашоосундагы өзгөрүүлөр, сыноолор, жакындардын колдоосу тууралуу ачык айтып берди. Маек сизди кайдыгер калтырбайт, урматтуу окурман! 

– Асел айым, кандайсыз? Жаңы алган темир тулпарыңыз кут болсун!                       

– Саламатсызбы! Рахмат! Унаамды күтүп жаткам. Болгону айтылган убакыттан бир жума мурун тапшырылды. Бул унааны мага белек кылып сунушту, демөөрчүсү – апам. Бул жактан көпкө издедик, биз тандаган унаа ар кандай баада чыгып жатты. Косметолог Мээрим Давлетова эжекемдин жолдошу Кореядан буюртма берүүгө көмөк көрсөттү. Абдан ыраазымын!                                           

– Рулга отурбаганыңызга да көп убакыт болуп калдыбы?                                   

– Негизи, кырсыктан кийин рулга отурбаганыма алты жыл болуптур. Көпкө ойлонуп, толгонуп, кайрадан рулга отурууну чечтим. Башында апам көпкө чейин макул болбой жүрдү, эне да. Бирок жумуштан кеч кайтып, тойлорго жана тартуу иштерине барганда оор баштыктарымды көтөрүп кыйналганымды көрүп жүрчү. Таксиге да бир топ каражат кетчү. Ушунун баарын эске алып, акыры апам “Аллага аманатсың” деп батасын берди. Кайрадан рулга отурганда толкундануу, коркуу жана кубаныч аралаш сезимдер болду. Бирок убакыттын өтүшү менен өзүмө болгон ишеним кайра калыбына келди.                           

– Чыгармачылыгыңызда да узак тыныгуу болуп калды, сахнага кайтууда көнө албай кыйналган жоксузбу?                               

– Жакшы эле эс алдым окшойт. Мурда “кызым кичине, ал жерим, бул жерим ооруйт” деп шылтоо кылчумун, эми андай шылтоо калбады (күлүп). Төрт жыл бою оорукана, клиникадан башым чыккан жок. Бирок такыр эле дайынсыз болуп кетпейин деп анча-мынча инстаграмдан көрүнүүгө аракет кылып жаттым. Сахнага чыкпай жүрүп, кайра дароо аралашып кетүү кыйын эле болууда. Алты жыл аз убакыт эмес. Көч бара-бара түзөлөт эмеспи, баары жакшы болот деп ишенем.                             

– Чын эле аз убакыт эмес. Чыгармачылыкка көз карашыңыз өзгөрдүбү?    

– Чынын айтсам, өзүмдү чыгармачылыкка жаңыдан аралашып жаткан адамдай эле сезип жатам. Адегенде көптөн бери көнүп калган эски стилимде иштеп көрдүм, бирок элдин табити өзгөргөндөй. Ошондуктан чыгармачылыкта бир аз “перестройка” жасап, жаңы изденүүлөргө жана идеяларга орун берүүнү чечтим. Ар бир ырчы үчүн жаңылануу маанилүү болуш керек. Азырынча конкреттүү жыйынтык тууралуу айтууга эрте, баарын убакыт көрсөтөт. 

– “Агент Кадырбекова” долбооруңуз эмне себептен уланбай калды?                        

– “Агент Кадырбекова” берүүсү 10 ай УТРКдан жана менин Ютуб каналымдан берилип, 20 чыгарылыш менен аяктады. Келишимибиз бүттү. Берүүнүн өмүрү жакшы эле болду. Эгер телеканалдан дагы сунуш түшсө, жаңы идея менен башка долбоор алып чыккым келет.                          

– Күйөрмандарыңыз сизден жаңы ырларды, жаңы клиптерди күтүшсүнбү?                    

– Албетте, өз кезегин күтүп жаткан ырлар көп. Кээде чыгармачыл адамдарга сырттан да түрткү керек болуп калат экен. Сиздер ушинтип шаштырып, кызыгып сурап турбасаңыздар, балким, дагы эле жүрө бермекмин. Мен үчүн чыгарманын сапаты маанилүү. Эгер ыр көңүлүмө толбосо, ырдын үстүнөн дагы иштейм. Угармандарга жана күйөрмандарга жүрөгүмө жаккан гана чыгармаларды сунуштагым келет.

Жакында эле “Ак көпөлөк” аттуу ретро ырыма клип тартып бүтүргөнбүз. Тилекке каршы, тартылган видеолор кокустан өчүп калыптыр. Албетте, мындай жагдай өкүнүч жаратпай койбойт. Ошентсе да буйрук эмес тура деп кабыл алдым. Чыгармачылык жолдо ар кандай күтүлбөгөн жагдайлар болуп турат. Эң башкысы – көңүл чөкпөй, алдыга карай кадам таштайбыз. Жаңы идеялар менен күйөрмандарды кубантууга аракет кылабыз.                                           

– Кийинүү стилиңиз жөнүндө сурагым келет. Стилист менен иштешесизби?               

– Кийген кийимдеримди көбүнчө өзүм тандайм. Бирок келечекте жакшы стилист менен иштешип көргүм келет. Албетте, эл көзүндөгү адам келбетине, стилине кам көрүп турганы жакшы.                                                          

– Ырчылардын арасындагы жолугушуу, шерине дегендерден да көрүнбөй калдыңыз?                                      

– “Катташпасаң тууган да жат болот” деген жакшы сөз бар эмеспи. Акыркы беш-алты жыл ичинде бир гана кесиптештерим менен эмес, жакын досторум, тааныштарым менен да мурдагыдай көп байланышпай калдым. Балким, жашоонун агымы, чыгармачылыктагы тыныгуу же өзүмдүн обочороок жашоону тандаганым буга себеп болгон чыгар. Быйыл бул нерсе өзүмө да сезиле баштады. Жакшы адамдар менен байланышты үзбөй, катташып туруу керек экенин билем.                                    

– 30 жаштан кийин адамдын мүнөзү же көз караштары кандай өзгөрүүлөргө туш болот экен?                                        

 – Негизи эле көп сүйлөгөн адам эмесмин. Анан ызы-чуу, абдан “шумный” жерлерди анча жактыра бербейм. Акыркы жылдары өзүмө ыңгайлуу жашоо ыргагын таап алгансыйм. Балким, убакыт өткөн сайын өзүн жакшыраак таанып, эмне жагарын, эмнеден энергия аларын түшүнөт чыгар. Азыркы курагым жагат мага. Ички тынчтыкты жана жашоонун баалуулуктарын жакшыраак сезип калдым.                               

– Мисалы...                                      

– Жашоону баалай баштадым. Өмүр деген бир заматта токтоп калышы мүмкүн экенин көрдүм да. Өзүңдү бирөө үчүн отко салбоону, өзүңдү аяганды түшүнө баштайт экенсиң. Анткени сенин өз жашооң, кыялдарың жана бакытың бар.                      

– Сизге эң көп берилген суроо кайсы?            

– Көбүнчө жеке жашоом, чыгармачылыгым жана кийген кийимдерим тууралуу сурашат.                                           

– Сиз жооп берүүдөн тажабаган суроо? 

– Кызым тууралуу суроо. Бардык жетишкендиктеримден да анын күлкүсү, ден соолугу жана бактысы кымбат. Кызымдын бактылуу болушу – менин сыйлыгым жана башкы ийгилигим.                                

– Эгер жашооңуз тууралуу бир ыр жазылса, анын аталышы кандай болмок?         

– “Кайрадан учуу” аталышын тандамакмын – оор сыноодон кийин жаңы этапка өтүүнү, өзүңдү кайра табууну жана алдыга умтулууну билдирет.                        

 – Жашоодо сизге эмне көбүрөөк ырахат тартуулайт?                              

 – Тазалык. Үйдө гүлдөрдүн жайнап турганы жагат. Көз менен сүйөм. Кызымды курстарга алып барып келгенден ырахат алам. Жумуштарымдын так жүрүп турганын жакшы көрөм.                     

 – Бүгүнкү күндө жүрөгүңүзгө жакын үч нерсени атап берсеңиз?                             

– Биринчиси – мага кымбат болгон адамдар. Экинчиси – чыгармачылыгым. Үчүнчүсү – жан дүйнөмдүн тынчтыгы. Азыр ушул үч нерсе мен үчүн эң баалуу болуп турган учур.

Мээрим Дербишалыева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1226, 19-25-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан