«СЕН КЕРЕМЕТСИҢ» ТАСМАСЫ КИМДЕРГЕ АТАК АЛЫП КЕЛГЕН?

Учурда ар бир кыздын чөнтөк телефонунан корей актёрлорунун сүрөттөрүн көрүүгө болот. Корей сериалдарынын күйөрмандары үчүн бул жолу “Сен кереметсиң” тасмасы тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Тарткан өлкө – Түштүк Корея
Тартылган жылы – 2009-жыл
Режиссёру – Хон Сон Чхан
Жанры – Мелодрама, комедия
Башкы ролдордо – Чжан Гын Сок, Пак Син Хе, Чжан Ёнг Хва, Ли Хон Ки

ТАСМАДАГЫ УЧКУЛ СӨЗДӨР

  • «Сүйүү үчүн эч ким күнөөлүү эмес. Бул китепте “сүйө албаган жүрөк күнөөлүү” деп жазылыптыр. Демек, мен күнөөлүү эмесмин».
  • «Эмне үчүн муну кылдым? Анткени мен аябай ачууланып кеттим. А эмнеге ачууланып кеттим? Бул жинди кызды мен токтотуп калбасам, Канн Шинуга бармак. Баса, эмне үчүн мен токтоттум? Себеби анын кыйналышын каалабайм. А эмне үчүн мен анын кыйналышын каалабайм? Демек, мен... аны... жок, жок, мүмкүн эмес!»
  • «Сен караңгы жакта жашынып турасың. Мага кайрылгың жокпу? Сооп болуптур! Мен да сенсиз жашай алам. Мен сенсиз сопсонун жашайм. Мен сенсиз... Мен сен жок... Кечир, баары бир мен сен жок жашай албайм!»

КЫЗ ЖИГИТКЕ АЙЛАНГАНДА...
Өзүн өмүр бою кечилдикке арнаган бийкечтин тагдырын эмне өзгөртүшү мүмкүн? Албетте, жагдай. Ко Ми Нёнун эгизи Ко Ми Нам атактуу “A.N.Jell” тобуна кабыл алынганы жатканда кырсыкка кабылат. Экөө тамчы суудай окшош болгондуктан, топтун продюсеринин жардамчысы Ко Ми Нёго аз убакытка эгизинин ролун ойноп, топко кирүүсүн суранат. Агасынын ролун ойноого аргасыз болгон ал алдында эмне күтүп турганын билбеген эле. Ко Ми Нёнун чач жасалгасын өзгөртүп, көкүрөгүн чүпүрөк менен таңып, “эркекке” айлантышат.
“A.N.Jell” тобунун курамында үч жигит бар болчу. Лидери Хван Тхе Ген мурдун көтөргөн жигит болсо, Канн Шину токтоо жана мээримдүү, Жереми шайыр, бала кыял болчу. Убакыттын өтүшү менен Ми Нёнун бийкеч экени билинет. Алгач достуктан башталган мамиле өсүп, үчөөнүн тең жүрөгү Ми Нё деп сого баштайт. Кызыгы, кыз мээримдүү Шинуну, шайыр Жеремини эмес, өзүнө орой мамиле жасаган Хван Тхе Генду жактырып калат. Менменсинген Тхе Гендун да талуу жери бар эле. Ал таланттуу ырчы айымдын баласы экенин жашырып жүргөн. Кичинесинде бир композитор үчүн таштап кеткен энесин жек көрөт. Тагдырдын тамашасын караңыз, энеси сүйгөн композитор Ми Нам менен Ми Нёнун атасы болот. Акыры чыныгы Ми Нам келип, кыз топтон кетет.
Канн Шину менен Тхе Ген ортосунда кыз жүрөгү үчүн тымызын күрөш жүрөт. Сүйүү үч бурчтугу көрөрмандарды бир топ убакыт кыйнаганы менен, акыры Тхе Гендун пайдасына чечилет.

“МЫКТЫ ЖИГИТТЕРДИН” СЦЕНАРИЙИНИН КӨЧҮРМӨСҮБҮ?
“Сен кереметсиң” тасмасы чыккандан кийин “тасма “Мыкты жигиттер” тасмасынын көчүрмөсү” деген сындар айтыла баштаган. Аталган тасмалардын сценарийлери, чындыгында, окшош. Ошондой эле келишкен жигиттер жана кедей кыз. Режиссёр бул сындарды четке каккан. Анын айтуусунда, сценарийди Кореянын белгилүү ырчы айымы жазган. Ал башынан өткөн окуяны жазып, режиссёрго сунуш кылат. Бирок сценарийдин негизги өзөгү калтырылып, башка эпизоддор кошулат. Фильм чыкканда башкы каармандардын ролун аткарган Чжан Гын Сок жана Пак Шин Хеге өтө көп жарнамага тартылууга сунуш түшөт. Алардын өбүшүп турган эпизоду сайтка жүктөлөт. Бул видео үчүн миллион адам сайтка комментарий жазышкан. Көпчүлүгү Гын Сокту кызганып, Пак Шин Хеге жаман сөздөрдү арнашкан. «Сен кереметсиң» тасмасынан кийин актёрлор жылдыз даңкын алып, аркасынан репортёрлор ээрчий башташкан.
Кошумчалай кетсек, жакында Пак Син Хе менен Чон Ен Хва (Канн Шину) чогуу “Фестиваль” аттуу тасмага тартылышмакчы.


Чжан Гын Сок,
(Хван Тхе Гендун ролунда)
Туулган жылы – 4-август, 1987-жыл
Туулган жери – Түштүк Корея, Пусан шаары
Бою – 182 см, салмагы – 63 кг
Жылдыз белгиси – Арстан
Хоббиси – Аң уулоо, ырдоо
Кесиби – Модель

Гын Сок үй-бүлө­сүндө жалгыз бала. Аны кичине кезинде ата-энеси үйүнө кардар болгон теледеги таасирдүү адамдын сунушу менен моделдик мектепке берүүнү чечкен. Ошентип, Гын Сок 6 жашынан модель катары өз кирешесин таба баштайт. Орто мектепти бүтө электе япондордун белгилүү бир тобунун ырларын угуп калып, катуу таасирленет. Натыйжада япон жана англис тилдерин үйрөнөт. Бийкечтердин көзүнө чоң маани берет.


Пак Шин Хе
(Ко Ми Нё менен Ко Ми Намдын ролунда)
Туулган жылы – 18- февраль, 1990-жыл
Туулган жери – Түштүк Корея, Пачжу шаары
Бою – 163 см, салмагы – 45 кг
Жылдыз белгиси – Суупери
Хоббиси – Балык уулоо
Кесиби – Модель

Пак Шин Хе таланттуу үй-бүлөдө туулган. Анын апасы жаш кезинде мыкты ырчы болгон. Өзү 2003-жылы клипке тартылуу менен коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алган. Эң биринчи ролунда картаң аялдын ролун ойноо менен көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Учурда ал бир канча косметикалык фирманын өңү катары таанылып келет. Моделдик бизнеске аралашкан ал тасмага тартылууга убактысы тартыш экенин айтат.


Чжан Ёнг Хва
(Канн Шинунун ролунда)
Туулган жылы – 22- июнь, 1989-жыл
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары
Бою – 180 см, салмагы – 65 кг
Жылдыз белгиси – Бөйөн
Кесиби – Ырчы

Ёнг Хванын өмүр баянында ата-энеси тууралуу эч кандай маалымат жок. Болгону, өзүнөн эки жаш улуу агасы бар экени белгилүү. Ёнг Хва музыкага жакын. Мектепте окуп жүргөндө эле музыка менен “ооруган” төрт жигитти чогултуп, топ түзгөн. Алгач “C.N. Blue” тобу көчөлөрдө ырдап жүргөн. Кийин Японияда ийгиликтерге жетишип, мекенине кайтып келишкен. Канн Шинунун образы – кинодогу биринчи ролу. Чыныгы жашоодо актёр тасмадагыдай мээримдүү эмес, түнт адам дешет.


Ли Хон Ки
(Жереминин ролунда)
Туулган жылы – 2-март, 1990-жыл
Туулган жери – Түштүк Корея
Бою – 178 см,
салмагы – 60 кг
Жылдыз белгиси – Балык
Жакшы көргөн түстөрү – Сары, жашыл, ак
Кесиби – Ырчы, актёр

Ли Хон Ки кичине кезинен эле киного тартылып жүргөн. Балдарга арналган тасмада тартылып, кийин ырчы болууну чечет. Ал жашоодо шайыр адам. Айтымында, жетпей калган максаты болгон эмес. Бою узун кыздар менен сүйлөшкөндү жакшы көрөт. Экинчи жолу төрөлсө, спорт чебери болгусу келерин айтып келет.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Juma5
2011-03-18 22:23:41
бул кинону интернеттен кайсыл жерден корсо болот экен билгендер барбы
+1
babahan
2011-03-18 22:42:23
Rutracker.org degen saittan orusca subtitry menen koro alasyz.
+1
lider-kg
2011-03-18 23:41:00
Биздин кыргыз балдарды жасап койсон мынданда сулуу болот бирок эркекче журолу МАНАСТЫН братишкаларыбызда
+1
lira
2011-03-19 10:21:40
Baardygy ele kyzdarga okshosh go???
+1
mek
2011-03-19 13:57:19
klassssnyi serial vsem sovetuuu)))
+1
mek
2011-03-19 13:58:08
Janel Kairylbaisyn degen yryn ushul serialdan algan:((
+1
elyanura
2011-03-19 16:04:55
вообще классное кино просто супер кино и еще комедия
+1
meeaki
2011-03-20 02:35:12
Сонун фильм
+1
meerime
2011-03-22 01:14:55
Jash bolushsa da koptogon iigilikterge jetishishiptir ,azamattar!
-1
№ 437, 18-24-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан