Биз социалдык тармакта

БАТ УКТООГО ЖАРДАМЧЫ 6 СУУСУНДУК

Орусиялык врач-сомнологдор “уйкуга көп факторлор, анын ичинде биздин ичкен суусундуктар да таасир этет. 6 суусундук бат уктап калуубузга жардам берет” дешет. Эмесе жатарда эмне ичүүгө болот?

“Алтын сүт”. 1 стакан жылуу сүткө 1 чай кашык куркума кошуп ичүү керек. Бул суусундуктун антидепрессивдүү касиети болгонго адамдын дене-боюн жазып, мээни тынчтандырып, жакшы уктоого шарт түзөт. Чыгыш медицинасында бул суусундук артрит, ичеги ооруларынан кутулууда да колдонулат. Уктаардан жарым, бир саат мурун ичүү сунушталат.

Ромашка чайы. Бул чай чаңкоону гана кандырбастан оорутууну басуучу, мээни тынчтандыруучу, уйкуну жакшыртуучу касиетке да ээ. Дарыканалардан даярын сатып алууга же талаадан терип келип кургатып колдонууга болот. Кадимки чайдай кылып эле демдеп ичесиз. Муну кош бойлуу жана бала эмизип жүргөн аялдар да ичсе болот. Зыяны жок.

Жалбыз кошулган чай. Жалбыз нервди тынчтандырып, дене бойду жазат. Мындан тышкары антисептикалык касиети бар. Кыжырданып жатканда ичип алсаңыз, эмоцияңызды башкарууга жардам берет. Жалбыздын курамында эфир майы болгондуктан чай ароматерапия катары да пайдасын тийгизет.

Жылуу сүт. Мындай сүткө бал же мисте, бадамды талкалап майдалап алып кошуп ичсе болот. Мисте менен бадамдын курамындагы триптофан заты организмге киргенде кубаныч гормону болуп эсептелген серотонинди бөлүп чыгарат. Ушундан улам маанай жакшырып, адамдын жини таркай түшөт. Серотонин уйку гормону – мелатониндин иштелип чыгышын да шарттайт. Бул батыраак жана жакшы уктоого өбөлгө түзөт. Триптофан анын үстүнө организмде B3 витаминине айланып, зат алмашууну жакшыртат. Эгер сиз лактозаны (сүт канты) көтөрө албасаңыз, анда сүттү ичпей эле койгонуңуз жакшы.

Эгерде бадамды майдалап отурбай 15 чактысын жеп, артынан сүт ичип койсоңуз деле жогорудагыдай таасир берет.  

Алча ширеси. Мындай шире нервди тынчтандыруучу, бат уктатуучу, сезгенүүгө жана оорутууга каршы жөндөмгө ээ.

Аталгандардын бирин 2 апта катарынан ичип көрсөңүз, жыйынтыгын ачык сезесиз. Баарын же 1-2син аралаштырып ичүүнүн кереги жок. Анткени кайсынысы жакшы таасир этерин билбей каласыз.

Уктаар алдында эмнелерди ичпөө керек? Кофе, чай, энергетик, таттуу  суусундуктар жана ичимдикти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1227, 26-июнь-2-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан