Биз социалдык тармакта

ЫСЫК ӨТСӨ, ТЕРИ КҮЙСӨ, ТАРАМЫШ ТҮЙҮЛСӨ ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Учурда жайкы каникул, эс алуу мезгили. Көпчүлүк үй-бүлөсү менен эс алууну пландайт. Статистика көрсөткөндөй, жылдын ушул мезгилинде ысык өткөрүп алуу, циститке, отитке жана башка ооруларга, жаракаттарга кабылуу көбөйөт. Бул жаатта окурмандарды кызыктырган суроолорго адистер жооп беришет.

 

ТАРАМЫШ ТҮЙҮЛҮП КАЛСА... 

Сууга түшкөндө буттун тарамышы түйүлүп калган учур көп кездешет. Мунун бир топ себептери бар. Мисалы, көп чуркап булчуңдарга ашыкча күч келгенден, организмде суюктуктун жана калий, магний, натрийдин жетишпестиги жаралгандан, денени даярдабай дароо муздак сууга түшүүдөн болот. Муздак сууга түшкөндө кан тамырлар кескин ичкерип, кан айлануу өзгөрөт. Булчуңдарга кан, азык заттар, кычкылтек барбай калат да жыйрылып түйүлөт.

Эмне кылуу керек?

1. Бассейнде болсоңуз, бортуна акырын жетиңиз. Сууда болсоңуз тайыз жагына же жээкке барыңыз. Отуруп же туруп буттун баш жагын өзүңүз тарапка ооруганына карабай тартыңыз, жакшылап укалап жылытыңыз. Анан күнгө халат же сүлгүгө оронуп жылыныңыз.

2. Дубалга же мамыга кол менен сүйөнүп, тарамышы түйүлгөн бутту артка түз коюп, булчуңдар чоюлгандай кылып чоюш керек.

3. Дарыканаларда атайын гель сатылат. Баасы 200-300 сомдун тегерегинде. Муну суудан чыгып, бутту аарчып кургатуудан кийин колдонуу керек. 

4. Эгер тарамыш улам-улам түйүлө берсе, врачка кайрылыңыз. Бут түйүлбөшү үчүн сууну жана минералдык сууну жетишерлик деңгээлде ичиңиз. Курамында калий, магний, кальций бар азыктарды көбүрөөк колдонуңуз. Мисалы, банан, өрүк, жаңгак, сүт азыктарын.

КҮНДӨН КОРГОНУУ ҮЧҮН...

“Күндүн нуру ден соолукка пайдалуу” деген түшүнүк шарттуу түрдө гана туура. Анткени ультра сыя-көк нурлар белгилүү бир чекке чейин гана пайдалуу. Ал эми ашыкча тийген күн нуру терини күйгүзүп жиберет. Терини күйүктөн сактоо үчүн күндөн коргоочу кремдерди (SPF 30–50) өзүңүзгө жана балдарыңызга да колдонуңуз. SPF крем күнгө чыгардан жарым саат мурун калың сүйкөлөт жана денени 2 саатка чейин коргой алат. 2 сааттан кийин жуунуп, кайра жаңылап сүйкөө керек. Күнгө саат 11ден саат 16га чейин чыкпаңыз. Шляпа, кепка кийип, күндөн коргоочу көз айнек тагынуу зарыл! Ысыкта бат-баттан суу ичип туруу пайдалуу. Ачка жүрбөңүз, себеби ачка кезде ысык бат өтөт.

Эмне кылуу керек?

Күнгө күйүп, териңиз кызарып, ачышып калганда бөлмөгө баруу керек. Муздагыраак же бөлмө температурасындагы сууга 10-15 мүнөт түшүңүз. Бул теринин ысыгын басат. Сүлгүнү катуу сүрбөй, акырын, денени кургатуу үчүн гана сүртүңүз. Тери дагы эле нымдуу кезинде курамында алоэ вера же пантенол бар нымдандыруучу кремдерди же спрейлерди сүйкөңүз. Алар пантенол, бепантен, Д-пантенол, пантодерм, олазоль жана башкалар. Булар теринин кабырчыктанып кетишин азайтат. Күнгө күйүү денени суусуздандырат, андыктан күнүнө 2-3 литрден кем эмес таза суу ичип туруңуз. Дене тап көтөрүлсө нурофен, аспирин же башканы колдонууга болот. Буларды көлгө барардан мурун сатып алып даярдап коюу керек. Күнгө көп күйүп калсаңыз врачка кайрылыңыз. Күйгөндөн кийин денеде пайда болгон ыйлаакчаларды жарууга болбойт, инфекция кирип кетиши мүмкүн. Вазелин, кадимки майды сүйкөбөңүз. Алар теринин дем алышына тоскоол болуп, ысыкты ичинде сактап калат. 

ЫСЫК ӨТҮП КЕТСЕ...

Адамга ысык өтүп кетсе шалдырайт, кускусу келет, башы айланат, алтургай эс-учун жоготушу ыктымал.

Эмне кылуу керек?

Ысык өтүп, эс-учун жоготуп кулаган адамды дароо көлөкө жерге жаткырып, башына муздак сууга чыланган матаны басуу зарыл. Анан, албетте, “Тез жардамды” чакыруу шарт.

 

КУМ КИРИП КЕТСЕ...                   

Кичине кыздар кум жээкте ойноп жатып, жыныстык органына кум киргизип алган учурлар көп. Жыныс кынына 2-4 даана эле кум кирип кетсе да ачыштырып, өйкөп оорутат. Кан аралаш күлгүн суюктук келип башташы мүмкүн. 

Эмне кылуу керек?

Мындай кезде балдар гинекологуна же педиатрга же санаториянын врачына алып баруу зарыл. Алар текшерип, жыныс органын кумдан тазалап, фурациллин аралашмасы менен жууп беришет.

КУЛАК ООРУСА...

Көпчүлүк түшкөн сууда микроб, вирустар болот. Сууга чөмүлүүдө кулакка суу кирсе, суу менен кошо вирус-бактериялар да кирип, сезгенүүнү же өнөкөт отиттин козголушун жаратат. Андыктан сууга түшкөндө кулактын тешигин бүтөп, жаап туруучу каражатты колдонуу зарыл. Киринип бүткөндө кулактын ичин, тегерегин спиртке чыланган кебез менен сүртүү да сунушталат. Өнөкөт отити барлар жанына кулакка тамызуучу дары ала жүрүшү кажет.

Эмне кылуу керек?

Отитке каршы балдар жана чоңдор үчүн чыгарылган дары каражаттары бар. Мисалы, отипакс, софрадекс, бор кислотасы жана башка. Эскертүү: Буларды колдонууда врач менен кеңешүү талап кылынат.

ЦИСТИТ ЖАРАЛСА...

Сууга түшкөндөн кийинки ным купальник, плавки кийип жүрүү, үшүп калуу циститке кабылуу коркунучун жаратат. Бул ооруга чалдыкпоо үчүн суудан чыккандан кийин дароо душка түшүп, кургак кийимдерди кийүү зарыл. Балдардын муздак кумда отуруп ойной берүүсүнө жол бербөө керек.

Эмне кылуу керек?

Эгерде ичтин төмөн жагынын оорушу, бат-баттан заара ушатуу, заара ушатуудагы оорутуу, ачыштыруу, дене табынын көтөрүлүшү күтүлсө, бул цистит болушу мүмкүн. Анда кечиктирбестен доктурга (балдар урологго, кыздар гинекологго) кайрылуу зарыл. 

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1227, 26-июнь-2-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан